Эне тилин унутуп бараткан муун

Орусияда отурукташып калган кыргыз мигранттарынын экинчи мууну кыргыз тилин күнүмдүк турмушта гана аз-аздан колдонуп, эне тилин бара-бара унутуп баратат.

Ошону менен бирге учурда Орусияга кыргыз айылдарынан жумуш издеп баргандардын агымы күчөдү. Бирок алар орус тилин начар билет, же таптакыр билбейт.
Кыргыз тилин аргасыз унуткандар
Биз Ошто жүргөндө Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылынын тургуну Маматсагын Калбаевдин үйүнө баш баккан элек. Маматсагын аксакал эми эле Орусиянын Красноярск шаарынан жайкы эс алууга келген неберелери менен баарлашып отуруптур.

Мындан 10 жыл мурун “Неберелериңиз  кыргызча билбей калышат” деп бирөө айтчу болсо, өмүр бою тоодо жашаган Маматсагын ата ал кишиге ишенмек эмес. Бирок бул кырдаалга кимдир бирөө күнөөлүү деп да айта албайт.
– Биздин каада-салт, үрп-адатыбыз гана эмес, эне тилибизди билбей чоңоюп атышкандарына аябай өкүнөм. Бирок шартка жараша, балдарымдын баары эле Орусиянын жараны болуп калышты.

“Кыргызчаны чала билген бул балдардын мекени Красноярск болуп калабы?” – деп ойлонот Маматсагын Калбаев.

Ошентип Кыргызстан Орусияда жашап, билим алып жаткан өспүрүмдөр үчүн – жайкы мекен болуп калды. Алар кайтып келишеби же жокпу  – бул да бүдөмүк. Ушул  абал азыр Орусияда жүргөн жүз миңдеген мигранттардын ар биринин үй-бүлөсүнө тийешелүү.

Жекшембилик мектеп качан ачылат?
Эми Москва шаарына барсак. Москва мамлекеттик лингвистикалык университетиндеги Кыргыз тили жана маданияты борборунун жетекчиси Жеңишгүл Байтерекова кыргыз тилин чет тили катары окутуу усулдарынын автору. Ал университетте кыргыз тилин үйрөнөм дегендерге сабак берет. Жеңишкүл эжейге кайрылгандардын көбү – кыргыз мигранттары.

Бирок бул муктаждыкты башка жол менен чечиш керек дейт Жеңишгүл Батйерекова. Ал жол – жекшембилик кыргыз тил мектеби.

Тил  боюнча адистин айтымында, жок дегенде Орусиянын борбору – Москвада кыргыз тилин балдарга үйрөткөн жекшембилик мектепти ачуу көйгөйү качан эле бышып жеткен. Ал мындай мектеп ачылса эле, Орусиянын башка аймактарына да тарамак деген ойдо.

Орусиядагы башка диаспоралар да улуттук тилге болгон муктаждыктарын мына ушундай ишемби, жекшемби күндөрү иштечү класстар аркылуу чечип келе жатышат. Кыргыз тили жана маданияты боюнча жекшембилик мектепти ачуу үчүн кыргыз өкмөтүнүн, Тышкы иштер жана Билим берүү министрликтеринин да көмөгү зарыл.

Кыргыз тилин унутуп бараткан муун менен бирге жыл сайын Орусияга орус тилин такыр билбеген жаштар да келишүүдө. Бул боюнча орус бийлиги кулак кагыш кылып, жакынкы арада Кыргызстандын айрым аймактарында Орусияга аттанган мекендештерибиз үчүн  атайын орус тилин үйрөтчү курстар да ачылаары туурауу сөздөр болууда.

Мамлекетик тилди өнүктүрүү  – орус тилин чануубу?
18-июнда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Кыргызстан элинин ассамблеясынын курултайында этностук өнүгүү боюнча концепция кабыл алынганын билдирип, андагы эң негизги орунду – мамлекеттик тил – кыргыз тили алаарын белгилеп өттү.
Президенттин пикиринде, кыргыз тили – өлкөдөгү бардык этносторду бириктирчү көпүрөгө айланыш керек жана мектептер “кыргызчалана” турган мезгил келип жетти. Ошону менен бирге президент орус тилин эч ким чанбаганын да кошумчалаган.
Ушул эле 21-июнда Бишкекте орус китебинин үйү ачылып, ага катышуу үчүн Орусиянын мурдагы маданият министри жана учурда Орусиянын маданияттар аралык кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой келип, билим берүү системасынын кыргыз тилине өтүшү билим сапатынын төмөндөшүнө алып келээрин айткан.
Билим берүү системасын “кыргызчалоо”  канчалык мүмкүн?

Биз эми Ош шаарындагы “Айданек” балдар бакчасына кирип көрөлү.

Түрдүү улуттар барган бала бакчада окутуу орус тилинде жүргүзүлөт. Мындай көрүнүш Советтер Союзунан калган адат. Бакчанын директору Саламат Ашимбаева мектепке барайын деп калган балдарга кошумча мамлекеттик, кыргыз тили да үйрөтүлөөрүн айтат.

Кыргыз тили боюнча жаңы  “саясат” мына ушул карама-каршылыктарды чече алабы же көйгөйдү чечүү жолу – экономикалы жаатта жатабы?

Кара-Кулжадагы Маматсагын Калбаев Красноярскта жашаган неберелери менен баарлашып жатып, ушуну ойлойт.

“Эгерде Кыргызстанда кадимкидей жашоо болуп, жумуш болгондо, ушул балдардын бардыгы кыргызча билип, кыргызча чоңоймок. Биздин ушул каада-салт, үрп-адатыбызды, кыргыздын кыргыздыгын улап чоңоймок ушулар. Эми ушулар ким болот кийин?..”

Аида Касымалиева, “Азаттык”, 27.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.