Кыргыздын дагы бир таланты дүйнөдөн өттү

Манасчы жана маданият ишмери Уркаш Мамбеталиев 18-июнда Кыргызстан элдери ассамблеясынын курултайына катышуу үчүн келгенде капысынан көз жумган. Уркаш Мамбеталиев Кыргыз мамлекеттик филармониясында узак жылдар иштеп, “Манас” дастанын эл аралык деңгээлде таанытууга зор салымын кошкон өнөрпоз жана дастан айтуучу катары таанымал.

Кыргыз эл артисти, манасчы Уркаш Мамбеталиевди акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 20-июнда Бишкектеги Опера жана балет театрында болуп өттү. Залкар талантты акыркы сапарга узатуу зыйнатына вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов, президенттин администрация жетекчиси Эмил Каптагаев, Маданият министри Нурлан Шакиев жана башка бир катар мамлекет жетекчилери, коомдук жана маданият ишмерлери, карапайым элдер чогулуп, аза күтүштү.

Манас дүйнөсүн боюна сиңирген, кыргыздын нукура мүнөзүн алып жүргөн карапайым, баёо, кең пейил, жан-дүйнөсү таза Уркаш Мамбеталиевдин дүйнөдөн өтүшү жеке эле маданият тармагынын гана эмес, бүтүндөй кыргыз элинин оор жоготуусу болду. Тилекке каршы, мамлекет тарабынан ушундай улуу адамдын таланты бааланбай келгенине манасчы Талантаалы Бакчиев каңырыгы түтөп, көзү тирүүсүндөманасчыга Токтогул Сатылганов сыйлыгын өлкөжетекчилери кызганып бербей коюшканын эскерип, мамлекет жетекчилерин сынга алды.

У.Мамбеталиев Түп районунун Талды-Суу айылында 1934-жылы 8-мартта туулган. Эмгек жолу 1957-жылы Ысык-Көл драма театрында башталган. Кийин Т.Сатылганов атындагы кыргыз филармониясына “Манас” боюнча солист болуп кабыл алынган. У.Мамбеталиевдин айтуусунда “Манас” эпосунан “Манастын колунун Чоң казатка аттанышы”, “Колдун жолдо жүрүшү”, “Алманбет менен Чубактын жол талашы”, “Кичүү казат”, “Көкөтөйдүн ашынан” деген үзүндүлөр Кыргыз улуттук илимдер академиясынын “Манас” бөлүмүнөкабыл алынган.

Уркаш Мамбеталиевге 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1994-жылы Кыргыз эл артисти деген ардактуу наамдар ыйгарылган.

Жөнөкөйлүгү менен улуулугун билгизген, кыргыздын асыл сапаттарын алып жүргөн кыргыз элинин бирден-бир чыгаан таланттуу уулу Уркаш Мамбеталиев “Ала-Арча” көрүстөнүнөжерге берилди.

Кыргыздын таланттуу уулу Уркаш Мамбеталиевдин үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

“Фабула”  гезитинин жамааты («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.06.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.