Кыргыз адабият таануусундагы маанилүү изилдөө

Буйрукка жараша, жакында Ү.Култаеванын “Кыргыз тарыхый романдарынын жанрдык өзгөчөлүгү” деген монографиясы колго тийип, аны дыкаттык менен окуп болгон соң, жеке пикиримди мага эски достой жаныма жакын болуп калган “Жаңы Кыргызстан маданияты” гезитине жиберүүнү туура көрдүм. Канткен менен да тагдырыбыз, тарыхыбыз бирге жүргөн эл эмеспизби, постсоветтик доордо ар кимибиз өз коломтобузду айланчыктап, карым-катыш солгундай түштү эле, илимий байланыштарды кайра жандантууга мезгил келди көрүнөт.

Бир кылымга тете убакыт коммунисттик идеологиянын туткунунда кармалып, кыргыз менен казак сыяктуу империянын көзүн караган элдердин улуттук адабиятында тарыхый темадагы чыгармалар саясий көзөмөлгө алынганын, өз тарыхыбызды да, тарыхый инсандарыбызды да даңктай албай, барктай албай келгенибизди өзүбүз эле эмес, “өзгөлөр” да жакшы билет. Мамлекеттик күнкорсуздук камсыз кылган жазуучулардын чыгармачылык эркиндиги ХХI кылымдан баштап, улуттук адабияттын бул “арманын” ачык айта баштагандыктан, көркөм чыгармалардын жанрдык диффузиясы, трансформациясы активдешип, алардын жаңы модификациясы жарала баштады. Ушул илимий маселени иликтөөгө алган Ү.Култаеванын монографиясы кыргыз адабият таануусунда жаралган өтө маңыздуу, маанилүү, керектүү эмгек экенин алгач белгилегим келет.

Биз совет өлкөсүнүн курамынан ажыраган соң, көп илимий иштер өз адабиятынын гана тар чөйрөсүндө каралып жатты эле. Бул монографияда илимий проблема шериктеш өлкөлөрдүн илимий-теориялык адабияттарын терең талдоонун (А.Н. Веселовский В.М.Жирмунский, Е.М.Мелетинский, Р.Д.Ленобль, М.Серебрянский, Р.Мессер, С.Петров, А.В.Гулыга, В.Д.Оскоцкий ж.б.); жана тектеш адабияттар боюнча корголгон кийинки диссертациялардын: А..И.Ахундов, (Азербайджан), З.В.Аветисян (Армения), Н.В.Билецкий (Молдавия), Прашкович Л.И. (Белоруссия), В.А.Бигуаа (Абхазия), И.П.Варфоломеев, А.Каттабеков, С.Машарипов, Г.Мурадов (Өзбекстан), Ш.А.Кененов, Ж.Дадебаев, Н.К.Кошаспаева, С.Алтыбаева (Казакстан), М.Оразов (Туркменстан), Х.К.Утемуратова (Каракалпак) ж.б. изилдөөлөрдүн контекстинде каралгандыгы жакшы жөрөлгө. Ошондон улам бул монографияны кыргыз изилдөөчүлөрү гана эмес, биздин тилди билген, түшүнгөн илимпоздор да пайдалана алышат дегенге негиз бар. Анткени эмгекте жаш изилдөөчүлөргө керектүү баалуулуктар жетиштүү.

Биринчиден, монографиянын илимий-теориялык таянычы бекем. Изилдөөчү романдын генезиси, романдык ойлом боюнча М.Бахтин, В.Кожинов, Г.Косиков, А.Гулыганын илимий жоболорун туура пайдалана билген. Бул изилдөөчүгө туура багыт менен изденүүгө шарт түзгөн. Романдын ички жанрдык түрлөрүнө келгенде роман-эпопея орус адабиятында Л.Толстойдун, А.Толстойдун чыгармачылыгына байланыштуу жакшы негизделген, бирок биздин түрк тилдүү адабияттарда бул маселеге эч ким батынган эмес. Үмүт Култаева роман-эпопеяны жанрдык табиятын Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романынын материалында илимий жактан ишенимдүү негиздегендигине кубануу менен ынандым.

Экинчиден, монографиянын баалуу жагы буга чейин бизге адат болуп калган жалаң “үлкөн” теоретиктердин жобо-эрежелеринин көлөкөсүндө калбай, кыргыз тарыхый романдарынын жанрдык бөтөнчөлүгүн аныктоого автордун чечкиндүү киришкендиги менен түшүндөрүлөт. Ал кыргыз адабиятында биз жакшы билген мыкты адабиятчылар К.Асаналиев, А.Акматалиев, А.Эркебаев сыяктуу көрүнүктүү сынчы-окумуштуулардын эмгектериндеги жакшы ойлорду өзүнө сиңирүү менен бирге кыргыз адабият таануусундагы боштукту, буга чейин аз изилденген маселелерди көрө билген. Өз башатын так аныктоонун натыйжасында кыргыз тарыхый романдарынын генеалогиялык булактары жана анын жанр жаратуучу, улуттук маанидеги элементтери таамай ажыратылган. К.Осмоналиевдин “Көчмөндөр кагылышы”, Т.Сыдыкбековдун “Көк асаба”, Т.Касымбековдун “Сынган кылыч”, “Баскын”, “Чапкын”, Ж.Токтоналиевдин “Хан Ормон” тарыхый романдарынын жанрдык талапка жооп берген жана бербеген жагдайларын илимий талдоого алууда кыргыз адабиятынын улуттук өзгөчөлүгү мыкты далилдер менен негизделген. Тарыхый инсандын өмүр баян тагдыр-таржымалын тактоодогу кыргыз санжырасынын, каарман тагдырын көркөм аңдоодогу түш көрүү мотивдеринин, реалдуу жашаган адамдын коомдук ишмердүүлүгүнө баа берүүдө элдик эстутумда сакталган кошок, тарыхый ырлардын мааниси тууралуу сөз кылуу биз унутта калтырган адабий жанрдын улуттук өзгөчөлүгүн аныктоочу накта жазуучунун аң-сезиминде туруктуу орун алган көрүнүштөрдөн экени анык эмеспи. Бүгүнкү күнгө чейин өз романдарыбыздын көркөм табиятында орун алган бул маселелерди кеп кылуудан оолактап, жалаң “улуу” элдин классикалык адабияты, алардын таасири менен профессионалдык адабиятыбыз калыптанды деп келгенибизди жашыра албайбыз го. Алардын таасирин да жокко чыгарууга болбостур, бирок да өзүбүздүн дүйнөтааным аркылуу адабиятты иликтөө канчалык маанилүү экендигине бул эмгек күбө боло алат. Мени бул монография тууралуу пикир айтууга себепкер болгон нерсе да ушул изилдөөчүнүн кыргыз роман жанрынын өзгөчөлүгүн өз кыртышынан издеген жаңылыгы болду көрүнөт. Мындан ары адабияттагы улуттук көрүнүштөрдү таанып-билүүнүн келечеги кеңейүүгө тийиш. Автордун бул жагдайдагы изденүүлөрү кыргыз адабият таануусу үчүн эле эмес, жалпы түрк тилдүү адабият таанууда колдонууга жарамдуу ой корутундулар болуп эсептелет. Кыргыз тарыхый романдарында романдык интриганын ордо оюну, хан көтөрүү жөрөлгөсү, аш берүү салты аркылуу көркөм чагылышы, муундар байланышынын керээз эпикалык салты аркылуу берилиши, чынында да, кызыктуу. Ормон хан, Кенесары, Мусулманкул, Кудаяр сыяктуу каармандарды биздин окурмандар да дурус билишет. Ал эми алардын ички, купуя максаттарынын ордо оюнунда кыйыр берилиши (подтексттик ыкма менен) жана да анын романдын структуралык-композициясындагы ордуна аналитикалык баам салуу, каармандын, болгондо да тарыхый инсандын өлүм алдында окуган намазындагы психологиялык ой-толгоолорунун талдоого алынышы эмгектин оригиналдуулугуна кепил болчудай.

Үчүнчүдөн, монографияда автордун жеке көз карашынын болгону колдоого арзыйт. Бул автордун кыргыз тарыхый романдарын ички типологиясы боюнча жанрдык модификациясын классификациялоодон көрүнүп турат. Мындай тенденция азыр дүйнөлүк адабиятта болуп жаткан процесс. Азыр башка адабияттарда деле романдын жанрдык өзгөчөлүгү ар түрдүү аныкталышына социалисттик реализмдин үстөмдүгүнөн кутулган соң, көркөм чыгармалардын эркин жанрдык модификацияга ээ болуп жаткандыгы себепкер. Биздин казак адабиятында А.Егубайдын “Жүсүп Баласагыны” – роман-эссе, А.Нурпеисовдун “Акыркы милдети” – роман-диалог, А.Алтайдын “Алтай новелласы” – роман-миф, Д.Досжановдун “Таразы” – роман-толгонуу аталды. Ал эмес Владимир Чивилихиндин “Память” деген романын чоң чөйрөдө улуу адабият билермандары роман-эссе деп сыпатташты. Мындай эстетикалык кыймылдан кыргыз адабияты да куру эмес экен. Ү.Култаеванын монографиясында кыргыз гана эмес, казак окурмандары жакшы билген Т.Сыдыкбековдун “Көк асаба” романын роман-насаат аталышы негиздүү сыяктанат. Эмгекте “Касым Тыныстанов: чагылгандын көз жашы” романын заманбап көз караштан талдап, аны тарыхый-очерктик роман катары сыпатташы илимий жактан да, көркөм-эстетикалык жактан да далилдүү негизделген экен. Адабий чыгармалар гана эмес, жалпы искусстводо жаңы жанрдык модификациянын жаралышы табигый көрүнүш. Бирок аны тааный билүү, талдай билүү кыйын. Жеке пикирибизде, аталган роман Ү.Култаева тарабынан мыкты илимий интерпретацияга ээ болгон. А.Токомбаев менен Касым Тыныстановду биз жакшы билебиз. Алардын өз ара мамилесинин көркөм чыгармада чагылышы окурмандарды кайдыгер калтырышы мүмкүн эмес.

Акырында айтарым, Чынгыз Айтматовдой талантты берген кыргыз адабияты аны таануу илиминин өнүгүү жаатында да жаңы эстетикалык табылгалардын жаралышына ак тилек айтуу менен биз кеп кылган монографиянын авторунун мындай аркы изилдөө иштерине ийгилик каалайбыз.

Кулбек Ергөбек, А.Ясауи атындагы Халыкаралык казак-түрк университетинин проректору,
филология илимдеринин доктору, профессор,
«Кыргызстан маданияты»
(«Кыргыз гезиттер айылы»), 18.05.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.