Теа Обрехт: Биринчи аңгемем эчки жөнүндө болгон

Улуту серб америкалык жазуучу Теа Обрехт али жазыла элек экинчи китебин чыгаруу укугун “Рэндом Хаус” басмасына сатты. Обрехттин “Жолборстун аялы” деген биринчи романы британиялык атактуу “Оранж” сыйлыгын алган эле.

Теа Обрехт биринчи эле чыгармасы менен британиялык белгилүү сыйлыкты алды. “Оранж” сыйлыгына татыган эң жаш жазуучу өз ийгилигине өзү да ишене албай турган чак.

“Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде 25 жаштагы Теа Обрехт “мындан көрө мени жолдон машина сүзүп кетсе, азыраак таң калмак болчумун” дейт.
– Эң жаш болгон эч нерсе эмес, бирок буга чейин бул сыйлыкты алган калемгерлер менен бир тизмеге кирип калганыма өтө толкунданып жатам. Мен китебим басмадан чыгат деп да ойлогон эмесмин. Баары бир жылга жетпеген убакта болуп кетти. Мен буга ишене да албай турам. “Оранж” сыйлыгын алган мага зор сыймык.

“Вашингтон Пост” гезитинде жарык көргөн сын макалада Обрехт адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты Исаак Башевич Сингерге салыштырылды.

“Жолборстун аялында” Балкан согушунун мезгилинде бир адвокат башынан өткөргөн окуялар сүрөттөлөт:
Бул роман тарых тууралуу чыгарма эмес, ал адамдардын тагдырына арналат. Мен саясатка, же тарыхка аралашкым келген эмес. Ошондуктан, каармандардын аттары да бүт ойлонуп табылган.

Романда автордун турмуштук тажрыйбасынын да таасири болгон. Бирок ал тажрыйба канчалык кеңири чагылдырылды?
Айрым автобиографиялык элементтер бар, бирок жазуучулардын баары эле «жазганымдын баары ойлонуп табылган» деп айткысы келет болуш керек. Менимче андай болушу кыйын, себеби авторду ойлонтуп, толгонткон нерселер кагаз бетине түшөт эмеспи.

Романды жазып жатканда мен өлүм, кыйроо, кыйынчылыктан адамдар кантип чыгат деген нерселер тууралуу ойлончумун. Югославия деген мамлекет чачырап, жок болду. Бул да өлүм эмеспи. Өзүн югославмын деген чоң атам өлүп калды. Ошондуктан китепте өзүм туулган Белград шаарына, жалпы эле Балкан аймагына болгон менин ички сезимдерим, бала чагымдагы окуялар, 2003-жылы Балканга кайтып келгенде көргөн-билгеним, бүт менин чыгармама таасир этти деп ойлойм.

Обрехттин үй-бүлөсү ал сегиз жашта экенинде Босниядан Кипр аралына көчүп кеткен. Кийин Каирге барып, 12 жашынан баштап Кошмо Штаттарында жашайт. Чымыны бар кыз эчкинин мекени болгон Кипр аралында жаза баштайт:
– Мен сегизде болчумун. Апа, чоң ата, чоң энем менен Кипр аралында элек. Англисче жаңы эле чиймелеп жүрчүмүн. Бир жолу эчки жөнүндө англис тилинде аңгеме жаздым. Апама алып барып, “мен чоңойгодо жазуучу болом” дедим. Апам “абдан жакшы” деди. Ошондон бери жазуучулуктан башка нерсе оюма да келген жок.

Тырмак алды чыгармасы менен эл аралык атак-даңкка жеткен жазуучу серб тилинде сүйлөйт, бирок жалаң ангис тилинде жазат жана өзүн биринчи кезекте америкалык деп эсептейт. Теа америкалык университетти бүтүп, азыр докторлук эмгегин жазып жатат.

Жаңыл Жусупжан, “Азаттык”, 30.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.