Кудай сүйгөн Куйручук

Жалпыга маалым болгондой, быйыл айтылуу олуя, куудул, манасчы, акын, балбан, айтор көп таланттын ээси болгон Куйручук Өмүрзак уулунун 145 жылдыгы июль айында анын кичи мекени Жумгал өөрөнүндө жана Сөң-Көлдө мамлекеттик деңгээлде белгиленгени турат. Биз ошол мааракени утурлап, жазуучу Эркалы Өскөналынын эл оозунан 13 жыл бою жыйынап жазган “Кудай сүйгөн Куйручук” аттуу китебинен үзүндү берип турмакчыбыз. Жарыя катары айта кетсек, бул 600 беттен турган китеп жакында 3000нуска менен жарык көргөнү турат.

Куйручуктун бала чагы…
Көзүмө чөп түшүп кетет…
Үйдө дагы киши жок. Шибеге үзүктө төөнөлүп турат. Кудайберген бала бешикте жатат. Самтыр босогону аттады. Жанагы шибегени алмак болуп, колун сунду. Ээн үйдөн добуш угулду:
– Эй, киши!.. Арыраак турчу, көзүмө чөп түшүп кетет… Алба, алдагы атамдын шибегесин!.. Өзү чокоюн көктөйт.
Бешиктеги бала ушинтип сүйлөдү. Ой тобо! Бешиктеги таңылуу “ымыркайдын” оозу орок оруп, тили буудай кууруп жатканын карабайсыңбы! Самтыр жакасын карманды.

Көнөчөктөгү каймак
Кудайберген бала Султанкул байдын үйүндө каракурсагынын камында жүргөн чагы. Козу байлап, кой саадырышат. Талаадан тезек, куурай терип келет. Ушундай күндөрдүн биринде байдын үйүнө кудайы-конок катарында бир сыйлуу киши келип түштү. Үй ээси коногун жарык кабагы, жакшы саламы менен тосту. Чайын самоорго кайнаттырды. Дасторконун жайнаттырды. Куйруктуу козу сойдуруп, байталбээнин балкымызын койдуруп, конок үйүндө күтүмүн келиштирди.

Бай менен баракаттуу конок өткөн замана тарыйкаты жөнүндө маектешип, узун күндү кечкиртишти. Көз байланып, күүгүм киргенде, Кудайберген коломтого утуру куурай таштап, үйгө жарык берип турду.
– Бай, береги балаңдын көзүндө кеп бар экен! – Конок Кудайбергенди айланта тиктеди.
– Жок. Баламда кеп деле жок,- деди бай. Жүүнү тирүү. Куймакулак. Жакшы эле бала.
– Жок, байым. Бу жубарымбектин көзкарамы, кишини тиктеши адамдан башкача турбайбы… Ай, көзүндө балакет жатат!

Конок ушинтип өзү тийиштик кылып, Кудайберген баланын бейкут ойлорун козутту:
– Бу күрөң бука, менин көзүмө асылды да калды. Сага бир кызыкты кылбасамбы! – Шокбала ичинен толгонду.

Ушу айылда жылантилдүү, бейжай, тажаалдыгы таш кескен жесир катын бар эле… Ооба, Кудайберген капыстан ошо катынды эстеп, өзүнчө жылмайып койду. Бакырчаак төөдөй катынга байдын коногун бир эбин таап, жолугуштуруп койгусу келди. Баса, коноктун аты да кызыктай, Чилмерген экен. Ошентип, шокбала ажаан аялга Чилмергенди чилдей аттырмай болду.Бозүйдүн түндүгүнөн жылдыздар шыкаалаганда, эт жеп бүтүштү. Соңунан чай ичилди. Тасмал жыйналды. Эл жатаар маал келди. Керели кечке балкымызга бой кызыткан, ширин этке курсак ысыткан жаңкы конок жаздыкка башы тийгенде эле уйкуга кетти.

Кудайберген бала жыландай жылып, эшикке козголду. Жылдыздар гана баланы көрүп турушту. Ал баягы ажаан катындын үйүнө жөнөдү. Сагызгандан сак, коёндон жапыз болуп, босогодон үйгө сойлоп кирди. Керегеге илинген көнөчөктү көтөрүп чыкты. Жылдыздар гана баланы көрүп турушту. Бала шырп эттирбей, үйгө кирди. Көнөчөктөгү каймакты коноктун сакал, мурутуна шыбады да, көнөчөктү коноктун төшөгүнүн баш жагына коюп койду.

Таң агарды. Бай даарат алууга камынды. Аңгыча, баягы ажаан катындын бакырыгы угулду. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, алкынып-жулкунуп келатат.

– Ой, деги тынччылыкпы? Сабыр кылсаң, болбойбу? – деди бай катынды жоошуткусу келип.
– Каяктан тынччылык болот! Сенин куураган куу жетимиң, апасын, атасын кошоктоп жутканга да тоюнбай, алтүндө үйүмө ууруга кирип, көнөчөктөгү каймакты көтөрүп кетиптир!

Түндүк жабуу тартылды. Бай менен катын үйгө киришти. Жок. Көнөчөк жетимдин эмес, коноктун төшөгүнүн башында турат. Сакал-муруту майланышкан. Жесир катын алаканын шак койду:
– Катыгүн, байым! Каймакты коногуң уурдап жеген турбайбы!.. Ачка жаткырдыңар беле?.. – Бакырчаак төөдөй катын бакырып, эшикке чыгып кетти.

Чилмерген көзүн ачып, ойгонду. Байдын заманасы куурулуп турду:
– О, Кудай төбөңдөн ургур! Эмне, түндө бир козунун этине тойбой калдың беле? Мени эл-журтка шерменде кылбадыңбы! Өлүп баратсаң деле, уурдабай койбойсуңбу!
Жылдызы көктөн тайыган коноктун өлбөгөн төрт шыйрагы эле калды. Жылуу төшөктө Кудайберген бала култуюп жатты.

Эркалы Өскөналы, Добулбас” («Кыргыз гезиттер айылы»), 28.06.2011-ж.


Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.