Кыргыз тилдүү журналистиканын стилистикасы боюнча алгачкы колдонмо жарык көрдү

jyrgaldyn_kitebiКыргыз тилдүү журналистиканын стилистикасы боюнча алгачкы практикалык колдонмо жарык көрдү. Анын автору – белгилүү кыргыз журналисти Жыргалбек Касаболотов. Ал кыргыз журналистикасынын стилистикасы боюнча маселелерди көтөрүп гана тим болбостон, анда көп кездешкен каталарды оңдоо боюнча өз кеңештерин сунуш кылат. Автор ар бир оюн жана кеңешин таамай мисалдар менен коштоп, окурмандар үчүн атайын көнүгүүлөрдү да иштеп чыккан.

Китеп сабактар түрүндө уюштурулган. Бардыгы болуп 12 сабактан турат. Алардын айрым аталыштары: “Сүйлөмдүн грамматикасы так сакталышына көз салгыла”, “Сөздүн ыгы”, “Сүйлөмдөр оозеки окулганда жеңил айтылгыдай болушу керек”, “Кыргыздын төл сөздөрү ж.б.д.у.с.

Бул китепчедеги материалдар мындан бир топ жыл мурун Бишкектеги «Журналисттер» коомдук бирикмесинин «Journalist News» гезитинде Жайнак Касымов деген тергеме ат (псевдоним) менен сандан санга жарык көргөн. Азыр ал автор сунуштаган көнүгүүлөр менен толукталып, айрым алымча-кошумчалары менен окурмандын колуна практикалык колдонмо түрүндө тийип отурат.

“Акыркы жылдары кыргыз тилиндеги басылмаларда келегей сүйлөмдөр, түшүнүксүз сөз айкалыштары, ыгы жок салыштыруулар көп кездешип жатканы эч кимге жашыруун эмес. Жазылган материалдардын арасында окурмандар оңой менен кабылдай албай тургандары толтура. Материаларды окуй келгенде көпчүлүк авторлор кыргызча эмес, орусча ой жүгүрткөндөй, башка тилдерден которгондой таасир калтырат. Кыргыз басылмаларындагы маалыматтар, макалалар көп окулбай жатканына алардын нукура элдик тилден алыстап, окурманды чоочун стиль менен кыйнаганы да себеп болсо керек”, – дейт китептин автору Ж.Касаболотов.

Кыргыз тилдүү журналистика менен алектенгендерге, ошондой эле келечекте журналист болгусу келгендерге бул китеп пайдалуу болот деген ойдобуз.

Колдонмо “Журналисттер” коомдук бирикмеси тарабынан “Internews Network” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен чыгарылды. Нускасы чакан – 300. Сатык баасы – 100 сом. Китептен түшкөн каражатка келечекте кыргыз журналисттери үчүн дагы бир маанилүү китепти чыгаруу болжолдонууда.

Китепти алгысы келгендер: Бишкек ш., Шота Руставели көч., 48/10 дареги, 56-34-63 телефону, же болбосо meri.bekeshova@gmail.com электрондук дареги боюнча кайрылсаңыздар болот.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Кыргыз тилдүү журналистиканын стилистикасы боюнча алгачкы колдонмо жарык көрдү

  • 18.04.2013 at 00:51
    Permalink

    Азыр китеп калдыбы? Эгер калса Бишкектен Ошко жибере аласыздарбы?

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.