Кубанычбек (Кожожаш) Садыков, касапчы: “Кыргыздар сөөккө көп таарынабыз”

Убакыт өткөн сайын “мал сойгонду билбейм” деп колун куушурган жаштар четтен чыгат. Бул кыргыз жигити үчүн уят нерсе. Чындап келсе, мал союу, жиликтеп-устукандап, мейманга тартуу өзүнчө өнөр эмеспи. Азыркы рынок заманында мына ошол жөндөмдү кесип катары пайдаланып, касапчылык менен үй-бүлөсүн багып келе жаткан заманбап касапчы жигиттер да бар. Заманбап касапчы дегенибиз, атайын чакыруу менен барып, өз кызматын ак өтөп, тойдун ээсин да, тойго келгендерди да кубандыргандар. Ошол касапчылардын бири, далай алкыштын ээси Кубанычбек САДЫКОВ менен касапчылык өнөр тууралуу азыноолак баарлаштык.

– Сиздин кызмат тейлөө кызматына кирет да, тойлордун башынан аягына чейин болосузбу?
– Ар кандай учурлар болот. Кээде башынан аягына чейин болсом, кээде союп берип коюп кетип калмай. Мисалы, айылдан келгендер той берсе бир жиликти экиге, шаардыктар бир жиликти төрткө бөлдүрөт.

– Акыркы учурларда мал союу ыкмалары көбөйдү дешет. Сиз кандай соёсуз?
– Негизи нукура кыргызча деп айтсам болот. Себеби, азыр көпчүлүк адамдар бодону жыккандан эринип, балта менен же болбосо тургузуп алып эле шилиге чоң бычак менен сайып салат. Бул арам деп айтылат. Алар деле мууздайт, мен нукура кыргызча дегеним ошол. Малды жыгып алып адалдап, бычак менен мууздап, жанын чыгарып балта менен терисин сыйрып, этти да ошо менен бөлөм. Башка адамдар колдонгон курулуш куралы болгарка менен сөөктү аралабайм. Андан сөөк майдаланып, этке аралашып калат.

Бодо малдын эти үчкө бөлүнөт: Биринчиси, куда-сөөккө, экинчиси, тууган-туушкандарга, сакалдууларга, үчүнчүсү, жалпы табак деп коёт, ал окшош болот. Мисалы, ар бир жиликтин аты бар. Сакалдуу кишиге моюн тийип калса нааразы болот. Мындай ойлой келсе моюн эти жиликтин этине караганда көбүрөк болгонуна карабай, эти аз болсо да аты улук жилик алгысы келет. Чындыгында ар бир жиликтин өзүнүн статусу бар. Этти тартууда да туугандык же куда-сөөк деген байланышка же улуу деген жаш куракка карап шыбагага ээ болот.

– Жети жылдан бери касапчылык кылып келет экенсиз. Кайсы чоңдордун тоюнда же жамандыгында кызмат көрсөттүңүз ?
– Эми чоңдордун баарысынын атын атоону туура деле көрбөйм. Бирок, көп эле жерлерге бардым. Барган жеримди нааразы кылбайм. Чоңдордун тойлору (беш жүз дөн ашык адам ) элинин көбү менен айырмаланат. Ага эки жылкы союлат. Карапайым адамдардын тойлорунда 250 адамдын тегереги болот. Жылкыны өздөрү сатып же туугандары алып келет. Кээ бир убактарда сатып ала турган болсо, бизди тандатат. Чын эле көпчүлүгү тандоону билбейт. “Жылкыны казысынан байка” – дегендей эки эли, үч эли чыккан союш мактоого алынат.

– Аймактардагы эт тартуу жөрөлгөсү ар түрдүү деп айтып келишет. Ушул жаатына токтоло кетсеңиз?
– Ар бир жерде ар кандай салттар бар. Мисалы, Чүйдө сый адамга куйрук менен баш тартат. Нарын, Көл, Ат-Башы тарапта башты кичүүсү алат. Анан кыз берген жак кудаларга баш бербейт. Анткени, бизден баш алды дешет. Таласта да башты сый адам алат. Оштук туугандар жиликти кээ бир гана аймакта устукан катары тартпаса, көпчүлүк жерлеринде маани беришпейт. Өзүм Ошто болбосом дагы атайын Оштон келип той бергендерден улам билем. Таласта кара кесек этти жука туурап, камырдан көбүрөк салып камырга көп басым коюшат. Этти жалпак туурап берсең ошого ыраазы болушат. Нарында туураган эт бергенде эттүүрөк кылып бербесең болбойт. Алар жилик албай калса таарынышат. Мындан жиликке таарынбаган чүйлүктөр. Буларга ар бир адамга шыбага берсең болду. Менин байкашымча Ош жакта этти көп ысырап кылышпайт. Бизде болсо бир тойго бир жылкы, жок дегенде үч койго чейин союлат, кыскасы ысырапкорчулук көп болуп кетет.

– Кыргызда айтылат го “май кармаган бармагын жалайт”- деп, өзүңүз союп, бөлүштүрүп жүргөндөн кийин кол кесер арттырасызбы?
– Бир адатым бар, өз колум менен эч нерсе албайм. Үй ээси ыраазычылык билдирип берсе алам, бербесе жок. Көпчүлүк ишенбейт, бир кишини кайтарттырып же үстүңөн бирөөнү каратып коёт. Эми адал оокат деген жакшы да катып алганды жаман көрөм.

– Күйөө баланы мал сойдуруп сынашат экен. Сиз кайын-журтуңузга барганда мал соёсузбу?
– Кайын-журтум мал сойдурбайт. Менден да кичүү күйөө балдар бар. Алар тейлешет. Бирок, көнүп алгандан кийин аралашып кетем. Тойго, конокко барсам деле казанга кандай чыгып кеткенимди байкабай калам.

– Чакыруу менен барасыз.Үйүңүздөн эмнени алып кетесиз?
– Өзүм чаар баштык деп коём ошол баштыкты алып барам. Ичинде эки түрлүү аркан, бирөө менен бутун тушасам, бирөө кээ бир убакта башын байлаганга керек болот. Үч бычак, эки балта бар.

– Жашыруун болбосо малды сойгон бааңызды айта кетсеңиз?
– Ар бир жүргөн күнгө жараша эсептелинет. Бодо малды 4000 сом же жүз доллар(ичеги-карындарын кошо тазалап ) койду миң сомдун тегерегинде акчага жасайм.

– Сизди бир сааттын ичинде бодо малды союп бүтүрүп салат деген чынбы ?
– Кээде ошондой учурлар болот. Жылкыны союп, ичеги-карынын жууп, жиликтеп да жетишем.

– Тойлордо көп жүрөт экенсиз. Эмнени байкай алдыңыз?
– Чоңдордун иши чоң да, аларды карап карапайым элдерге салыштырат экенсиң. Кээде карапайым элдер кафе, ресторандарга акчасын төлөп коюп, мага бергенге акчалары жок карыз болуп калгандар да болот. Мындайча айтканда ата-энелер жөн эле кыйналып жатканын көрөсүң. Албетте, келген коноктор өзүнүн жеген тамагын актайт жандарына 1000, 2000сом ала келет (бирок, белектерин товар түрүндө эмес, акчалай берип койгону туура) той ээси көп карыз болуп жатса аларды көргөндө аяйт экенсиң.

Назгүл ЭСЕНГУЛОВА, «Добулбас» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.