Көз ачып, көкүрөк ойготкон акын

Биздин  жогорку класстарда окуган  мезгилибиз аңтар-теңтер заманга туш келди. Окуучулар эмне окуп, эмне жазарыбызды, мугалимдерибиз эми сабакты кандай өңүттө улантарын билбей бир саамга делдирей түшкөн мезгил болчу. Эки-үч барактан жазып айрып ыргытып, сындырып, оңду-солду  урунган калем, дептерлерибиз заматта жылан сыйпагандай жоголуп, эзели “таңкыс”, “жок” деген сөздөрдү түшүнбөгөн жаныбыз үнөмдөй албай кыйнала түштүк. Бирок, ошого катар чоң турмушка жаңыдан аттанар алдында турган өспүрүмдөрдү  кандайдыр башкача  жашоо кумары өрөпкүтүп жатты. Ооба, жалаң коммунисттик идеологияга сугарылып тарбияланган бизге өзүбүздүн эле ыр-күүлөрүбүз кулакка мукам жаңырып, он беш республиканын бири катары кайсы бир майрамдарда көргөзмө иретинде кийген улуттук кийимдерибиз көзүбүзгө эми адеми көрүнүп, Нооруз майрамыбыз, улуттук оюндарыбыз кыргыз канын кайрадан дүргүтүп, биз үчүн керемет дүйнө ачылгандай болду. Азыр ошол кезди эстеп отуруп,  куралсыз эле басынтып кул кылган шовинисттик идеянын күчүнө, тил-оозубуз бар туруп дудук, көзүбүз көрүп, көкүрөгүбүздү сокур кылган мезгил сенектигине, андай кордукка нечен жыл кың этпей чыдаган элибизге тан берем. Ошентип бир калыпта жашай берсек не болмок? Жок, багыбызга жаралган Чыңгыз атабыз улут, тил маселесин көтөрүп, аң-сезимибизди ойготуп, бир тууган он беш республиканын ичинен алгачкылардан болуп мамлекеттик тил статусун алдык. Азыр бизге айтууга оңой болгону менен бул ошол мезгилдин оңбогондой  талуу, чуулгандуу саясаты экен.

Ал эми мектеп окуучуларына тилдин улуулугу, тилсиз эл – эл эмес экендиги, кылымдарды карыткан  байыркы кыргыз тили жок болуп кетүү коркунучунда тургандыгы, жомоктой коммунизмге эмес кайдыгерликтин сазына баткан коомго карай баратканыбыз, аянычтуу абалыбыз Шайлообек Дүйшеев деген акындын ырлары аркылуу жетти. Жөн да жетпей, мурда биз жаттап жүргөн акындардын кадимки ырларындай  жаттаганга оңой, көнүмүш эмес, адабий кече, конкурстарда көркөм окуганга, талдаганга, анан таасирленип дилбаян, ыр жөрмөгөнгө ылайыксыз баш-аягы эпке келбей, тил сындырып, ойкуп-кайкып жетти.  Баарынан да ал саптар эң бир карапайымдыгы, курчтугу менен дароо жүрөккө жетип барат экен. Кан-жаныңды аралап, бүткөн боюңду титиретип мээге түз тийгени менен айырмаланат экен. Шайыңды оодара сестентип, эсеңгиретип, ошол эле учурда намысыңды козгой чыйралтып, сергитип салат экен. Башкаларды билбейм, мен так ушинтип акындын ырлары сымал тентек таасирлерге баткам.

Кайдыгерлик деген эмне
Каракчыдай кайтарып өзүбүздү
кайдыгерлик деген эмне
кашайтып көзүбүздү,
айттырбай сөзүбүздү
бычаксыз канап бүттүк,
кайдыгерлик дегенден биз
таптакыр тажап бүттүк!
Кайдыгерлик дегендин
капканынан чыкпай жүрүп,
жаманын да, жакшысын да,
гүлүн дагы, күлүн дагы
бир жерге камап бүттүк.
Жашоодо ыйды көрдүк,
сыйды көрдүк,
жылдызсыз жылмаңдаган түндү
көрдүк,
жыргалдан көз ачылбай жыгылып
жаткан жерде Күндү көрдүк,
тургузбадык!
Жыгылып жаткан жерде Айды көрдүк,
тургузбадык!
Кайдыгерлик!
Кайдыгерлик!
Анан тим калчубузбу, таймаш, адабий-музыкалуу кече, поэзия кечи дегендерди өткөрөбүз деп чыгабыз да. Башка мектептер менен жарышабыз дейбиз да. Мына эмесе деп туруп, агай-эжейлерибиз коңшу Авлетим айылындагы чоң мектеп менен келишип, таймаштын программасын түзүп, колубузга карматып коюшту. Эки тарап тең сөзсүз түрдө Шайлообек Дүйшеевдин “Кайдыгерлиги” менен “Кыргыз тилин” көркөм окуйсуңар, кана көрөлүчү кыйындыгыңарды дешкени менен өздөрү бизден бетер делөөрүп, эртели-кеч даярдыгыбызды текшеримиш этишип, жаныбыздан кетишпейт. Ого бетер шерденип алабыз. Эми ойлосом мугалимдерибиз деле буга чейин турмуш чындыгын  ачык айталышпай буулугуп жүрүшкөн өңдүү. Ал эми биздин жоо чаап ала тургансып эдиреңдегенибизди “Кыргыз тили” чыгарчу болду.

Кыргызмын дейсиң мага
Кыйшактап бийлеп туруп
Кыргызмын дейсиң мага
Тамекинин түтүнүн үйлөп туруп
Кыргызмын дейсиң мага
Кыргызча араң сүйлөп туруп
Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар
Кылым кезген тарыхын унуткандар
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип
Каада-салтын калкынын унуткандар!
Тил жоголбойт,
жоголсо, жоголот дил,
уулуң дагы,
кызың да
жоголот, бил!
Тил жоголбойт,
жоголсо айланасың
колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Мен кыйынмын деген балдар-кыздардын баары тердеп-кургап көркөм окуй албай бир канча күн убара тарттык. Кыргыз баласы болуп туруп “Кыргыз тилин”окуй албайт деген эмне тамтык? Жыйынтык чыкпаган соң кыргыз тили жана адабият сабагынан берген  Искендерова Раскан эжейибиз таймашыбызга кошо катышып, Шайлообек Дүйшеевдин “Кыргыз тили” ырын окуп берип абийирибиз жабылган.

Ошол акын агайыбыз, белгилүү журналист жана сөзустабыз, Б. Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын ээси, Кыргыз Эл  акыны Шайлообек Дүйшеев быйыл алтымыш жашка чыгыптыр. Бала кезде будуң-чаң түшүргөн ырларын жан дүйнөбүзгө түнөтүп көзүбүздү ачкан акынды жанынан көрүп, кеп-сөзүн угуп, кутман курагына арнап макала жазууну буйруп койгон тагдырдын кенендигине сүйүнүп отурам. Ылайым бар болуңуз, Шайлообек ага!

Нурзада Ташбаева, “Замандаш” журналы, 11.2010-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.