Жаштыктын карылыгын, карылыктын жаштыгын толкон Макешова

Совет доорунда эле Айчүрөк Макешованын чебер калеми окурмандарга тааныш болуп калган. Анын “Кошокчу аял”, “Турмуш элеси”, “Каралдыңды унутпа” повесть, аңгемелер жыйнактары жарык көргөн.

2007-жылы “Туткун” романы басмадан чыкты. Улуу Ата Мекендик согуштагы тутканга түшкөн тагдырлар тууралуу бул чыгармасында элестүү жазылган. Мында турмуш чындыгы камтылып, жалаң кыргыздар эмес, согуш учурундагы көп улуттардын өкүлдөрү катышат. Автор менен маектешкенде бул чыгарма тууралуу төмөндөгүдөй айтып берген эле: “Улуттук интеллиген­ция­дагы айтылуу ысымдын ээси, академик Аскар Какеевдин өзүнүн атасы Күмөн Болотов деген белгилүү инсан болгон. Партиялык, советтик кызматтарда иштеген. Согушта жүргөндөтүштүк фронтунда болгон. Темиркул Үмөталиев “Моздок” аттуу  ырында жазган Моздок чөлүндөгү фронтко катышкан экен.  Согушта стратегиялык мааниси чоң дөңсөөнү алаарда эрдик көрсөткөн офицер болуптур. Ошондо, Моздокту алганда жарадар болуп, сырткы кийимин чечинтип, канга боёлгон документтерин алып кетишет. Кайра согуш болгондо жылаңач талаада калат. Өзүнүн полкунан аны СССРдин баатырлыгына көрсөтүшөт. Бул жакка кат келет. Эрдиги тууралуу классик акын  Жоомарт Бөкөнбаев жазган “Ажал жана ар-намыс” деген поэмасы ошол мезгилдин духун көтөргөн мыкты чыгарма катары таанылган.

Ошондо Моздок чөлүнөн колго түшүп калып, аны Германияга айдашкан. Эң кызык эпизод, Германияда  жүрүшкөндөкыргыздарга, азербайжандарга, казактарга өз-өзүнчөжашаганга орун беришип, ошондо “Милый Түркстан” деген журнал чыгат. Ошого чагатай тилинде “Манастан” үзүндү басышкан. Кыскасы, аз болсо дагы кыргыз элине немецтердин улуу эл катары баа бергендиги чындык. Көрсөдүйнөэли “Манас” эпосу менен башынан тааныш, тарыхын билишет экен да. Диверсиялык иштер да болот, качып кутулушат, кайра согуштун аягында катышып калышат. Бирок, кийин 25 жылга кесип жиберишкен. Түндүк уюлда болушат, анда кыйынчылыктар  өтөкөп болгон. Мына ушул тарыхый окуя тууралуу роман жаздым. Кийинки урпактар үчүн бул абдан сабак болучу окуя”, – дейт автор.

Айчүрөк Макешованын аталган романы баалуу сөзгөтатый тургандыгын мезгил өзү ырастайт. Анткени Совет мезгилинде мындай чыгармалар бааланган эмес.  Бирок, турмуштун өжөр чындыгы деген качандыр бир кезде каймактай калпып, тарыхтан өз ордун аларлыгы бышык эмеспи.

Чыгармачылык деген  бир ордунда турбастыгы менен өзгөчөлүү. Айчүрөк эже дагы калемин курчутуп, узанып, акыркы учурда жаңы чыгарманын үстүндөиштеп жаткандыгын уктук. Аңгеме-дүкөн курган мүнөттөрдөал мындай деди: “Кийинки мезгилде мен  атактуу ырчы Атай Огонбаевдин чыгармачылыгы  тууралуу  изилдеп, анын бейнесине сүртүмдөрдү  жазып жатам. Музыкага дагы кызыгуум бар эмеспи. Бул эмгегимде элдик талант Атайдын элге белгисиз жактары айтылат. Көбүн эл оозунан чогулттум. Бул киши  Жоомарт Бөкөнбаев Токтогул Сатылгановду изилдеп, ал тууралуу мыкты эмгектерди чыгарды. Акын, төкмө, революционер, бирок Токодо залкар күүлөр, термелер, обондуу ырлар бар экен да. Затаевич көп жазып алган, бирок обондорун өз үнү менен жазып албаптыр. Ушул жагы абдан  кейий турган нерсе.  Ал эми Атайдын “Күйдүм чогу” жазылып калды эле, эмне деген шумдук щедеврге айланды.” Ооба, бул сөзүндөкалет жок. Залкарлардын өз үнү сакталып калганынын мааниси чоң.

Тарыхый темага кызыгуусу артып жүргөнүн башынан билген жайым бар. Айчүрөк эже учурда Зууракан Кайназарова, Чолпонбай Түлөбердиев жөнүндөдагы жаңы китеп даярдап жатат. Таанымал инсан катары белгилүү болгон бул залкарлардын эл билбеген жактары көп эмеспи. Айчүрөк эженин мындай багыт алганы калетсиз чындык. Качанкыга чейин   тарыхый инсандардын таржымалы таанылбай жүрмөк эле. Эгемендүүлүктүн келгендиги сөз эркиндигинин баркын көтөрүп салбадыбы. Автордун максаты ошону алып чыгуу. Тарыхый инсандарга кайрылганынын себеби, көп учурда жымсалданган саясаттан чындык ачылбай калган жагдайлар бар да. Ошонун чындыгын алып чыгыш жүрөгүн кыйнаса керек. Элге сиңген каармандарды баары бир эл унутпайт. Алардын даңазасынан дагы пенделик жактарын да эл билгиси келет. Мына ошону калемдин сыйкыр күчү менен чебер алып чыгуу жазуучунун көркөм өнөр көрөңгөсүнөн болот эмеспи.  Айчүрөк Макешовада андай даремет бар.

Айчүрөк Макешовада жаратылыш берген, башкаларга анча окшобогон ажайып мүнөз дагы бар, анда жасалмалуулук жокко эсе. Болгонун болгондой бетке айтмайы жакшы. Мисалы, андан сыйлык, наамга кандай карай тургандыгы тууралуу сураганыбызда түз эле мындай жооп берди:

– Сыйлыкка жакшы эле карайм. “Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы” бар. Эми мамлекеттик наам да буйруган күнү келер. Мен ошол күндүн келишин күтөөрүм да чын. Анткени менин жазуучулук эмгегим бааланганын кантип каалабайын. Сыйлык, наамга кызыкпайм дегендер калп айтышат, абдан сонун кызыгышат, жөн эле сөзүн ырастай берген болбойт да, мен кызыгам, анткени эмгегим татыктуу деп эсептейм.

Ушундай ачыктыгы менен дагы бир нерсени ачык айтканына ким болбосун ыраазы болот. Бүгүнкү күндөкимдер гана китеп чыгарган жок?! Анын окурманы барбы, жокпу, бар болсо кимдер, кеп ошондо. Бул жаатында берген сурообузга берген жообу бул: “91-жылдан бери китебим чыккан жок. Китеп чыгарыш кыйын болуш керек деп жүрдүм. Ар ким эле атасы же башкасы тууралуу мактап, бай болбосо да түпкү атасын бай, манап атыктырып, ар ким өзү өскөн кокту-колоттун жазуучусу болгондор кө­бөйбөдүбү. Акча төлөнсө, калың катасы менен деле жарыкка чыгып кете берет тура, басма дегенге баары бир, ага акча керек экен. Ушуга капа болдум. Мен болсо китебимди  эптеп чыгардым, калемдештердин катарынан калбашым керек, канткен менен жазуучумун деп.

Бир таң калганым Таласка барсам бир туугандар жүз доллардан, бербеди дегени миң сомдон беришти. 500 китебим бир заматта өтүп кетти. Китеп жазуу бизнес болуп кеткен экен дедим. Эмне эле жараса, жарабаса да китеп чыгаргандар арбыды десе, көрсөбул дагы бизнеске айланыптыр. Кол тамга  менен жазып берип койсоң, куру эмес экен.

Таласта Бектурганова Күлбүбү деген илгери биз менен иштеген. Талас облрайаткомдун төрайымы, шаарком болуп жүргөн неме. Жалаң аялдар тууралуу открытка ж.б нерсени чыгара берет. Жолуккан сайын берип калат. Көрсөандай иш да бизнес экен. Азыр халтурщиктердин доору болуп калды. Залкар артисттердин үй-шарты начар, ал эми азыркы элдир-селдир ырчылар тойлорго барып жатып байып алышты. Мен дагы ушул жолго түшөйүн деп жатам, бирок халтурщик  болуп  кетем го деп корком.”

Айтса-айтпаса төгүнбү деп, Айчүрөк эженин бул айтканы  кишини ойго салат. Бирок кандай жол менен кетиш ар кимдин өзүнүн дээринен болот эмеспи. Бу киши сөздүн чыркыраган чындыгын айтып карап олтуруп калып жатпайбы. Абалтан укканга караганда чындык акыры издеп жүрүп болсо да ээсин табат дейт. Чындыктын өжөрдүгүнөтарыхта эч нерсе тең келбесе керек. Ошон үчүн Айчүрөк Макешова деген аттын дагы өз баасын алар күнү алдыда. Ылайым ошондой болсун. Азырынча Ай­чүрөк эжеге калемине кажыбас кайрат, өзүнөден соолук менен өмүр тилеп туралы. Анткени бир маселе бар, эми аял кишини жашын айтпайт эмеспи, окугандар өзү түшүнүп алар, эже учурда жаштыктын карылыгын качырып, карылыктын жаштыгына жашынып турган жакшы куракты тосуп турат.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 24.06.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.