Баркталбай калган кыргыз камчысы

Дээрлик ар бир кыргыздын үйүндө камчы кездешет. Заманга жараша ал мурункудай колдонулбай, шаардыктар үчүн сувенир катары үйдө турат.

Камчы – ат жабдыктарынын бири. Кыргыздар эзелтеден бери камчыны колдонуучу буюм, колундагы курал катары гана урунбастан, көркөм буюм, символ катары колдонуп келишкен.

Камчы мал айдоо үчүн гана колдонулбастан, эр жигиттин сүрү, куралы, бийликтин символу катары да таанылган. Жоокерчилик заманда башына коргошун уютулган камчы менен душманды жыга чапкан учурлар болгон.

Кыргыз эли камчынын түрүн жасап, жылаан боор, кош өрүм, төрт кыр жана башка ыкмалар, өрүмдөр менен өрүп, кынаптап, сын-сыпаттуу жасашкан.

Коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиев кыргыз эли колундагы камчысынан эле кандай адам экенин, кимдин баласы, кайсы жердин кулуну экенин да баамдап коюшканын “Азаттыкка” билдирди.

Кыргыздар камчынын тилеги жакшы, “наристе, эркек бала камчылансын, уулдуу бол” деп ырымдап белекке беришчү.

Камчы, ат жабдыктарын жасаган уста Ислам Исраилов камчынын жасалуу жолун мындайча баяндап берди:
– Кыргыздар камчыны керегеге илгенде да салпылдатпай, бүктөп туруп илишчү экен. Азыр камчылар 300, 500, 700, 1500 сомдун тегерегинде бааланат. Аны буйрутма берген кардарга карата жасайбыз.

Он эки, жыйырма төрт, отуз эки өрүмгө чейин өргөндөр бар. Аны биринчи өрүп, сыдыргыга салып, тилгенден кийин ар бирин бирден сыдыргы менен сыдырып, улам-улам суулап, бекем тартып, аягында дагы бир сыйра сыдыргыга салып жасалат.

Чет өлкөдөн келген мейман, туристтер кыргыздын камчысына маани берип, улуттук сувенир катары көп сатып алышаарын, камчы бизнеси да өсүп-өнүгүп жатканын “Кыял” кол өнөрчүлүк бирикмесинин башкы директору Султанбек Макашов да айтып жүрөт.

Кийинки учурда камчынын сапатына көңүл бурулбай, эптеп пайда табууну көздөп, усталардын кадыр-баркын кетиргендер да болуп жатканын сынга алгандар да бар.

Жазуучулар кошуунунун төрагасы Чолпонбек Абыкеев кыргыздын камчысынын сырлары, мааниси тууралуу мындай деди:
– Кыргыздар көбүнчө мал чарбачылыгын, анан дан чарбачылыгын кесип туткан. Беш түлүктү асыроодо, мисалы, жылкычылардын жылкыларды кайтарууда, аларды айдоодо анын ат үстүндөгү куралы укурук менен камчы болгон. Атчандардын колундагы камчысынан эле кандай адам экенин баамдап коюшкан.

Камчынын өрүмүндө эле ар кандай ыкмалар бар. Мисалы, сегизден тартып кырк сегизге чейинки тал менен өргөн усталар бар. Кээ бир кишилер “бир табылганы алып туруп, бир кулач кайышты мык менен кагып койсо эле камчы болуп калат” деп ойлошу мүмкүн. Бул андай эмес, камчыны жасоо татаал иш.

Азыркы убакта камчынын бир топ түрүн чыгарып жатышат. Боз үй, комуз, калпак сыяктуу эле камчынын да өзүнүн орду, маани каткан сыры бар. Булгаарыдан өрүлгөн камчылардын сапаты ойдогудай деңгээлге жетпейт экен.

Таза көктөн өрүлгөн камчыдан артык камчы жок. Кээ бир чеберлер пайда көрүү иретинде тез аранын ичинде кайышты ийишип, аны жакшылап илебине келтирбей, камчылардын сапатын бузуп коюшууда. Мен андай чеберлердин жасаган иштерине ыраазы болбой жүрөм.

Чынында эле камчы кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн тааныткан улуттук сувенир буюму катары таанылып баратат. Өлкөдөгү дүр-дүйнө дүкөндөрүнөн камчынын түрүн кезиктирүүгө болот. Чет өлкөлөргө каттаган кыргыздар да камчысы менен калпагын көтөрө барып, белекке берип жүрүшөт.

Кабыл Макеш, «Азаттык», 06.07.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.