“Турар” басмасынан жазуучу Айдарбек Сарманбетовдун “Мекенсиз” китеби жарык көрдү

Кыргыз журтчулугуна аты жакшы белгилүү жазуучу, журналист Айдарбек Сарманбетовдун 18 басма табактан турган “Мекенсиз” аттуу китеби жаңы эле “Турар” басмасынан жарык көрдү.

Анда негизинен психологиялык жалгашуулардан, карама-каршылыктардан турган дүйнөтааным, глобализация, Чыңгызхан жана анын укум-тукуму, түрк сельжуктарына жардамга барып кырылган кыргыздар, Курманжан датка, Шабдан баатыр сыяктуу тарыхий жаңы маалыматтар, 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүш, мекенсүйүү, аял-эркек мамилелери, махабат ж.б. темалар көтөрүлөт.

Ошондой эле автордун айтылуу “Ойтамчыларынын” бир бөлүгү, публицистикасы да камтылган.

Китеп эл аралык бир катар сыйлыктарды жеңип алган жана жаңы жазылган аңгеме, эсселерден турат.

Китеп тууралуу маалымат алып, сатып алууну каалагандар 0555-40-31-24, 34-55-86 телефону аркылуу автор менен байланыша алат.

“Кыргызстандын жаңы адабияты”, 05.07.2011-ж.

Соц тармактар:

One thought on ““Турар” басмасынан жазуучу Айдарбек Сарманбетовдун “Мекенсиз” китеби жарык көрдү

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.