“Чыңгыз бала кезинен ойчул болчу”

Акыйкатта, Сөз баккан кыргыз гана мына ушинтип айтат. Түпкү маанисин сүрүштүрө келсеңиз, адамзаттын өмүрү канчалык кыска да, бир гана Сөз, эс-тутум түбөлүктүү дегенди туюнтат. Ак сөз.

Чыңгыз Айтматов ошондой Сөз баккан Аалам алптарынын бири эле. Төмөндөгү макалада ошол  кишинин курдашы Тургунбек Суранчиев аксакалга сөз беребиз.

Абдыжапар Нурдинов

Балтыр канаган балалык…
Жаштайыман жетим калып, менин балалыгым көчөдө өттү. Азыр эстесем, ал кездеги адамдардын жүрөгү башкача болгон экен. Оокат-аш тартыш, элдин баары күн чыккандан  кеч киргенче колхоздун жумушунда иштешет. Жетиммин да, жумушка жарабасам деле колхозчулардын бутуна чалынып, мен да жүрө берем. Анткени, үйдө калтыра турган эч кимиси жоктор балдарын жумушка кошо ала келишет. Мен алар менен ойноп, ошолор эмне жесе кошо жеп, курсагымды тойгузам.

Колхозубуздун аты – “Жийде”, башкармабыз болсо Субанбек Куралиев деген киши эле. Чыңгыз кийин жазуучу болгондо бу кишинин кулк-мүнөзүн чыгармаларында дал өзүндөй кылып жазды. Ошол Субанбек башкарма ат араба менен Чыңгыздарды көчүрүп келгени күнү бүгүнкүдөй көз алдымда.

Чыңгыз менден эки жаш кичүү. Балабыз да, оюнга аралаш бири-бирибиз менен мушташа кетип, күндүн өткөнүн билбей калабыз. Чыңгыз көп ойночу эмес, ошондо эле китепти көп окуп, ойлуу, анан олуттуу жүрчү. Бизге кошулбайт,  бул “меринос” дешип балдар жекелеп калышат. Далай мушташты баштан өткөрүп, кашкөй болуп калгам да, көрүп калсам эле мен Чыңгызга болуша кетем. Ошентип экөөбүздүн мамилебиз пайда болду. Нагима апа Жийде колхозунда бухгалтер болуп иштейт. Мен барып калсам эле тамак бере берер эле.

Согуш убагында мен трактор айдайм. Чыңгыз болсо суу ташып берет. Ал кездеги тракторлорго загондун аркы башынан бир, берки башынан бир суу куюп турбаса, коленвалы ээрип кетчү. Бир жолу загондун башына чыксам Чыңгыз жок, күтүп атам, күтүп атам. Оо бир убакта келди ыйлактап, багалеги айрылып, балтыры канап кеткен. Көрсө, суу алам деп жыгылып кетиптир.

Эстен кеткис эстелик
Чыңгыз шаарда кызматта иштеп турган убагында жардам сурап бир кайрылдым. Алар анда Дзержинка-43тө жашачу. Тартуу кылып бир нерсе ала келейин десем, колумда жок. Кышында куйкалап бир кой сойгом, ошонун карчыгасы менен жамбашын алып келип калдым. Үйдө эмес экен, Нагима апа менен учурашып, күтүп олтуруп калдым.

Чыңгыз кечинде жумуштан келип, мени сыйлай кетти. Эсептеп көрсөк, жолукпаганыбызга 23 жыл болуптур. Мен ага ичимдик ичпейм деп койгом. “Ушул жолугушуу үчүн бирди алып койбойсуңбу”,-  деди.  “Мейли, сен суранып атсаң кантип албайын, куй”, – дедим. Коньяк көтөрүп келди эле, мен аны ичпейм, арак алып кел дедим. Ал арак алып келип, төөнүн көзүндөй болгон стаканга куйганы калганда, «муну менен ооз чайкаймынбы, куйсаң чоң стаканга куй», – десем күлүп: “Керез, жанагы колхозчу стакандан алып кел”,- деди. Ал стаканга 150 грамм арак, өзүнө төөнүн көзүндөй болгон стаканга коньяк куйду. Тартып жибердик. Экөөбүз көпкө чейин аркы-беркини сөз кылып, балалыгыбызга да кайрылып бардык. Анын чыгармаларындагы айыл турмушу, айрыкча согуш убагын чагылдырган окуялардын көбү башыбыздан чогуу өткөндүктөн, анын каармандарын мен беш колумдай таанып, колхоздун башкармасынан тартып, ат багарына чейин бул баланча, тигинде түгүнчөнү жазыпсың десем, “туура” деп күлүп олтурду. Ошончолук болгондон кийин өз аттары менен эле жазбайт белең деп калдым. “Жок Тургунбек, көркөм чыгармада андай болбойт,  сен тааныгандай ар ким өздөрүн таанып турганы эле жетиштүү. Анткени, көркөм чыгарма көпчүлүк үчүн жазылып, анда бир эмес, бир нече адамдын кулк-мүнөзү бир образга чогултулуп, түпкү маңызында адам баласын ойлонто турган таалим-тарбиялык мааниге өтөт. Ошондуктан адамдардын тагдырлары окшош болуп, бирок мааниси алдыңкы орунга чыгат”,-деп түшүндүрдү. Анан  ал: «эми сен эс ал, мен иштейин», – деди.

Азыр ойлосом, Чыңгыз ошол кезде эле биздин күндөргө эстелик куруп койгон тура.

Үй салганга Чыңгыз көмөктөшүп…
Эртеси эртең мененки тамакты ичип атып: «эмне жумуш менен келдиң?»- деп сурады. “Үй салайын десем шыйпыр жок, шыйпыр түгүл шиш жыгач алганга акчам жок. Тапкан айлыгым 80 сом, ага 8 баламды багып жатырмын. Анан сенден үй салганга жардам сурап келдим”,- дедим. «Ойлончу иш экен, сен кам санабай эс ала бер»,-  деп жумушуна жөнөп кетти.

Бир убакта Нагима апа сени Чыңгыз телефонго чакырып жатат дегенинен барсам, ал:

–          Фамилияң Суранчиев беле?- дейт.

–          Эмне, унутуп калдыңбы?- деп мен фамилиямды айттым.

Кечинде келип, “сага колхоздон 150 шыйпыр, 7 куб тактай, 1000 сом берет. Бирок, сен мага эмес, аксакалга (Кулатовго) кирдим деп айтасың деп үйрөттү.

Эртеси мен Таласка кеттим. Үйгө келсем кемпирим: “кечээтен бери эле биздин короону селсоветтен бир, колхоздон бир келип өлчөп жатышат”,- деди. Анан мени кеңсеге чакырышты. Барсам, «эмнеге Фрунзеге бардың, бизге келбейт белең»,- дешти. Силерге кайрылгам, эч жыйынтык айтпаганыңардан кийин бардым деп жооп бердим. “Кимге кирдиң”,- дешти эле, Чыңгыз үйрөткөндөй: “аксакалга бардым”,- дедим. Анан мага 70 шыйпыр беребиз дешти. “Мага тиги жактан 150 шыйпыр берет деп айтышкан”,-  деп мен болбойм. “Ой, сенин үйүңө 70 эле шыйпыр жетет, биз эсептеп чыктык”,- дешти. Мен болсо, сарай да салам деп көнбөйм. Акыры тартышып жатып 90 шыйпыр, 7 куб тактай, миң сом беришти.

Ошентип, ошол эле жылы бир жайда Чыңгыздын аркасы менен үй салып алдым.

“Замандаш”, 2010-жылдын декабры.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.