Алайлык уздар

Бул алайлык кол өнөрчүлөрдүн буюм-тайымдарын утур бирин кармалап көрүп олтуруп көз жоосун алган көркөмдүгүнө, тил бүтүп сүйлөп жиберчүдөй татыналыгына, жанга кубат берчүдөй жарашыгына таазим эттим. Алты топтон турган чебер уздардын башын бириктирген Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнө караштуу бул “Ыйман тилек” коомдук бирикмеси 2006-жылы Бүсаадат Сатыбалдиева тарабынан уюштурулган. Ар бир топто 6-7 адам эмгектенип, алар элибиздин күндөлүк керектөөсүнө зарыл буюм-тайымдарды нукура улуттук колоритте даярдашат. Бирикменин жетекчиси Бүсаадат Сатыбалдиеванын эмгеги өзгөчө сөз кылууга арзырлык.

Себеби айылдагы кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылуу менен алардын материалдык көйгөйүн бир аз да болсо жеңилдетип, улуттук буюм-тайымдарыбызды сактап жана өркүндөтүп, өзүнүн тобу менен ар кандай об­лустук, республикалык деңгээлдеги кароо-сынак, көргөзмөлөргө катышып, чет өлкөлүк­төр­дүн кызыгуусун арттырып келе жатканы кубантарлык. Былтыр күзгө маал “САСSА”- Борбор Азиялык кол өнөрчүлүктү колдоо Бирикмеси жана Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлиги тарабынан уюштурулган Эл аралык “Оймо” фестивалында алайлык кол өнөрчүлөр менен жакындан таанышкам.

Таар согуу боюнча мастер класс өткөн Бү­саадат Сатыбалдиеваны этникалык кыргыздардын унутта калган “беш таргак” таарын кайрадан жандандырып чыккан автору катары атоого толук татыктуу. Таардын даярдалышы жөнүндө ал мындай деди:

– “Беш таргак” элибизде эң элгач өнүккөн таардын түрү, ал өрмөктөн мурун пайда болгон. Анда күзүк болбойт жана такта менен кылыч өтпөйт. Беш таракты солго айландырганда чатыш келет, анан аркан өтүп, дагы солго айландырылат. Ошентип тарак жалаң солго айландырылып олтурат. “Беш таргактын” бетине “каз таман”, “бычак учу” көчөттөрү түшүрүлөт.

Дагы бир уз Курмушева Арзыгүлдү терме согуп жаткан жеринен сөзгө тарттым:

-Термеге эки жүздүү кажары (бешикке) күзүк орнотулуп, кол же тергич (ручкадан жоонураак, атайын жазы жасалат) менен терилип, бетине, аркасына, ортосуна да гүл тартылып, “терс кайрык”, “кырк шак”, “тогуз дөбө”, “кайкалак” аттуу көчөттөр түшүрүлөт. Аркагы сары, көк, кызыл өңдөргө боёлот. Бир жүздүү термеде аркагы натуралдык кара түстө эле болот, боёлбойт. Кажарынын жиби үч кабат болуп, башкача күзүктөлөт. Согууда бир жүздүү кажары эки жүздүүгө караганда түйшүктүү. Кажарыга ар кандай портреттерди, пейзаж, жазууларды түшүрсө болот.

Ал эми “Береке” тобунан Термечикова Бүниса “Пиязы таар” жөнүндө төмүндөгүлөрдү айтып берди:

-“Пиязы таар” ат жабдыктарын жасоодо колдонулат жана төөнүн гана жүнүнөн даярдалат. Атка оромо, токум жасалат. Кылдай ийрүүнү талап кылган төөнүн жүнүн ийрүү машакаттуу жумуш. Ал чыйратылбай эле оң, сол ийрилет да, бир жүгүрткөндө жалаң оң, бир жүгүрткөндө сол таңгак болуп, көчөтү чач өргөндөй болуп түшөт.

Пирматова Ажардын “Үмүт” тобунда турмушубузга зарыл болгон буюм-тайымдар: таар, терме, шырдак, курак, сайманын түрлөрү (басма, терс кайрык), кышка тон, тебетей, кендир, постек, кийизден тапичке, топоздун кылынан атка басмайыл, жээк жана төөнүн жүнүнөн белдемчи, токулган буюм, килем, эки жүздүү жел боо, баштык (сумка), капчык, койдун жүнүнөн согулган байпак, жыгачтан буюм, ат жабдыктары, кайыш, мүйүздөн сувенирлер, ошондой эле кыздын себи, көшөгө, жөлөнгүч даярдалат экен.

Быйыл бирикме “САСSА”- Борбор Азиялык кол өнөрчүлүктү колдоо бирикмесинин Алма-Атадагы офисине мүчө болушту. КТРдин “Мурас” чыгармачылык бирикмеси тарабынан үстүбүздөгү жылдын апрель айында Чой-Алай, Сары-Кол, ичкилик этникалык кыргыздардын, мургабдык аялдардын өрмөк, таар боюнча чыгармачылыгын камтып тартылган фильм биз сөз кылган “Ыйман тилек” коомдук бирикмесинин ишмердигине арналган. Бирикмедеги “Нур умид” тобунун лидери Шамуратова Мисиринаму, “Үмүт” тобунан Пирматова Ажар, “Алтын мырза” ишканасынан Асимова Бүбүниса, Үмөтова Айнуска алтын колдуу чебер уздар экендигин сыймык менен атай кетмекчимин.

Алтынай АТТОКУРОВА, КР Эл чеберлер союзунун этнографы, искусство таануучу,
“Кыргыз Туусу”, 01.07.2011-ж.

 

Соц тармактар:

One thought on “Алайлык уздар

  • 22.03.2012 at 06:00
    Permalink

    Сaлaмaтсызбы Aлтынaй еже,мен сизге aпaм жонундо aйтмaкчымын,сиздин ишинизге жaрaгaн aял менин aпaм.Егер Aлaйгa жолунуз тушуп кaлсa Кун елек aйылындa жaшaгaн Мурaтбековa Ырысбу деп сурaп созсуз жолугуп суйлошуп корунуз.Aпaм aйылдын ен чебер узу,тери ийлеп тон жaсaйт,турдуу турдуу тaaр согот,шырдaмaлдaрды жaсaйт…Aйылдын бaaры aпaмы тaaныйт сурaсaныз билишет,кaнчaлaгaн улгулуу нaaмдaргa ыйгaрылды aйыл окмоту тaрaбынaн.Кыскaсы aпaм болгону учун емес,6 бaлaны жетиштирип,бaaрын окуутуп,бир жaгынaн китепкaнaдa иштеп,екинчи жaгынaн кол онорчулук кылып тaaнылгaн онорлуу aйым кaтaры, созсуз ишинизге ылaйык мaтериaл тузсонуз болот.Рaxмaт.
    П.С.Мен aзыр Туркиядa жaшaйм,егер бул жaктa корреспондент кaтaры иш бaр болсо кызмaтынызгa дaярмын.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.