Рыспай Абдыкадыров – Кыргыз музыка дүйнөсүнө ачылыш жасаган гений!

Жазуучу жана сүрөтчү Үсөн Сарыбаевге кат

Үсөн иним!

Сенин, өзүңдүн жердешиң – доорубуздун чыгаан таланты, кайталангыс, бирок карапайым, бала кыял, наристе мүнөз булбулу Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылык өмүрүнө арналган – “Эңсеген менин обонум” деген даректүү баяныңды окуп чыккандан кийин, кадыресе каниет алып,  чыйрала түштүм.

Сенин ар бир сөзүң жүрөктөн өзүнүн татыктуу ордун ээлеп, кыялымды көккө учурду. Рыспай менен кайрадан жолуктум. Ушул жалган дүйнөдөгү күнүмдүк көрөң-шөрөндөрдү унутуп, Рыспайдын гана Ааламында жүрдүм!

* * *

Ар бир обондун, же ырдын жаралуу тарыхына токтолуп, Үсөн Сарыбаев мында да биз үчүн ары кызыктуу, ары сейрек архивдик фактыларды жандуу окуяга айландырып, кадимки сүрөтчүнүн көзү менен, чечендик сөзү менен минтип айтат:

“Алмашым” деген ыр жаралгандан эле бийикке талпынып, жаандан кийинки көпкөк тунук асманда өзүнөн-өзү жаңырып, желпинип, наристедей баёо, шүүдүрүмдөй таза ниет менен калкылдап учуп ашыгын издеп көрөт. Таба албайт. Ай-талаада жалгызсырап, муңкана дирилдеп, аягында үмүт үзүп, бирок, кандайдыр салтанат-шаң коштоп, сүйгөнүнө жакшылык  каалап, элеп-желеп болуп көктөн жерге тамылжып-тамылжып түшөт”.

Чыныгы сүрөткер гана эзилип-эрип ушинтип жазат! Мында сөздүн керемети, сөздүн боёк­тору чоң зергердин жүрөк отунан жаралганы көрүнүп турат.

* * *
Үсөн иним, бири кем дүйнө деген ушул экен. Сен Рыспай акаң жөнүндө укканыңды уккандай, дандырдан жаңы эле чыккан ысык нандын илебиндей, өзүңдүн жалыныңды сүртүп керемет жазыпсың!

Баары жөнөкөй, баары турмуштун өзүндөй.

Бирок, Рыспайды ким ыйлатты?

Луи Арагон Чыңгыз агабыздын “Жамийласын” окуп алып таңгалгандай, мен да сенин Рыспай акаң жөнүндөгү баяныңды окуп алып, жашоого болгон кумарым ушунчалык  артты!

Сенин ар бир сөзүң сыйкырдуу, касиеттүү, керемет! Сен өз окурманыңды алаканыңа салып аздектеп, Рыспайдын махабатын өзүнүн музыка дүйнөсүнүн сырдуу, сыйкырдуу белестерин, биз көрсөк да көрө албаган белестерин алдыбызга жайып берип отурасың.

Бул китепти көңүл кош, кайдыгер болуп эч качан окуй албайсың. Ал ар бир окурманын Рыспайдын дүйнөсүнө – махаббат отунан тутанган музыка ааламынын сересине чакырып турат.

Художник, жазуучу – Үсөн иним!

Сенин чеберчилигиңе, зергерлигиңе дагы бир жолу ынандым!

Өзүң айткандай, дүйнө улам жаңыланып турарын, мыкты жаралган музыка өз доорунун адамдарына өтө жакын, балким, ошолордун өздөрү жөнүндө баяндаарын, алардын кыял-сезимин туйунтаарын карапайым элет адамдары кайдан билсин?!

* * *
Үсөн иним!

Сен бул жерде философиялык терең маанилүү ойду айтып, адабият менен искусствонун тармагында Рыспай акаңдай ачылыш жасап жатасың! Сенин Рыспай жөнүндөгү даректүү баяның ушул алтын эреженин алкагында – ар тараптуу, иштин күңгөй, тескейи жалпы каралгандыктан, ал өзүнүн окурманын таап, сага жакшы каалоо-тилектерди алып келип жатат.

Өзүң айткандай, көрсө, бул жарык дүйнөдө бардык нерсенин чеги, чени болот турбайбы. Жер-дүйнөнү дүңгүрөткөн бир кездеги “АББА”  болгону сахнада сегиз гана жыл өмүр сүрдү!

Анан чачырап чагылган ургандай, жок болуп кеткен! Эмне үчүн?

Анткени, башканы кой, алар менен сыймыктанышкан Стокгольмда, жалпы эле Швецияда өзүнүн бир боор эли алардын концертине басып келбей калган күн келип жеткен!

Отуз жолу оңкочок атып жүрүшүп, тыйындан тыйын кураган, акчанын кулуна айланган капиталисттик дүйнөнүн адамдары миң жолу уккан ырларын дагы угуш үчүн акчаларын жөн эле шамалга чачып жиберишпейт да?!

Ага караганда, Рыспайдын ырларынын көктөмү ого эле узакка созулду!

Бул көктөм бир кезде күзгө ордун бошотуп барып, кайрадан бажырая ачылып кетти.

Бул жолу түбөлүккө!

* * *
Кудайдын ушунусуна да шүгүр келтириш керек.

Бу тагдыр деген Кудайдын пешенеге жазганыбы, же адамдын өзүнүн жасаган кадамынын да салымы, тагыраак айтканда, таасири барбы?

Мезгил деген өз бийлигин өктөм, өкүм жүргүзгөн өжөр нерсе. Эртеңки күн деген пенденин карамагында эмес экен.

* * *
Ошентип биринчи китептин соңуна келип, өзүмдү жеңил сезип, жонумдагы оор жүктөн кутулгандай болдум.

Рыспай ыйлаган жерде ыйлап, кубанган жерде кубанып, бөлөк дүйнөдө – Рыспайдын музыка дүйнөсүндө жүрдүм.

Дегинкиси даректүү баян – тамаша эмес, көркөм чыгармадай эркин кайкып уча албайсың деп, өзүң айткандай, Рыспай тууралуу даректүү баянды жазыш үчүн, Рыспайдай болушуң, эч болбоду дегенде, музыка окуу жайынан билим алып, ишти анан башташың керек эле.

Сен анткен жоксуң. Сен адегенде сүрөт окуу жайын бүтүп, анан Рыспай акаңдын үйүндө жүрүп анын мүнөзүн, адамдык сапатын, дүйнөгө көз карашын үйрөнүп алгандан кийин, май боёк, карандаш менен анын сүрөтүн тарттың. “Саргая күтсөң, кызара бөртөсүң” дегендей, өжөрлөнүп иштей бердиң, иштей бердиң.

Телевизордон дүйнөлүк атак-даңкы бар аравиялык бир мусулман ырчы-композитор айтып жатпайбы:
– Адамдын каалоосу, үмүт-тилеги, дили, ой-санаасы – эшектин эле өзү! Убагында ноктолоп, арабага керегиңче чегип, жүк тарттырып, убайын көрбөсөң, ал талаалап, басып кетет. Дарегин таппай каласың,– деп.

Эмне деген керемет сөз?!

Тагдырдын тамыры ушул жакта болуп жүрбөсүн?!

Сенин эрдигиң – көксөгөн, көздөгөн максатка жетем деп, мезгилдин улуу сыноосуна туруштук берип, бардык кыйынчылыктарга туруп берген чыдамкайлыгыңда!

Сен көркөм сүрөт окуу жайын бекер окубагансың. Эгерде адабиятчылар күнүгө тийип-качып бир-эки сааттан иштесе, сен ал жерде күндөп-түндөп иштедиң. Колуң да, жонуң да жооруду дегендей. Бирок бир да жолу майышып, кайышып, кабагым-кашым дебестен иштеп, өзүң жасап жаткан ишиңден рахат алдың. Курчудуң!

Көрсө, ушунун баары чоң ишке – Рыспайдын дүйнөсүнө кирүүгө көрүп жаткан камылгаң, анан да улуу ишке улуу даярдыгың экен!

Мына эми, ошол ишиңдин мээнети кайтып, жемишин бере баштады. Биз болсо, сенин калемиңден жаралган жаназыгынан даам сыза баштадык.

Сенин жемишиңдин ширеси, даамы, жыты – кыргыз адабиятында – жаңылык!

Рыспай акаңдын таалим-тарбиясын жакшы алып, Рыспайдын рух дүйнөсү сага ыраазы болуп, ак батасын бергени сезилип турат.

Гапар Айтиев баштаган аксакал, айкөл, даанышман инсандар сага кеңешин айтыптыр. Сени Манас атабыз баш болгон ата-бабаларыбыздын руху колдойт экен!

Сенин өнөрканаңа Чыңгыз Айтматов өзү келип, тарткан портреттериңди өтө бийик баалап, ак-батасын бериптир. Мунун баары кокустук эмес.

Сенин өтө жөнөкөй, өтө жупунулугуң – бул сага Теңирден түшкөн Кут!

Кара-Кулжа жери, Кара-Кулжанын эли бөтөнчө го, чиркин! Сен ошол Кара-Кулжадан кыргыздын асманына атырылып учуп чыккан Ак Шумкарсың!

Сен ушул калыбыңдан жазбай, сүрөтчүлүк менен жазуучулук өнөрүңдү өркүндөтүп, өрдөн-өргө жүрүп отурсаң, айдыңдар ачыла берет!

Анткени, сенин талантың баралына келип, жетилген чагы.

Сенин тилиң – баланын тилиндей бал!

Тилиң кандай ширин болсо, сенин чыгармаң да ошондой ширин!

Сенден биз үлгү ала турган, үйрөнө турган көп нерселер бар.

Кудайым ошону кут кылсын!

Адам болом десең – атак-даңкты кууба. Атак-даңк сени куусун!

Атак-даңк өзүң айткан халтурщиктерге жарашат.

Сага окурмандарыңдын айткан каалоо-тилектери – ар кандай атак-даңктан, орден-медалдан өйдө турат!

Өзүң айткандай, эшектей иштеп, ошол иштеп жаткан ишиңден рахат алып бакытка чөмүлүп отурсаң, мындан ашкан да байлык-дөөлөт атак-даңк болобу?!

Пешенебизге жазылган беш күндүк өмүрдү – улуу максатка жумшап жандүйнөбүз бай, өзүбүз жылаңач жүрүшүбүз керек.

Биз өмүрдү өзүбүзгө эмес, Рыспайга окшоп – чыгармабызга, элибизге тилешибиз зарыл!

Буюрса, заман – оңолот. Кыргыздын түп­күлүгү жакшы болот.

Манасты, Чыңгызды жараткан элди – Теңир колдойт!

“Эңсеген менин обонум” деп китебиң айтып тургандай, дайыма жакшылыкты, жакшы нерселерди гана эңсейли. Элибизге, жерибизге эсендикти тилейли!

Сенин китебиң бул дүйнө түбөлүк эмес – утурумдук экенин эске салып Сагымбай менен Саякбай “Манас” айткандай, Карамолдо, Ныязалы, Атай күүлөрүн төгүп жаткандай, Мыскал менен Муса, Рыспай обону менен Ала-Тоо таңы аткандай сергүү берип, ой терметип кыял кушун көкөлөтөт.

Бар бол, иним Үсөн!

Саламым менен Биримкул Алыбаев, акын

“Кыргыз туусу”, 10.06.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.