Кочкор-Башы тууралуу кайчы маектер

Кочкор өрөөнүндөгү Дөң-Алыш кыштагынан түндүк-чыгыштагы “Манастын Кырк чоросунун күмбөзү” деп аталган, бирок 16-18-кылымдарга таандык көрүстөн. КУУнун окутуучусу, археолог Ороз Солтобаевдин “Азаттыкка” белекке берген сүрөтү. 02.7.11.

Кочкор өрөөнүндөгү Дөң-Алыш кыштагынан түндүк-чыгыштагы “Манастын Кырк чоросунун күмбөзү” деп аталган, бирок 16-18-кылымдарга таандык көрүстөн. КУУнун окутуучусу, археолог Ороз Солтобаевдин “Азаттыкка” белекке берген сүрөтү. 02.7.11.

Кыргыз археологдору Кочкор-Башы шаар чалдыбарында казуу жүргүзүп 2-июлда кечкурун Бишкекке кайтышты. Быйылкы иликтөөнү жетектеген археолог Ороз Солтобаев мырза менен Кум-Дөбө айыл өкмөт башчысы Бакай Увалиев ишембиде (2-июлда) бул шаар чалдыбарынын азыркы жана болочокку тагдыры тууралуу “Азаттыкка” маек курушту.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин археолог окумуштуулары жана тарыхчы студенттер быйылкы жайкы изилдөө мезгилинде Кочкор өрөөнүндө орто кылымдарда гүлдөп-өнүккөн Кочкор-Башы шаар чалдыбарында казуу жүргүзүп, 2-июлда кечкурун Бишкекке кайтышты.

Бирок быйылкы иликтөөнү жетектеген археолог Ороз Солтобаев мырза  Кум-Дөбө айылдык бийлик өкүлдөрү алгач археологдорго  тоскоол кылышканын “Азаттыкка” билдирди.

Окуянын чоо-жайын экинчи тараптан билүү үчүн айыл өкмөт башчысы Бакай Увалиев мырзага да кайрылдык.

Кочкордон Бишкекке кайтып бараткан учурунда “Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен уюкфон аркылуу маектешкен илимпоз Ороз Солтобаев мырза быйылкы көйгөй жана шаар чалдыбарынын бүдөмүктөнгөн  болочогу тууралуу мындайча айтып берди.

О.Солтобаев:
– Чындыгында, биз келген күнү эле жергиликтүү Кум Дөбө айыл өкмөтүнө кайрылып, казууга уруксат кагаздар менен башка документтерди көргөзгөндө айыл өкмөт башчы тарабынан бизге терс мамиле жасалгандай болду.

Тагыраак айтсак, Бакай Увалиев деген айыл өкмөт башчы бизге келип: «Бул жерди эмне үчүн казып жатасыңар, кандай уруксат кагаздарыңар бар,» – деп болбогон шылтоолорду айта баштады.

Эртеси күнү ал кайра келип: «Акимге, мамлекеттик каттоого (“госрегистр”) барып уруксат алыңыз», – деген дооматтарды айтты.

Мен болсо илимий иликтөөгө акимдин, мамлекеттик каттоонун эч кандай тийешеси жок, мына менин тийиштүү кагаздарым турат, бул мыйзамды окуңуз десем, «мен мыйзамыңызды окубайм», дегендей терс мамиледе жооп берди.

“Азаттык”:
Ороз мырза, андан кийин райондук бийликке, прокуратурага дагы кайрылган экенсиз. Ким тарабынан сизге жардам болду?

О.Солтобаев:
Алгач Кочкор районунун акиминин орун басары Зарылбек Табалдиев, маданият тармагын тейлеген Элмира Сагындыковна Амантаева деген акимдин өкүлүнө кайрылып, болгон ишти түшүндүргөнүмдө, алар бир чети мени колдоп, бир чети так жооп бербестен «бул жерде айыл өкмөтү, райондук кеңеш тарабынан чечим кабыл алынды эле. Элдин абалы оор болуп жатат. Ушуну бөлүп берсек», – деген пикирлерин айтты.

“Азаттык”:
Ал – тарыхый мурас, байыркы урандылар калган жерди жеке менчикке бөлүп берүү чечимиби?  Чечимдин маңызы эмнеде?

О.Солтобаев:
Мен өз алдымча иликтеп, төмөнкүдөй жыйынтыкка келип отурам. Бул шаардын урандысынын айрым бөлүктөрү жер совет мезгилинде бузулуп…

“Азаттык”:
Ороз мырза, СССРде: анын ичинде Борбордук Азияда «дың бузуу» деген өнөктүк жүрбөдү беле. Ошол учурда шаар калдыгынын бир катар урандылары айлоо астында калган эле. Ошону айтып атасыз да, э?

О.Солтобаев:
Ошону айтып жатам. Тагыраак айтканда, 1976-жылдардан бери бул жерде айыл-чарба жумуштарын жүргүзүп келишиптир. Анын негизиги бөлүгүнө – Карабак деген тилкесине мурдагы башкармалар тарабынан коргоо иретинде атайын кара бактарды тигишиптир.

Мен сураштырсам, бул жерге «эч ким тийбесин» деген мааниде бак  тигилиптир. Мына ушул жерлерди эми жеке менчикке чыгаруу жөнүндө документтер бар экендиги айкындалып отурат.

“Азаттык”:
Сиз бул талаштуу маселе менен райондун прокуроруна барган экенсиз. Ал эмне дейт?

О.Солтобаев:
– Мен бул боюнча алдын-ала тактап алайын деп мамлекеттик каттоо бөлүмүнө барганымда, мындай жер бөлүштүрүү болгондугун айтты. Бирок ал «биз ижарага («арендага») гана бермекпиз», деп кутулуп чыгып кетти.

Ал эми прокурорго барып, ага болгон иштин жагдайын түшүндүргөнүмдө, ал менин көзүмчө айыл өкмөт башчыга телефон чалып эмне үчүн (археологдорго) тоскоолдук кылып жаткандыгын түшүндүрүп берүүнү өтүнгөндө, андан толугураак жооп болгон жок. Ошондуктан прокурор бизге: «Сиздердин ишиңиздер мыйзамдуу экен. Эми барып, илимий ишиңиздерди жүргүзө бериңиздер»: –  деп айтты.

“Азаттык”:
Кыргыз Улуттук Университетинин археолог окумуштуусу Ороз Солтобаев, кесиптеши Михаил Москалев жана башка изилдөөчүлөр Кочкор өрөөнүндө Кочкор-Башы шаар калдыгын иликтеп келишет.

Алардын дагы бир устаты – профессор Кубат Табалдиев мырза ушул сыяктуу эле Ысык Көлдүн Тоң районундагы Кан-Дөбө эстелигин иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Кубат мырза дагы бул окуяга тынчыздануусун билдирди.

Эми эң башкысы тарыхый эстеликтерди кайсы жерде, кандай калыбында болсо дагы сактап калып, жалпы улуттук мурас кылып, керек болсо ЮНЕСКОнун тизмесине киргизип андан ары иликтөө керекпи? Же болбосо андай жерлерди жеке менчикке тарттырып жиберип отуруп калуу керекпи? Мына ушул маселе кабыргасынан коюлуп жатат да, ээ?

О.Солтобаев:
– Туура. Биз 3 жерде алдын-ала казуу иштерин жүргүздүк. Биз күткөн, көп үмүттөндүргөн, келечекте көп жылдар бою изилдөөлөр жүрө турган материалдар бардыгына толук көзүбүз жетти.

Тагыраак айтсак, орто кылымдарга мүнөздүү ушул эле шаар чалдыбарында жасалган айнек идиштердин, кыш  зоотторунун чыгышы, темир эритүүчү атайын устаканалардын болгондугу тууралуу кичинекей гана жерде изилдөө иштерин жүргүзгөндө өзүбүз күбө болдук.

Бул шаардын маданий катмары төрт метр тереңдикке чейин жетип жаткандыгында болуп жатат.

«Азаттык»:
XI кылымдагы атактуу окумуштуу, аалым Макмуд Кашгари өзүнүн дүйнө картасында Кочкор-Башы («Кочңар-Башы»)  деп ушул шаарды көрсөткөн экен да. Шаар чалдыбары азыр дагы туристтерди өзүнө тарта тургандай, илим чөйрөсүн кызыктырган өтө маанилүү жер экенин, ошонун калдыгын өз айылында сактап калуу сыймык экенин жергиликтүү тургундар түшүнөбү? Алар сиздерди колдодубу?

О.Солтобаев:
– Чындыгында эле биз казуу иштерин жүргүзүп жатканда ошол айыл тургундагы келип, биз тапкан буюм-табылгаларды көрүшүп, бул жерде шаар болгонунун аныктыгына көздөрү жетип, кызыгууларын айтышты.

Эми айрым бир аткаминерлердин («чиновниктердин») жанакыдай өзүм билемдиги, жосунсуз жоруктары кичине өкүндүрөт.

“Азаттык”:
Чоң ыракмат! Сапарыңыздар байсалдуу улансын.

О.Солтобаев:
– Рахмат.

“Азаттык”:
Ушул эле 2-июл күнү кечинде Нарын облусундагы Кочкор районунун Кум Дөбө айыл өкмөт башчысы Бакай Увалиев менен уюкфон аркылуу байланыштык. Бакай Увалиев мырза археологиялык казуулар жайынын ижарага бөлүнгөнү жатканын, эми чечим Жогорку Кеңеште калганын, казууларга каршылыгы жоктугун «Азаттык» үналгысына мындайча түшүндүрдү:
Б.Увалиев:
– Мен ошол жерде мамлекеттин өкүлү болуп отурбайымбы. Ал 14 гектар жер өзү мамлекеттин жери, мамлекеттик корго таандык жер.

Ал жерге (археологиялык) экспедиция келип, кагаздарын көрсөткөндөн кийин «кудай жалгасын, Кочкорго барып, мамалекеттик каттоодон өтүп коюп, баштай бергиле» дегем.

Анан мамлекеттик каттоого барбай туруп кайра башташыптыр. Бакыт деген жер инспекторго телефон салсам, «акты жазып туруп, бул жерден келип өтүшсүн, анан башташсын» деп айткан. Болду, башка эчтекеси жок.

“Азаттык”:
Бакай мырза, эгерде ошол жер туристтик мазар сыяктуу дүйнөнүн булуң-бурчунан кишилер Кочкор-Башынын урандысы экен деп келе тургандай өтө маанилүү жер деп эсептелеби, айыл өкмөтүндө?

Б.Увалиев:
– Э кокуй, андай болгон күн кайда экен, анда жыргабадыкпы?! Эми ылайым эле ошондой болуп калсын! Баарыбыз тең ошого тилектешпиз.

“Азаттык”:
Анда жакшы экен. Дагы бир суроо:  айрым бир санааркоолорго караганда, дал ошол жер – тарыхый урандынын калган-каткан бөлүгү – ушул учурда  20 чакты кишиге ижарага бөлүнүп берилип жатыптыр деген сөз болууда. Мунун чындыгы барбы?

Б.Увалиев:
– Берилип эле келген да. Бул быйыл эле эмес, тээтиги колхоз-совхоздор бөлүнгөндө эле ижарага («арендага») берилген. Ал (мурдагы) совхоздун жери бош турбай, иштетилиши керек.

“Азаттык”:
Бирок Бурана, Манастын күмбөзү сыяктуу жерлер эч качан иштетилбеши керек. Андай жерлер илимий казуу үчүн сакталып, туристтик жай болушу керек деген атайын мыйзам бар эмеспи?

Б.Увалиев:
– Мен эми мамлекеттин жериндеги (жергиликтүү) өкүлүмүн. Эгерде менден чоңураак инстанция келип: «Бул – тарыхый жер экен. Калсын!» – десе, менин эч кандай аткарбаска акым жок.

“Азаттык”:
Бул жер азырынча 49 жылга ижарага берилгени жатабы?

Б.Увалиев:
– Жок-жок. Акыркы убакта ижара болгону 5-7 жылга чейинки мөөнөткө гана берилет. 1 жылга, 5  жылга алгандар бар.

“Азаттык”:
Жакшы, ал эми 5 жылдан кийин «табагыбызды» таппай калбайбызбы? Бул жерге эгин айдап, урандылардын баарын талкалап, сугат жерине айландырып койсо 5 жылдан кийин эмне калат?

Б.Увалиев:
– Кечирип коюңуз, бул жер тээ илгертеден бери айдалып келген айдоо-сугат аянты. Ал жерде мындай сыртка чыгып калган эч нерсеси жок. Иштей берсин, казсын. Тарыхый мааниси болсо тиешелүү жерин курчап, коргоо керек.

“Азаттык”:
1976-жылдан бери чын эле шаар чалдыбарына кирген бир кыйла жер айдоого айланып калган. Бирок тарых, илим, эл үчүн далай керектүү табылгалар дайынсыз жок болуп кетпедиби. Эми мындан ары калган-каткан бөлүгүн ижарага бөлүп таркатуу аракетине айыл өкмөтү каршы турушу мүмкүнбү?

Б.Увалиев:
– Бул жерде мыйзамга баш ийебиз да. Бул жер – тарыхый жер деп аныктала электе эле бул жер аянты элге жиктелип бөлүнсүн деп Жогорку Кеңешке (сунуш) кеткен. Эгерде Жогорку Кеңештен бул (жердин менчиктик түрүн өзгөртүү сунушу) бекип кетсе, айла жок. Мыйзамды мен аткарам да.

“Азаттык”:
Кечиресиз, 2009-жылы гана ушундай жеке менчикке берүү демилгеси көтөрүлгөн турбайбы. Ага чейин буга тарыхый урандылардын калдыгы катары астейдил мамиле жасалган турбайбы?

Б.Увалиев:
– Тиешелүү кагазы болсо, тарыхый мааниси болсо айла жок. Албетте, кыргыздын илгерки даңкын чыгара турган болсо биз кайтарабыз. Албетте, биз мыйзамга баш ийебиз да. Анан келип эле, жанагинтип (казуусун) баштай берсе болбойт да.

Мен мамлекеттин айылдагы өкүлүмүн. Эгерде мамлекеттик каттоодон өтүп, «ал жерди (археологиялык эстелик катары) кайтаргыла» десе, мен айла жок аткарам да.

“Азаттык”:
Бакай мырза, (Таластагы) Манастын күмбөзүнүн тегерегинде «байыркы доордон калган алтын казына бар экен» деп казууга келгендерге жергиликтүн бийлик өкүлдөрү каршы чыкпай койгон учурлар дагы болбодубу. Акыры коомчулуктун талабы менен ал иш токтоду. Ошондо сиз кайсы тарабын туура деп эсептеген элеңиз?

Б.Увалиев:
– Эми андай талкуу кылып, коомчулук менен сүйлөшө элекпиз да. Мындай маселеде менин жеке оюмду сурасаңыз, албетте, андай тарыхый жер болсо, ал бир-эки жерден далилденсе, аларды колдобогондо эмне кылабыз.

Бу тарыхый жер – тарыхый жер.

“Азаттык”:
«Жердин тарыхыйлыгын иликтөө керек» деп айыл өкмөт  башчысы катары сиз демилге көтөрүп чыга аласызбы?

Б.Увалиев:
– Чыгабыз. Болгону жанагыдай негизи жок чыга калгандын өзү кызык болуп жатпайбы.

Бир-эки жерден негизделип, анан мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн катталып келсе мен демилге кылайын. Элди уюштуруп, момундай тарыхый жер экен, бул жер калышы керек, жеке менчик курулушка башка жерден карайлы деп айтам. Эмне үчүн айтпайм! Бул менин милдетим да.

“Азаттык”:
Бакай мырза, урандылар бар экенин көрүп жүрөсүзбү?

Ал жакта кыш, кирпич, карапанын сыныктары чыгып калып жүргөнүн өзүңүз да угуп жүрөсүзбү?

Ал жерде өзүңүз болдуңузбу?

Б.Увалиев:
– Ооба, карапанын сыныктарын, кирпичтерди такай эле көрүп жүрөм.

“Азаттык”:
Анда ошолорду сактоо керек: андан ары иликтөө керек деген тилектештик сезими өзүңүздө деле бардыр?

Б.Увалиев:
– (Күлүп) Эми анын, албетте, илимий мааниси болсо, кыргыз эли үчүн кызмат кыла турган жер болсо, эми колдобогондо биз эмне кылабыз, колдойбуз, албетте!

“Азаттык”:
Чоң ыракмат! Ийгилик каалайбыз.

Б.Увалиев:
– Рахмат. Жакшы!

Тынчтыкбек Чоротегин, “Азаттык”, 02.07.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.