КӨК АСАБА

Автордон: Бул макала дал ошол Туунун үлгүлөрү талкууга түшөр сессиянын алдында “Бишкек шамына” берилген болчу. Бирок тилекке каршы дэрлик 8 беттен ашык көлөмдөн турган бул эмгек чет өлкөдөгү кайсы бир окуяны баяндаган кыска маалымат сыяктуу гезиттин алакандын отундай жерине басылып чыгып, маани-мазмунуна көпчүлүк түшүнбөй калган. Анткени, “эмне үчүн “үч түстүү” тууну кабыл алыш керек” экенин чечмелеген ушул текст жарыяланган эмес. Ал эми Комиссияга берилген сүрөт (чынында сүрөт сыя калем (фломастер) менен тартылып, эки бетке жакын анын маанисин чечмелеген текст кошо берилген) “Туран” деген ураан менен конкурска жөнөтүлгөн. Бирок биз сунуш кылган Туунун ошол үлгүсү эмнегедир көргөзмөгөкоюлбады?… Ал эми азыр биз кайра жарыялап жаткан ушул макала туу кабыл алынгандан кийин “ЭРК” гезитине кечигип (23.07.1992-ж.), “Көк асаба – асман асаба” деген ат менен басылып чыккан. Биз анын аталышын бул жолу “Көк асаба” жана “Асман түстүү асаба же анын үч түсү тууралу” деп оңдоп, кээ бир илимий негиздерин алымча-кошумчалар менен толуктап, эки бөлүп, кайра жарыялап жатабыз.

АЛГЫ СӨЗ
Биринчиден , элге чынында биздин идеябыздан мурун да (ал эми биздин идея А. Турсункулов тарткан сүрөттөберилди. Сүрөттү караңыз-Б.Т.) жок дегенде түстүк символиканы чечмелеген бир илимий макала керек болчу. Экинчиден, тандалып алынган эки-үч үлгү сөзсүз жалпы элдин талкуусуна салынууга тийиш эле. Негизги ката ушул жерден кетти. Үчүнчүдөн, күндү күндөй кылып эле нурларын түз чачыратып же жапан элиникиндей жөн гана диск көрүнүшүндөтартканда, эч ким аны “ күн карамага ” окшоштуруп же көзүнө” күйүп жаткан түндүктү ” элестетип, ар кайсы сөздүн башын бир чубап, сөз кылышмак эмес.

Бирок “ойдун да, сөздүн да мистикалык күчү бар” деген кеп чын окшойт? Ага сүрөт менен музыканын да тиешеси бары шексиз. Мисалы, 20 жылдан бери өлкөбүз саясий-экономикалык “көз карандылыктан” такыр кутула албай койду. Эркин эл, эгемен мамлекеттин эң башкы атрибуту болгон Мамлекеттик тил ушул күнгөчейин өзүнүн статусуна толук ээ боло элек. Баш Мыйзамда анын “мамлекеттик тил” деген гана аты бар, бирок заты “мамлекеттик” эмес. Ал эми өлкөичинде да, сыртта да анын расмий кызматын ушул күнгөчейин дагы деле орус тили аткарып келатат.

Саясатта болсо, башчы болгонго чейин баары эле “ баатыр “, башчы болгондон кийин башын жерден көтөрүшөалбайт. Эл катары эркин болгонубузга эчен жыл өтсөда, “эмне дейт” деп, дагы деле Россия менен Американын көзүн карашат саясатчыларыбыз. Өз алдынча ой жүгүртүп, Кыргызга кызмат кылар мыкты уулдарыбыздын баары өткөн кылымдын 1937- жылы, кийин 1953-жылдары кырылып жок болгон экен деп, башыбызды чайкап, бармагыбызды тиштегенден башка эч нерсе кыла элекпиз азырынча. “ Бастыра албаган жол бузат, башкара албаган эл бузат ” деп айтышкан ата-бабаларыбыз, эмне үчүн эки жолу адашып, “бастыра албаган адамдарга жол баштатып, башкара албаган адамдарга эл башкартып алдык” деп бири-бирибизди тиктейбиз. Эки жолу өз ордобузду өзүбүз талап-тоноп, эки жолу “күйүп жаткан түндүгүбүздү” жаңыртпай кайра көтөрдүк. “Калк айтса – калп айтпайт” дешкен, сыягы ушул туунун элге жакпаган көрүнүшүндөбир “кара дуба” бар окшойт?… “Ийик ийрий албаган ийик тандайт” деген да сөз бар. Бирок кантсе да, азыркы тууда биздин “улуттук белгилер” туура эмес тартылганы жана улуттук духубуз толук чагылдырылбаганы чындык.

* * *
Тарыхый тажрыйбада ушундай: Тууда – боёктор менен Улуттун жүзү, Гимнде – обондуу ыр менен Улуттун үнү, Гербде – тотемдик белгилер менен Улуттун заты чагылып турат. Башкача айтканда, Тууда Улуттук дух түстөр менен, Гимнде Улуттук дух обондуу ыр менен, Гербде Улуттук дух тотемдик белги жана улуттук оймо-чиймелер менен сүйлөйт. Эң башкысы: Үч белги биригип, ал элдин эмне деген Эл экенин билдирип турууга тийиш . Анткени бул нерселер биз издеп жүргөн Улуттук идеологиянын негиздери болуп саналат. Дал ушул улуттук белгилерди окуп-түшүнүп, балдар тарбияланат жана дал ушул белгилерге карап, башка элдер бизге мамиле кылат.

Мен мындай деп айтып жатканымдын себеби – эгер белгилерди дагы туура эмес тандап алсак, анда элибиз дагы “өз жолун” таба албай кыйналат. Өз жолуна түшөалбагандан кийин өнүгөалбайт. Өнүкпөгөн улут эртеби-кечпи жок болуу коркунучуна кабылат.

Бирок биздин элдин “ улуттук жүзү”, “улуттук үнү” жана “улуттук духу” кандай белгилер менен белгиленерин же ал белгилер кандай экенин кайдан билебиз – маселе мына ошондо турат?

Аны башка элдердей эле биз да ата-бабалардын тарыхынан издейбиз. Аларды биз Кыргыздын ыйык китеби – “ Манастан ” табабыз. А чынында, “Манасты” билген адам – ата-бабалардын жолун билет. “Манасты” тааныган адам – ата-бабалардын духун тааныйт.

Манас – “Кыргыз” деген сөздүн синоними. Ошондуктан биз “Манас” эпосун окуп жатканда бир адамдын тагдыры жөнүндөайтылган эпосту эмес, бир элдин тарыхы тууралу баяндаган чыгарманы окуп жаткандай мамиле жасашыбыз керек. Ансыз биз аны түшүнбөйбүз. Бизге чейинки аны изилдеген окумуштуулардын “катасы” да дал мына ушунда. Дагы тактап айтсам, биз бул улуу эпостон атам замандагы байыркы бир доорлордо жашап өткөн Манас атабыздын өмүр баяны менен бирге түп атабыз Манастан бүгүнкү күнгөчейин басып келген Кыргыз элинин жолун табабыз.

“Манас” эпосунун сыры бул: эгер Манасты бир элге айлантсак, анда ал “Кыргыз” деген элге айланат. Эгер Кыргыз элин бир адамга айлантсак, анда ал “Манас” деген адамга айланат.

Эми ушул жерден аттын башын буруп, улуу эпосто Кыргыз туулары тууралу эмне маалыматтар айтылганын карап көрөлү.

Мисалы:
Ак асаба, кызыл туу
Асман жарган ызы-чуу.
Көк асаба, кызыл туу
Көк жаңырган улуу чуу –
деген сөздөр көп кайталанат эпосто. Көпчүлүк окумуштуулар асабаны – “ чүпүрөк” (“асабасы жайылып”), тууну –“таяк ” (“туу тигип”, “туу сайып” ж.б.) деп түшүндүрүп келатышат. Мен бул пикирге тике каршы эмесмин. Бирок ошол эле учурда эпосто айтылган “үч түстү” талдоодо биз сөзсүзКыргыздын Үч Канатына келип такаларыбызды белгилегим келет.

Менин жеке көз карашым боюнча, жогорку тексте асаба – “чүпүрөктү”, туу – “таякты” эмес, Ак асаба – Оң канаттын, Көк асаба – Сол канаттын, ал эми Кызыл асаба “туу ” деген сөз менен берилип, Ичкиликтин башкы байрагы катары айтылып жатат. Бул жерде “ асаба ” менен “ туу ” синоним сөздөр жана башкы байрактардын жалпы аталыштары. Б. а. бири арабдын (“асаба”) , экинчиси – кыргыздын (“туу”) өзүнүн сөзү. Экөөсү тең эле башкы байрактын маанисин берүүдө. Кандай болгон учурда да эпосто “ үч түс ” жөн айтылып жаткан жери жок. Биздин оюбузча, бул улуу чыгармада сөз Кыргыздын Үч Канатын түзгөн Ак уул, Көк уул жана Кызыл уулдун башкы тууларынын түстөрү тууралу баратат.

* * *
Сөздү башынан айталы. Тарыхый маалыматтарга караганда байыркы көчмөн уруулардын ар биринин өзүнөтиешелүү байрактары жана туулары болгон. Башка элдер ошол туулардын же байрактардын өңүнөжана анын бетине түшүрүлгөн белгилерге карап, ал уруунун кайсыл Канатка таандык экенин же кандай тектен чыкканын жана кимдер экенин аныктап билишкен.

Мисалы, белгилүү окумуштуу Плетнева шилтеме берген кытай жазма булактарында: “барстар” жана “бөрүлөр” келишти ” деген маалымат учурайт. Тарыхтан “барстар” деп кытайлар кыргыз жоокерлерин, “бөрүлөр” деп алар түрк жоокерлерин айтышканы бизге жакшы маалым. Алтын-Көлдөгү жазууда да “барстын урпагы” деген сөз бар. Аны атактуу кыргызчыл окумуштуу В.Я.Бутанаев “ кыргыз урууларынын биринин тотеми ” деп түшүндүрөт.

Бирок, маселе чымын-куюн болуп, шаарды айланта каптап келаткан аскерлердин ичинен кимиси “барстар “, кимиси –“бөрүлөр ” экенин кытайлар кантип билишкен” деген суроодо турат?

Аны боолгоп таануу кыйын деле эмес. Анткени, түрктөр алтын жип менен бөрүнүн башы саймаланып түшүрүлгөн Көк асабаны көтөрүп жүрүшсө, кыргыздар алтын жип менен барстын сүрөтү түшүрүлгөн Көк асабаны алып жүрүшкөн. Орхон-энесай жазмалары берген кабарларга караганда да кыргыз кагандарынын башкы тотеми – барс болгон. Улуу Кыргыз дөөлөтүн түзгөн Барс-бек кагандын ысмы да байыртан атак-даңкка ээ болуп келаткан ошол улуу тотемге байланыштуу аталганы шексиз.

Ошентип кытай эли, көчмөн аскерлер көтөрүп жүргөн туулардагы белгилерге карап, алардын кимиси – кыргыз, кимиси – түрк экенин оңой эле ажыратып билишкен.

Биздин кийинки кездеги илимий изилдөөлөрүбүз да көк түстөгү асаба Кыргыздын Сол Канатына тиешелүү болгонун, ошол эле учурда көк түстөгү туулар жалпы көчмөн элдердин (монгол-түрк-кыпчак) Сол Канатына тиешелүү уруулар түзгөн ордолордо желбиреп турганын айтууда. Бул боюнча белгилүү жазуучу жана тарых иликтөөчү Орозбек Айтымбеттин жазгандарынан башка да биздин көптөгөн далилдерибиз бар. Анын кээ бирлерин ушул макалада келтиребиз.

* * *
Эми жогорку сөзгөкайра келели. Эмне үчүн биздин пикирибиз боюнча Туу үч түстөн турушу керек? Ал “үч түс” жогоруда айтылгандардан башка дагы эмнени билдирет? Кыргыз элинин келип чыгышына же этнос катары калыптанышына ал үч түстүн кандай тиешеси бар?

Адегенде “көк асаба” көк түстөн башка дагы эмне маанилерди берерин иликтеп көрөлү. Көк асаба – “ көк түстүү туу ” дегенди гана түшүндүрбөйт. “Көк” деген сөз менен кыргыздар “асманды” да айтышат. Демек “көк асаба” деген сөздүн дагы бир мааниси – “асман асаба “. Ал эми Асман бир эле көк түстөн турбайт. Асман “ төрт ” түстөн турат: күндүзү – ак, көк, кызыл, ал эми түнкүсү – кара. Б. а. жайдын күнү Күн чыгып келатканда, чыгыш тарап – ак , күн төбөгөкелгенде – көк, күн батып баратканда асмандын батышы – кызыл түскөбоелуп турат.

Эгер көпчүлүк айтып жана жазып келаткандай: “биз байыркы бабалар көтөргөн Көк Асабаны көтөрөбүз” десек, анда анын “биринчи маанисине” караганда “ экинчи маанисин” көбүрөөк эске алуубуз абзел. Башкача айтканда, Кыргыздын бүгүнкү Улуттук Улуу Туусу асман сферасын элестеткен формада (сүрөттү караңыз) сүрөткөтүшүрүлүп, ал үч түстөн (балким төрт түс болор?) турушу керек. Эмне үчүн?

* * *
Кыргыз санжырасы , Туран аймагында жашашкан биздин байыркы ата-бабалар адегенде “огуздар ” деген жалпы ат менен белгилүү болушканын кабарлайт. Анан алар өз ара: “аздар”, “уздар” жана “ичгуздар” же түстүк аттары менен айтканда “ак гуздар”, “көк гуздар” жана“кыр гуздар” деп бөлүнүшкөн.

Иран арийлеринин ыйык китеби болгон “Авеста” көчмөн огуздарды – “ турлар ” деп атайт. Ал эми Геродот жазып калтырган маалымат боюнча алар – “ скифтер “, иран булактарында алардын жалпы аталышы –“сактар “.

Кыскача айтканда, ошол заманда жашаган көчмөн элдердин Чыгыш канаты кытай тарыхына: “ хун”, “усун”, “динлин” , ал эми Батыш канатыиндо-иран жана грек тарыхына: “ сак”, “сармат”, “скиф” деген аттар менен түшкөн.

Мына ушул элдердин “скиф” деп аталган бутагынан Геродот жазып алган эки миф бар. Анда ошол эки мифтин бирине көңүл буралы:
Скиф санжырачыларынын маалыматы боюнча, алардын эли башка калктарга салыштырмалуу жаш болгон жана өздөрүнүн келип чыгышы тууралу өздөрү мындай деп айтышкан: Илгери-илгери бир замандарда ээн, эч ким жашабаган алардын жеринде Таргитай аттуу биринчи адам жарык дүйнөгөкелет. Анын атасы – “чагылган кудайы” Папай, энеси – Борисфен дарыясынын кызы Апи деген экен. Геродот Папайды – Зевс, Апини – Гея деп грек мифологиясындагы кудайлардын аттары менен алмаштырып жазат. Ошол биринчи адам Таргитай: Липоксай, Арпоксай жана Колоксай деген үч уулдуу болду.

Күндөрдүн биринде, асмандан алардын жеринде алтындан жасалган сырдуу буюмдар түштү. Алар: “соко, камыт, айбалта жана кесе ” эле. Балдардын улуусу биринчи көрүп, жакын келди да алайын деп колун сунганда, ал алтын буюмдар жалындап күйөбаштады. Экинчиси келгенде да ошондой болду. Таң калган экөөсү артка чегинип, үчүнчүсү колун сунганда алтын буюмдар эч нерсе болгон жок. Бул буюмдар аркылуу аларга асмандан сырдуу бир жышаан түшүп, артыкчылык инисине берилип жатканын сезген экөөкийин кызмат бөлүштүрүшкөндөбашкы бийликти ага ыйгарышты.

Таргитайдын улуу уулу Липоксайдан – кийин скифтердин авхат , Арпоксайдан – катиарлар жана траспийлер , ал эми кичүүсү Колоксайдан –паралат деп аталган уруу тарады. Алардын баары, бул күндөатактуу бир ханынын ысмынан улам “ сколоттор ” деп аталышат. Ал эми эллиндер аларды “скифтер” дешет.

Дарий келгенге чейин скифтер, өздөрүнүн биринчи адам Таргитайдан келип чыкканын жана ошол күндөн ушул күнгөчейин “ миң жыл ” өткөнүн ушинтип айтышкан.

Жогорку алтын буюмдарды скиф хандары өтөкатуу кайтарып сакташкан жана жылда бир жолу убагы келгенде аларга арнап түлөөөткөрүп турушкан.

…Скиф жери абдан кенен болгондуктан Колоксай өз кезегинде хандыгын өзүнөн тараган “үч уулуна” бөлүп берип, алардын бирин калган экөөсүнөн өйдө, өзгөчөукукка жана артыкча бийликке ээ кылды.

Бул мифтеги Липоксайдын ысмы – “ тоо хан “, Арпоксайдын ысмы –“суу хан” , ал эми Колоксайдын ысмы – “ күн хан ” деген маанилерди билдирет.

Эң кызыгы Таргитайдын үч уулунун ысымдары менен орто кылымдагы огуз каганы – Угуз бабабыздын экинчи аялынан төрөлгөн үч уулдун ысымдарынын окшоштуктары бизди аябай таң калтырат. Алар айтылышы боюнча жана маанилери боюнча да бирдей. Мына, салыштырып караңыз:“Көк хан”, “Таг хан” жана “Тенгиз хан” .

Ал эми кыргыз санжырасында жогорку үч уул Кыргыз атадан тараганы баяндалат. Алардын ысымдары: “Көгөй бий”, “Тагай бий” жана “Көлөй бий” .

Биздин айталы деген оюбуз да бул эмес. Биздин айталы деген оюбуз ал: кыргыз санжырасында жогорку үч уулдун “түстүк аттары” үч миң жыл мурун кандай аталса, бүгүн да дал ошондой бузулбай так сакталганында жатат.

Кайрадан скиф уламышын талдаган окумуштуулардын изилдөөлөрүнөкөңүл бөлөлү. Илимпоздор жазгандай, чын эле “касталык катмарлардынтүстүк белгилер менен белгилениши индо-иран салты үчүн бирдей көрүнүш” экени илимде алда качантан бери маалым. Мисалы, уламышта Липоксай төрөлгөндөэле “ чачы аппак ” болуп жарык дүйнөгөкелгени баяндалат. Ал ошондой эле балдардын эң улуусу болчу. Үч бир тууган өз ара бийлик бөлүштүргөндө, улуусу Липоксайга дин бийлигин башкаруу укугу берилет. Ошондуктан кийин андан тараган авхат уруусу да мамлекеттик кызматтарда “билги”, “бакшы” (“жрецтик”) орундарын ээлешкен. Б. а. анын урпактары атасы – Ак уулдун (Липоксайдын – Б.Т.) жолун улантып, дин эрежелерин иштеп чыгышкан жана өлкөнүн идеологиясын жүргүзүшкөн. Липоксай жаш курагы боюнча улуу жана Дин бийлигининбашчысы катары дайым “ак түстөгү ” кийим кийинип жүргөн. Бул салт кийин анын урпактарына мурас катары берилген.

Колоксайдан тараган паралаттарга хандык бийлик таандык болгондуктан, алар дайым “кызыл түстөгү ” кийимдерди кийишкен. Окумуштулардын изилдөөлөрүнөкараганда кызыл түс жоокерлерге тиешелүү түс. Мунун өзү хандар жоокерлердин арасынан чыкканын маалымдайт. Ошондуктан кыргыз санжырасында да хандар –“кызыл тебейтечендер” деп айтылган.

Окумуштуулар Арпоксайдан тараган – катиарлар менен траспийлер кандай катмарга таандык болгонун жана алар кандай түс менен белгиленгенин так айтыша алган эмес. Кыргыз санжырасы боюнча бул урууга “көк түс” таандык. Анткени алар скиф санжырасы боюнча Суу хандын (Арпоксай), огуз санжырасы боюнча Тенгиз хандын , ал эми кыргыз санжырасы боюнча Көлөй бийдин урпактары. Суу дээрлик дүйнөэлдеринин баарында көк түс менен белгиленет. Биздин оюбузча бул тукумга байлык тиешелүү болуп, андан жер-сууну ээлеген байлар чыккан. Алар ошондуктан “көк” же “кара” түстөгү кийимдерди кийишкен.

Эгер байыркы индус арийлерине тиешелүү “касталык” бөлүнүү боюнча салыштырып кеп кылсак, анда Ак уулдун урпактарына –“жаратуучу “, Көк уулдан тарагандардын тагдырына – “топтоочу”, “жыйноочу” кызмат тиешелүү болсо, Кызыл уулдун балдарына – “ сактоочу ” миссия жазылган. Бул атадан балага кан менен өткөн улуттук улуу милдет жана ыйык касиет. Анткени, жаралбаган нерсени топтой албайсың, топтолбогон нерсени сактай албайсың. Ал эми сакталбаган байлык – жок байлык.

Жогоруда айтканыбыздай, эң башкы окуя – ал, мындан үч миң жыл мурун түстүк белгилер менен белгиленген скиф адам аттарынын бүгүнкү кыргыз санжырасында да таң каларлыктай так сакталышы! Анткени, өйдөдөбиз сөз кылган Таргитайдын үч уулунун түстүк аттары башка бир да элдин санжырасында кыргыз санжырасында айтылгандай так айтылбайт. Болгон айырмачылык: скиф санжырасындагы биринчи адам –Таргитайдын ысмы кыргыз санжырасынын биринде “ Кыргыз ата ” делсе, экинчисинде “ Долон бий ” деп аталганында гана.

Ошентип биз туунун бетине “ үч түстү” түшүрүү менен унутулуп калган улуттук эс-тутумду кайра жаңыртабыз жана дээрлик “ үч жарым миң ” жылдык тарыхыбызды калыбына келтирип, аны жок болуудан сактап калабыз.

Балыкооздун санжырасы боюнча түрк элдеринин түпкү жалпы аты –“огуздар” болгонун жогоруда айттык. Биздин изилдөөлөр да ошол улуу манасчы айткан санжыранын чын экенин ырастайт. Аны башка илимий изилдөөлөр да тастыктоодо.

Дагы кайталап кеп кылсак, Огуздар өз ара: аздар, уздар жана ичгуздар же түстүк аттары менен: ак гуз, көк гуз жана кыр гуздар болуп бөлүнгөн. Мен өзүмдүн “Огуздар” аттуу осмон түрктөрүнүн тарыхы тууралу жазган китебимде огуздар Азия дүйнө бөлүгүнө атын берген байыркы эл экенин кабарлап: Азия – “огуздардын уясы”, “огуздардын үйү” жана “огуздардын өлкөсү ” деген маанилерди берерин айтып, жеке көз карашымды жана илимий болжолумду ортого салгам.

Иран арийлеринин уламыштары боюнча жогорку үч элдин ысымдары: “сар , тур жана күр” деп айтылат. Б. а. аздар – сарлар, уздар – турлар, ал эми ичгуздар – күрлөр.

Грек тарыхына “скиф” деген ат менен түшкөн эл өздөрүн атактуу бир ханынын атынын улам “ сколот ” деп аташарын Геродот жазып калтырган. Ал сөздөр огуз жана кыргыз элдеринде: “ ич гуз ” жана “ичкилик ” формаларында сакталганын өз убагында казактын атактуу акыны жана тарых иликтөөчүсү – О.Сулейменов билдирген. Эгер жаңылышпасам, ушул күнгө чейин ага каршы пикир айткан эч ким болгон жок. Бул боюнча биз да анын ушул көз карашын туура деп эсептейбиз.

Биздин кийинки изилдөөлөр Туран аймагында калган аздардан – монголдор, уздардан – түрктөр, ичгуздардан – кыпчактар келип чыкканын кабарлоодо. Ал эми ичгуздардын түстүк аты –“кыр гуз” .

Илимий логикага таянып ой жүгүртсөк, аздардын башкы туусу – Ак түстүү асаба , уздардын башкы туусу – Көк түстүү асаба , ал эми ичгуздардын башкы туусу – Кызыл түстүү асаба болгон.

Ары, алыс барбайлы, улуу Монгол империясын түзгөн Чынгыз хандын башкы туусу “ тогуз чоктуу ак асаба ” болчу. Мунун өзү Чынгыз хан огуздардын Оң канатына таандык тектен чыкканын айтып турат.

Экинчи , бөрүнүн башы саймаланган Көк асабаны улуу Түрк каганатын түзгөн ашина уруусу көтөрүп жүргөн. Мунун өзү Түрк ордосун түзгөндөр байыркы огуздардын Сол канатына таандык болгонун тастыктайт.

Үчүнчү, Кыпчак хандыгын түзгөн уруулардын башкы асабасы Кызыл түстө эле. Мунун өзү Кыпчактар байыркы көчмөн Огуз элинин өзөгү болгон ичгуздардын урпактары экенинен кабар берет.

* * *
Ошентип, байыркы Огуз ичинде – Кыргыз кандай “ички эл” болсо, Кыргыз ичинде – Кыпчак дал ошондой эле ички эл. Б. а. Огуздун өзөгү – Кыргыз, Кыргыздын өзөгү – Кыпчак. Кыскасы: Кыпчак – өзөктүн ичиндеги өзөк. 

Маркум окумуштуу К. Сейдакматов кыргыз санжырасынын схемасын тактап түзгөн окумуштуулардын бири болчу. Ал Ичкилик эли өз ара: “Оң канат ичкилик”, “Сол канат ичкилик” жана “Ордо ичкилик”деп бөлүнөрүн жазып кеткен. Орто Азиянын отурукташкан элдерин жана орто кылымдагы Улуу Талаанын урууларын бириктирип бийлеп жүргөн “ хан кыпчактар ” дал ушул Ордо ичкиликке таандык.

Ал эми туу тууралу сөзгө келгенде: Байыркы огуз элинин ичинде – Кыргыздын, Кыргыз ичинде – Кыпчактын туусу кызыл түстө.

Анда эмне үчүн “Кыргыздын кызыл туусун жерип атабыз” деген суроо туулат? Кызыл тууну жеригендер же ал түскө карата жаман сөз айткандар кыргыз эместер. Бирок маселе анда эмес. Маселе – Кыргыз бир эле Кыпчактан турбаганында. Б.а. кыргыз – бир эле Кызыл уулдун атасы эмес, ал Ак уулдунда, Көк уулдун да атасы. Көгөй бий да, Тагай бий да, Көлөй бий да анын балдары. Эң башкысы – “скиф” деген ат менен грек тарыхына түшкөн заманда Кыргыз кандай үч канаттан турса, бүгүн да ал дал ошондой эле үч канаттан туруп, өзүнүн түпкү түзүлүшүн сактап келаткан улуу калк.

Ошентип бүгүнкү Кыргыз байыркы Огуз элинин атын алып жүргөн жана уюткусун сактап калган эл катары биринчи адам – “Таргитайдын үч уулунан” тараган урпактардан турат.
Огуздар Таргитайдын ысмын – Угуз хан деп айтышкан. Ал эми кыргыз санжыраларында анын ысмы –“Кыргыз ата” же “Долон бий”. 

* * *
Казактарда да үч канат сакталган. Бирок алар аны “канат” дебей: “Улуу жүз”, “орто жүз” жана “кичүү жүз” деп айтышат. Менимче “ жүз ” деген сөз байыркы “ гуз ” деген эле сөздүн өзгөрүп айтылганы болуу керек? Жаңылышпасам З. Гасановдун эмгегинде да ушундай ой айтылат?

Казак санжырасында да түпкү аталардын ортосунда бийлик бөлүштүрүү тууралу маалымат бар. В. И. Абаев келтирген мифте Казак элинин түпкү аталары болуп: Адай, Аргын жана Усун деп аталган үч бир тууган эсептелет. Кудайдан берилген белгилер боюнча Адай “жебени” алып, жоокердик салтты мурастайт. Аргынга “ ыйык жазуулар ” берилип, анын урпактары илим-билим жолун улантышат. Ал эми Усунга “ таяк ” тиет, анын балдары мал карап, байлык жыйноону башкы кесип кылышат.

* * *
Түрк элдерине тиешелүү дагы бир мифти карап көрөлү. Бир күнү Хызыр Угуз кагандын уулу – Жер ханга келип, ага үч белек берет. Бирок мифте ал белектердин аттары аталбайт. Окумуштуулар ал эмне буюмдар экенин аларды мүнөздөгөн белгилери боюнча аныктап, минтип жазышат: “үч белектин бири – “жей турган “, экинчиси – “ сүйлөй турган “, ал эми үчүнчүсү – “ кесе турган ” буюмдар эле. Жер-хан бул буюмдарды эмне кыларын сурагыча, белектерди берип, Хызыр көздөн кайым болот.

Белектердин маанисин бул мифте түрк-огуздардын түпкү атасы катары айтылган“Көк Өгүз” чечмелейт. Буюмдарды карап: “Бул белектерди Көк Бөрү берип жибериптир” дейт Көк Өгүз . Алардын огуздарга пайдасынан башка зыяны тийбейт. Мына бул кичинекей тоголок мөмө –“алма”, жей турган тамак, ал адамга түбөлүк жашоо алып келет. Аны Жер-хан сен алып, үйүңдүн алдындагы бактын арасына тигип өстүргүн. Мына бул жалтылдаган, узун кескич –“кылыч” деп аталат. Бул кылычты Году-хан алсын. Тигил жыгач буюмдун аты –“комуз”. Ал адамдарга кубаныч, шаттык тартуулайт. Аны Даг-ханга берели. Бирок аны алып жүргөн адам ак көбүк болуп аккан тунук булактан суу ичип, анын суусуна жуунмайынча ал сүйлөбөйт”.

Ошентип Көк Өгүздүн кеңеши боюнча Жер-хандын энчисине – “алма”, Даг-хандын энчисине – “комуз”, ал эми Году-хандын энчисине – “кылыч” тийди. Угуз кагандын балдарына алма – “түбөлүк жашоо”, комуз – “чексиз кубаныч”, ал эми кылыч – урушкан учурда аларга дайым жеңиш апкелип, жоодон коргоп турду.

Бул азербайжан мифин байыркы скиф мифи менен салыштырсак, анда Жер-хан менен Арпоксайдын, Даг-хан менен Липоксайдын, Году-хан менен Колоксайдын функциялары окшош. Бул миф – ошол скиф мифинин бир варианты экенинде шек жок.

Эгер Орхон-Энесай жазмаларына көңүл бурсак, анда ал жазууда “ Жер-Суу ” бир бүтүн дүйнө катары каралып, ээси бир кудай экенин көрөбүз. Демек азербайжан мифиндеги Жер-хан, скиф мифиндеги Суу-хандын (Арпоксайдын) эле өзү.

Маселе асмандан берилген белектердин ар башкалыгында. Бирок дал ушул мифте кимдин энчисине эмне бөлүнгөнү жана алардын кылган кызматтары так айтылып тургандай? Даг-хан комузду алып –бакшылык кесипти, Жер-хан алманы алып – байлыкты ээлеп , ал эми Году-хан кылычты алып –жоокердик өнөрдү мурастайт.

* * *
Эми, “үч түс ( ак, көк жана кызыл ) эмнени түшүндүрөт жана алардын Кыргызга кандай тиешеси бар” – ошого көңүл буралы.

АК ТҮС:
Ак түс – Оң Канаттын түпкү атасы – Тагай бийдин түсү. Анын байыркы огуз доорундагы түпкү түстүк аты –“Ак гуз” . Бүгүнкү кыргыз санжырасындагы айтылышы – “ Ак уул “. Ал грек эпосунда – “ Ахилес “, кудайлардын ичинен Зевстин түсү, скиф санжырасында – “ Липоксай “, орто кылымдагы огуз санжырасында – “ Таг хан “, ал эми казак санжырасындагы айтылышы – “ Улуу жүз “. ж.б

Ак түс – Күн Чыгыштын белгиси. Таң атып келе жаткан тарап. Б. а Асмандын күн чыгып келе жаткан жагы. ж.б. Ак түс  Кудайдын ыйыктык жана тазалык менен байланышкан ысмы. Б. а. кудайдын ак кар, көк муз каптаган Теңир Тоонун чокулары менен байланышкан маанилери ж.б

Ак түс – ак булут, ак суу, көздүн агы, ак ниет, ак көңүл, ак тилек, тазалык, чындык жана кубаныч, ак калпак, ак жоолук, ак олпок, ак күбө, ак бараң, ак келте, ак боз ат, ак шумкар, ак буура, ак жылан, ак ит, ак кептер, айран, сүт, кымыз, ак алма, ак гүл, ак дөө, Ак ордо , ак өргө. ж.б

Кытайда жана Азиянын кээ бир өлкөлөрүндө “ ак түс “- аза күтүүнүн белгиси. Байыркы славяндар да ак түстү ушундай кабылдашкан. Кыргыздар болсо, кудайга арнап ак боз атты курмандыкка чалышкан. Жоо каптап киргенде да, ак боз аттын жалын кызылга боёп чабарман жиберишкен. Арабдар жана жалпы мусулман калкы өлгөн адамдын сөөгүн ак кепиндеп көмөт. Өз өлүмү менен өлгөн адамды “ак өлүм менен өлдү” деп коюшат кыргыздар ж.б.

КӨК ТҮС:
Көк түс – Сол Канаттын түпкү атасы – Көлөй бийдин түсү. Анын байыркы огуз доорундагы түпкү түстүк аты – “Көк гуз”. Бүгүнкү кыргыз санжырасындагы айтылышы –“Көк уул” . Ал грек эпосунда –“Гектор” , кудайлардын ичинен Посейдондун түсү, скиф санжырасында – “ Арпоксай “, орто кылымдагы огуз санжырасында – “ Тенгиз хан “, ал эми казак санжырасындагы айтылышы – “ Орто жүз “.

Көк түс – төбөдөгү асмандын түсү. Чак түштөгү асман. Б. а. Асмандын так ортосу.

Көк түс – Кудайдын бийиктик жана тереңдик менен байланышкан ысмы. Б.а. анын асман жана мухит менен байланышкан маанилери.

Көк түс -Теңир-Тоонун ак кар, көк муз каптаган чокулары. Көк түс – “карага” өтүп: “кара тоо”, “кара суу” деп да айтыла берет. Көк түс – көздүн көгү, көкжал, беттегенин бербеген көк (өжөр) адам Кыргыз: “Эр болсоң көк бол, сөзүңө бек бол”, “көк кирип, кызыл чыксын” дейт. Көк калпак (кайруусу көк баркыт менен капталган калпак, туура айтылышы – кара калпак ), көк туулга, көк рапыс тон. Көк бука – ал жер шарын мүйүзүнө көтөрүп турат. Көк бөрү – Түрк каганатын негиздеген уруунун тотеми. Көк тулпар, көк шумкар, көк ит, көк кептер же көгүчкөн. Көктүн кара түскө өтүп айтылышы: кара дөө, кара буура, кара чаар жылан, кара чаар кабылан, кара аш, кара өрүк. Көк ордо , көк чатыр, көк дөө, ж.б.
Башка элдерде: Көк түс – аралашма түс: ал суюлуп отуруп – ак түскө, коюлуп отуруп – кара түскө өтөт. Көк түс кээ бир элдерде аза күтүүнүн белгиси. Күйөөсү кайтыш болгон аял кыркы чыккыча – кара, жылдыгы берилип, ашы өткүчө – көк киет ж.б.

КЫЗЫЛ ТҮС: 
Кызыл түс – Ичкиликтин түпкү атасы – Көгөй бийдин түсү. Анын байыркы огуз доорундагы түпкү түстүк аты – “ Кыр гуз “. Бүгүнкү кыргыз санжырасындагы айтылышы – “ Кызыл уул “. Ал грек эпосунда – “Геракл “, грек кудайларынын ичинен кызыл түс кимге тиешелүү экенин белгисиз, скиф санжырасында – “Колоксай “, орто кылымдагы огуз санжырасында – “Көк хан”, ал эми казак санжырасындагы айтылышы –“Кичи жүз”.

Кызыл түс – Күн батыштын белгиси. Кеч кирип бараткан тарап. Б. а. Асмандын күн батып бараткан жагы. ж.б

Кызыл түс – Кудайдын жарык жана ысык менен байланышкан ысмы. Б.а. күнгө жана отко байланышкан маанилери. ж.б

Кызыл түс – Эң биринчи болуп күн тийген жана эң акыркы болуп күн баткан Теңир -Тоонун улуу чокуларынын түсү. Көздүн кызылы (кареги). Кыргыз: “Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң”, “көк кирип, кызыл чыксын” деп антташат. Б. а. Кызыл түс – күрөштүн жана кармаштын, төрөлүүнүн жана өлүүнүн, жандын жана кандын, жаштыктын жана сүйүүнүн түсү. Ал эң башкысы – кыймылды жана тирүүлүктү түшүндүрөт. Кызыл калпак (кайруусу кызыл баркыт менен капталган калпак), кызыл тебетей, кызыл жоолук жалжалым, кызыл көйнөк делбир. Ошентип кызыл түс – күч-кубаттын жана сулуулуктун, гүлдөөнүн жана толуп-ташуунун түсү. Кызыл бука, кызыл ат, кызыл ит (сары ит деп да айтыла берет), кызыл алма, кызыл алча, алтындын жана алмаздын түсү, кызыл дөө (кара дөө-?). Эски сөздөр: “кыргыздын кызыл кыздары” же “кыпчактын кызыл кыздары”. Кызыл ордо , кызыл үй ж.б.

Башка элдерде: Кызыл түс да аралашма түс: суюлуп отуруп – сары, ак түскө, коюлуп отуруп -күрөң, кара түскө өтүп кетет.

КҮН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?
Күн – жарыктын жана тирүүлүктүн символу. Күндүн нурусуз бир тал чөп өспөйт, бир тирүү жан жашабайт. Деги эле кыймылды күнсүз элестетүүгө мүмкүн эмес. Күндү көтөрүү – тирүүлүктү, жашоону, бакытты жана кубанычты көтөрүү деген сөз.

Байыркы арат мифи боюнча, Күн – ааламды жарык кылып туруу үчүн асманга көтөрүлүп кеткен Дүйнөлүк От . Башка бир аңыз кептерде тескерисинче, От – Адамды сактап калуу үчүн Жерге түшүрүлгөн Күндүн бир бөлүгү. Байыркы шумер элинин мифи боюнча Күн кудайынын ысмы – Уту . Ал түрк тилдериндеги“от”, “ут” деген эле сөздүн өзү.

Элдик этимологияны ээрчиген кээ бир окумуштуулар “Теңирдин” ысмын –“денеси күн” (тен-күр) же “күн денелүү ” деп чечмелешет. Экинчи бирөөлөрү: Теңир – “таңкы күн” же “асмандын күнү” (“тан-күр”) дегенди билдирет дешет. Үчүнчү топтун айтканы боюнча: Теңир – “асмандын кызылын” (“тан-күр”), б. а. “асмандын ар-намысын, уятын” түшүндүрөт. Демек, Күндү көтөрүү – Көкө Теңирдин дүйнөгө жашоо берген бир улуу касиетин көтөрүү деген сөз.

 Кыргыз Күн тукумунан тараган ” деп айтылат аңыз кептерде. “Кыргыз Күн нурунан жаралган” дейт санжырачылар. Кытайлык кыргыз тарыхчы Анвар Байтурдун жазганына караганда, байыркы кыргыздар “Күн менен Айды – адамзаттын атасы менен энеси ” дешкен. Улуу эпос берген кабар боюнча да, түп атабыз – Манас “күн менен айдын ширелүүсүнөн бүткөн адам” . Демек Күндү көтөрүү – Манас атабызды көтөрүү деген сөз.

Кыргыздын “жаман айтпай – жакшы жок” деген бир сөзү бар. Чын эле дүйнө: Күн менен түндүн, жарык менен караңгынын, жакшы менен жамандын, жаңы менен эскинин, жаштык менен карылыктын күрөшүнөн жана биримдигинен турат. Күндү көтөрүү – демек жарык менен жакшыны, жаңы менен жаштыкты көтөрүү деген сөз. Б.а. бул караңгы менен жаманды, эски менен карылыкты жеңүүгө умтулуу дегенди билдирет. Ал эми адам өзүнүн жамандыгын жеңмейин өспөйт. Эл да ошондой.

Байыркы турандыктардын чыгып келаткан Күн менен учурашкан салты болгон. Бул көрүнүш жазгы күн менен түн теңелгенден (21-март) башталып, күзгү күн менен түн теңелгенге (22-сентябрь) чейин уланган. Күн менен учурашуу – Көкө Теңирдин ай-ааламга жашоо берген улуу касиетине таазим кылуу формасында өткөн. Демек Күн менен учурашуу – улуу Жашоонун өзү менен учурашууну билдирген. Байыркы Туран аймагында таңкы чыгып келаткан Күн менен эки адам – “өлгөн адам” менен “оорулуу адам” гана учурашкан эмес.

От – Күндүн Жердеги бир бөлүгү. Ушул окууну кабыл алган улуу грек философу – Гераклит да: “Ааламдын башаты от ” деген идеяны андан нары улантып, өркүндөткөн. От – тазалоочу касиетке ээ зат. Ошондуктан байыркы бабалардын бир канаты эр адамды минген аты менен кошо көмсө, экинчи канаты көзү өткөн адамдын сөөгүн өрттөп, анан көмүшкөн. Отту өздөштүрүү менен Адам өзүнүн аң-сезиминдеги жана өмүрүндөгү биринчи улуу төңкөрүштү жасаган. Чыгыш элдеринде Күн – акыл-эстин, аң-сезимдин жана күч-кубаттын символун түшүндүргөн. Ошондой эле ал – Эр адамдын да белгиси болгон.

Байыркы бабалар Күндү –“кызыл” түс жана “кырк” саны менен белгилешкен. Б. а. кызыл – Күндүн түсменен, кырк – Күндүн сан менен белгиленген жышааны болгон.

Окумуштуулардын кээ бири “Кыргыз” этнониминин мааниси –“кызыл огуз” (“кыр-кызыл”, “гуз-огуз”) дегенди түшүндүрөрүн айтышат. Ал ушул эле учурда “күн адам” (“күр” – күн, “гыз” – адам) деген да маанини берерин биз жазып келатабыз. Биздин оюбузча адегенде ал: “хур-гуз” формасында айтылган сыяктанат? Андан башка, Энесайдагы улуу Кыргыз держевасын түзгөн кыргыздар: “Биз Кудай менен тоонун боорундагы үңкүрдө жашаган Уйдун катышынан келип чыкканбыз” деп айтышкан. Биздин изилдөөлөр “ Кыргыздын атасы – Үлкөн кудайы, энеси – огуз уруусунун кызы” экенин далилдөөдө.Үлкөн ай-ааламдагы бардык жакшылыктарды, анын ичинде Күн менен Айды да жараткан Теңирден кийинки орундагы Алтай-Сайан аймагындагы улуу кудай. Ал таштардын бетине кээде “ күн баштуу ” адам кейпинде тартылганы тууралу да изилдөөчүлөр айтып жүрүшөт.

Күндү көтөрүү – Күндөй болууга умтулуу деген сөз. Албетте, Күн – туунун бетине “кырк нур” чачыраган тегерек “ диск ” көрүнүшүндө түшүрүлөбү же түбүнөн түз тиктеген “түндүк ” формасында берилеби же анын бетине байыркы табышмактуу тотемдин сүрөтү тартылабы – айтор, ал боюнча да сөзсүз ойду ортого салып акылдашышыбыз керек.

ТҮНДҮК ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ
Түндүк – Күндүн өзү же анын графика түрүндө көрүнүшү. Тегерек – Угуз каган, ал эми кайчыланып турган “алты уук” – анын “алты уулу”.

Тегеректин ортосундагы “крести” биздин ата-бабалар “ кут белги ” деп атаган. Анын бир түрү санскрит тилинде “свастика ” деп айтылат. Бул сөз: “ Бакытты”, “дөөлөттү”, “кубанычты” билдирет.

Эң башкы маселе – кут белги туура түшүрүлүшү керек. Түндүктү түбүнөн түз тиктеп, аны графика тилине которгондо, ал кадимки “кут белги” же санскрит тили менен айтканда “свастиканын” (сүрөттү караңыз-Б.Т.) бир формасында сүрөткө түшөт.

Түндүк – Күн, ал эми ууктар – анын нурлары. Боз үй негизи үч бөлүктөн турат: Түндүктөн, ууктарданжана керегелерден . Бул үч бөлүк вертикал дүйнөнүн “үч катмарын” түшүндүрөт. Мисалы: түндүк – жогорку дүйнөнү, ууктар – ортоңку дүйнөнү, ал эми керегелер – төмөнкү дүйнөнү. Бул көчмөн элдер ойлоп тапкан архитектуранын гениал үлгүсү.

“СЫРТТАН” же “ГРИФОНДУН”  мааниси
Бул табышмактуу жаныбардын келип чыгыш булагы али да табыла элек. Биз аны “Манас” эпосунан таптык. Ошондуктан биз аны “ Манастын тотеми ” деп айтып жатабыз. Ал эми Манастын тотеми – ошол эле убакта Кыргыздын да тотеми. Аны биз “сырттан ” деп атадык.

Сырттан – Вертикал дүйнөнүн “үч катмарын” түшүндүрүп турат. Ал “ дүйнөлүк тоо” же “дүйнөлүк дарак” сыяктуу эле маанини билдирген Дүйнөлүк тотемдин образы. Б. а. Сырттан – Манас атабыздын “тотем” түрүндөгү көрүнүшү .

Кыскача кеп кылсак мындай: Манас атабыз жоого киргенде аны Жогорку дүйнөнүн ээси – Алпкара куш, Ортоңку дүйнөнүн ээлери – арыстан, жолборс жана кабылан, ошондой эле Төмөнкү дүйнөнүн ээси – Ажыдаар колдоп урушка кирет. Тик дүйнө боюнча ушул “үч жаныбарды” бириктиргенде биз “сырттан ” деп аталган сүрөттөгү табышмактуу жаныбардын көрүнүшүн алабыз. Мифологияда аны “грифон ” деп аташат.

Бул табышмактуу жаныбар – байыркы баатыр элдин улуттук духун билдирет. Дал ушул жаныбарды көтөрүү менен биз өзүбүздү табабыз жана өзүбүздүн улуттук дүйнө тааным менен биригебиз. Дал ушул“сырттан” бизди ата-бабалардын атактуу жолуна алып чыгат.

Дагы бир жолу айтам: Сырттан – Кыргыз элинин Улуттук Духунун тотем түрүндөгү көрүнүшү. 

 КҮН БАШТУУ АДАМ” 
Байыркы ата-бабалардын түшүнүгү боюнча бактылуу болор адамдын үйүнүн ичине түндүктөн кут куюлуп түшөт.

Байыркы арий мифи боюнча биздин атабыз “Манас да Күн кудайынын уулу”. Ал Асмандан Жерге адамзат тукумун кайрадан улап жашоо үчүн түшүрүлгөн. Күн уулу болгондон кийин Асмандан Жерге ал нурга айланып түшкөнүн боолгоп билүүгө болот.

Анан дагы Кыргыз этнониминин бир мааниси – “ күн адам ” дегенди билдирерин окурмандардын эсине сала кетейин. Ал: “хор-гуз”, “хур-гуз”, “күр-гуз”, ал эми перси тилинде “гурхеш ” формасында айтылган. Дал ушул учур өтө чоң мааниге ээ.

Түндүктүн ортосундагы шакекке (сүрөттү караңыз) түшүрүлгөн “ күн адамдын ” тамга түрүндөгү же“бүркүт баштуу, барс денелүү, жылаан куйруктуу” сырттандын элеси – түндүктөн үйдүн ичине куюлуп түшүп жаткан Кутту түшүндүрөт. Эки сүрөттүн тең мазмуну бир.

СОҢКУ СӨЗ
Баятан бери биз таянып кеп кылып жаткан башкы булак – ал “Манас” эпосу. Эпосто Кыргыз эли “үч түстүү” асаба көтөрүп жүргөнү ачык, так айтылып турат. Дагы бир жолу кайталап эске салайын:
Ак асаба, кызыл туу
Асман жарган улуу чуу
Көк асаба, кызыл туу
Көк жаңырган ызы-чуу!
Андан башка: “Ногойдон калган кызыл туу”, “Бабырдан калган кызыл туу”, “Айчыгы алтын кызыл туу” деген ыр саптары учурайт. Демек, бүгүнкү күнү бирөөлөр жэрип жүргөндөй “кызыл туу” башка бирөөнүн туусу эмес. Ал Манас атабызга түпкү аталардан калган. Демек ал асаба-туулар бизге да тиешелүү.

* * *
Ал эми “үч канат” тууралу “Манас” эпосунда маалымат жок” дегендерге төмөнкү ыр саптарын талдоону сунуш кылар элем:

Кыргыз, кыпчак, катаган 
Баарыбыз бир атадан 
.

Бул ыр саптары эмнени билдирет? Балким кимдир-бирөөлөр “бул жерде “үч канат” эмес, “ үч эл”тууралу айтылып жатат” деп билармандык кылар. Дал мына ушинтип ойлогон жана акыл үйрөткөн адамдар Кыргызды бөлүп-жарат. Дал ушул адамдар Кыргыздын чыныгы душмандары! А чынында,Кыргыз “Үч Канатты” ордуна келтиргенде гана улут катары таза сакталат жана өзүнүн адам тарбиялоодо алмашкыс эң мыкты коомдук системасын кайра жаратат.

* * *
Орто кылымдагы тарыхка түшкөн улуу уруулардын аттары менен атаганда жалпы Огуз эли: Монгол, Түрк жана Кыпчак тегинен тараган элдер болуп үчкө бөлүнөт. Кыргыз ушул үч элге бирдей тамыр. Тактап айтканда, Кыргыз Оң канаты аркылуу Монгол, Сол Канаты аркылуу Түрк, Ичкилиги аркылуу Кыпчак өзөктөрү менен биригип турат. Бул келечекте илимий изилдөөгө ала турган улуу багыт. “Биз кыргыздан тараганбыз” деп осмон түрктөрүнүн сөз жылдырганы да жөн эмес. Чын эле,Монгол менен Кыпчак ордолорун түзгөндөрдүн түбү кандай Кыргыз болсо, Түрк кагантын түзгөндөрдүн түбү да дал ошондой эле Кыргыз! Аны келечекте улут тарапты карай бурулуп, жаңы багыт алып жаткан тарых илими да далилдеп чыгат деп мен ишенем. Жеке менин изилдөөлөрүмдүн жыйынтыктары да ушундай бүтүмдөргө алып келүүдө.

“Жогорку үч элдин ичинен Кыргыз менен Кыпчактын жакындыгы эмнеде ” деген суроо болушу мүмкүн? Аны биз макаланын мурунку бөлүгүндө айтканбыз, окурмандардын эсине салуу үчүн дагы бир жолу кыска кайрып кеп кылалы: Байыркы Туран элдеринин түпкү жалпы аты – Огуз. Ал эми огуздар:аздар, уздар жана ичгуздар болуп үчкө бөлүнгөн. Түстүк аты менен айтканда ичгуздар – “кыр гуздар”. Андан “Кыргыз” этнониминин аты келип чыгат. Ошентип Огуздун өзөгү – Кыргыз, Кыргыздын өзөгү – Кыпчак! Кыргыз менен Кыпчактын жакындыгы мына ушунда. Б. а. экөө бир эле эл: бири – тамыр, экинчиси анын өзөгү .

* * *
Кыпчак трагедиясы тууралу мен кыска бир эле сөз айтам: Тамырынан ажыраган дарак кандай тагдырга туш келсе, Кыргыздан ажыраган Кыпчак да орто кылымда дал ошондой тарыхты башынан кечирди. Монгол жапырыгынан кийин уруу атын сактаганы менен улуттук – Кыргыз ысмын өчүрдү. Кайсы элдин арасында болсо, ошол элге сиңди. Улуу эл бөлүнүп-жарылды: Бир заманда Алтай менен Оролдун ортосун ээлеген кыргыздар бөксөрдү. Кыпчактын кырылышы менен Кыргыздын да “бели” сынды… Бирок Кыргыз “тамыр эл” болгону үчүн жок болгон жок, кайра чырпыктап өсүп, чынарга айланды.

Эми кыпчактын кайра жаңырар бир гана жолу бар, ал жыйылып, тамыры – Кыргыз менен биригиши керек. Ансыз ал кайра жарала албайт. Анткени кытайлар айткандай: “тамырсыз шыбак да өспөйт”. 

Ошентип биз туунун бетине “ үч түстү” түшүрүү менен унутулуп калган улуттук эс-тутумду кайра жаңыртабыз жана дээрлик “ үч жарым миң ” жылдык тарыхыбызды калыбына келтирип, Кыргыз элинжок болуудан сактап калабыз.

Байас Турал, «Айкын саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.06.-07.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.