Нуркан Калназарова, ырчы: “Чоронун эстрадага кошкон салымы зор эле…”

Ырчылык өнөрдү ыйык тутуп, чыгармачыл чөйрөгө, өзгөчө ошол кезде жаңы пайда болуп жаткан эстрада багытына жаңы гана кадам таштайм деп турган белгилүү ырчылар: Окен Усубалиев, Аскар Тезекбаев, Алтынбек Сапаралиев сыяктуу таланттуу ырчылардын башын бириктирип 1969- жылы Чоро Кожомжаров өзүнүн атынан эстрадалык ансамбль түзгөн эле. Алардын бири тубаса таланттуу Нуркан Калназарова эже болгон. “Арча бешик”, “Каркыралар”, “Жигитке”, “Шаардык жигит”, “Жигит ай”, “Кызгалдак гүлүм ай” ж.б. ырлары менен коомчулукка таанымал болгон Нуркан Калназарова эжекебиз кыргыз эстрадасына 15 жыл ак эмгегин өтөп, Союз тарагандан кийин сахнадан кетип, ошондон тарта мамлекеттик ветеринардык департаментте бухгалтер болуп эмгектенип келет. Эки башка чөйрөгө аралашып, жан дүйнөсүнө ыр менен эсепти сиңирген эжени кепке тарттык.

– Нуркан эже, Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык ансамблине кандайча келип калдыңыз эле?
Өзүм Жалал-Абаддын Базар-Коргонунан болом. Мектепте окуп жүргөн кезимде Чоро Кожомжаровдун тобу биздин айылга концерт коюп барышкан. Ал кезде артисттер гастролго көп чыкчу эмес беле. Ошондо сахнада ырдап жаткан артисттерди көрүп аябай суктанганым азыр да эсимде. Аларды карап отуруп, мен дагы элдин алдында обон созгон ырчы болсом деп ойлоп койгом. Бирок ошол кезде кыргыз эстрадасынын тарыхына салымымды кошуп, Чоро Кожомжаров, Окен Усубалиев, Аскар Тезекбаев, Алтынбек Сапаралиев өңдүү таланттар менен иштешип калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Көрсө, жүрөктөн чыккан чыныгы каалоо сөзсүз иш жүзүнө ашат турбайбы…

1972-жылы Фрунзеге келип, Финансы-экономикалык техникумуна тапшырдым. Себеби башынан экономист болгонду каалоочумун. Ырга жакын жаным сабактан сырткары ыр ийримге катышчумун. Бассам-турсам эле кыңылдап ырдап жүрө берчүмүн. Союз учурунда студенттерди кызылча отогону, чөп чабыкка, сакманга алып барчу эмес беле. Бизди да бир күнү кызылча отоого талаага алып барып калды. Баарыбыз жаштарбыз да, ырдап, бийлеп, кыткылыктап күлүп, суу чачышып ойноп кетебиз. Мугалимдер менен кээ бир студенттерди отургузуп алып концерт коөбуз. Ошондо менин ырдаганымды угуп жетекчибиз Кубанычбек Осмонов: “Сени Ч. Кожомжаровго алып барыш керек экен” -деп калды. Кызылча отоо бүтүп, шаарга келгенден кийин Кубанычбек агай өзүнө чакырып: “Эртең Чорого барабыз” – деп калды. Агайымдын сөзүн көп деле этибар алган эмес болчумун. Ошондуктан айылга кеткенге билет да алып койгон элем. Баягы билетим деле калды. Эртеси агайымды ээрчип Чоро Кожомжаровго жолугууга жөнөдүм. Анда азыркы Панфилов атындагы паркта филармониянын жайкы сахнасы бар эле. Жайкы театр, отургуч, гүлдөр… эми сонун жер болчу. Силер билип калдыңарбы билбейм, биз барганда алар концертке даярдык көрүп жаткан экен. София Ротарунун бир ырын ырдадым. Чоро Кожомжаров дароо жактырды. “Эртеңден баштап бизге келип иште” -деди. “Сабактарыма карайын. Агай-эжелер менен сүйлөшүп көрөйүн, уруксат беришсе келем”- деп сабакка кеттим. Агай-эжелерден сурасам, кийин жашооңо бул кесип абдан керек. Азыр окуп ал. Диплом алып анан барасың дешип уруксат бербей коюшту. Ошентип, ал кезде бара албай, окууну бүтүп, колго дипломду алгандан кийин 1974-жылы Чоро Кожомжаровдун ансамблине кирдим.

– Филармонияга келгенче артисттер менен байланышып турчу белеңиз?
Ооба, анда кол телефон жок болчу да. Жатакананын вахтасындагы телефондун номурун Чоро Кожомжаровго бергем. Ал тынбай чалып, кабар алып турчу. Менин сахнага келишиме Чоронун салымы аябай чоң болду. Ошол кезде искусствону аябай баалаганымды, мындан билиңиз, окууну бүтүп диплом алаарда техникумдун жетекчилиги “Улуттук банкка жолдомо берели. Ошол жакка барып иште. Сенден жакшы кадр чыгат”- деп кеңеш берип, шарт түзүп бергенине карабай, “Жок, мен диплом алдым. Мага ошол эле жетет. Мен ырдашым керек. Мени күтүп жатышат” – деп алардын сунушунан баш тартып, сахнага кетип калгам. Азыр болгондо андай кылмак эмес элем, анда жаш болгон экемин да. Карьера, үй-бүлө, турмуш жөнүндө ойлонбоптурмун.

– Ырчылык өнөрдү тандап алганыңызга өкүнүп калдыңызбы?
Жок, өкүнгөн жокмун. Болгону мээнеттин өз учурунда бааланбаганына нааразы болуп калдым.

– Эңсеп жүрүп жеткен сахнаны таштап коюуңузга эмне себеп болду?
1982-жылы Ч. Кожомжаров кайтыш болуп калды. Ал түзгөн Кыргыз эстрада ансамбли “Семетей” тобу болдук. Андан кийин музыканттар алмашып, баягы жетекчиси бар кездегидей топ боло албай калдык. Бирибиз бул жакта, бирибиз тигил жакта дегендей… акыркы жылдары “Ариет” тобунда ырдап жүрдүм. Анан 1989-жылы Союз ыдырай баштап, “чарбалык эсеп-кысап” деп бизди да чачыратып жиберди. Биз тарап кеттик. Ал бизге аябай эле оор тийди. Жаманбы-жакшыбы кыргыз эстрадасын түптөдүк эле. 15 жыл айылдан айылды кыдырып, мамлекеттин казынасын толтурдук эле. Анан эле биздин керегибиз жок болуп калды…

– Кечиресиз, Алтынбек байкелер андан кийин деле сахнада калып калбадыбы…
Ооба, Алтынбектер сахнада ырдап калышты. Мен анте алган жокмун. Себеби бизди эч нерсе дебей эле таратып жибергенине таарынып калган элем. Анын үстүнө өзүң аракет кылып, чуркап бирөөлөрдүн алдынан өтүшүң керек эле. Менде андай алдым-жуттум сапат жок экен. Сахнага жалгыз чыгуу үчүн демөөрчү керек болчу. Менин демөөрчүлөрүм жок эле. Бир-эки жолу демөөрчү болобуз дегендер да чыгышкан. Бирок алар өз талаптарын койгондо мен алардан баш тарттым. Ошондо колунда акчасы бар, байлыгына манчыркаган адамдардан көңүлүм бир сууду. Экинчи жолу демөөрчү болом дегендерге макул болгон да, демөөрчү издеген да жокмун. Ошону менен сахнага кайтып келбедим.

– Андан кийин кайсы жерде иштеп жүрдүңүз?
– Баягы сахнага, чыгармачыл чөйрөгө көнүп калган жаның, дароо эле ал чөйрөдөн кетүүгө мүмкүн эмес экен да. Топ тарагандан кийин адегенде Филармониядан алыс кете албай, кадр бөлүмүндө инспектор болуп иштеп жүрдүм. Кийин өз кесибим менен бухгалтер болуп Мамлекеттик ветеринария департаментине кирдим. Учурда ошол жерде иштеп жатам.

– Сиз Чоро агай менен иштешип калыпсыз. Кыргыз эстрадасын алгачкылардан болуп түптөгөн талант туурасында эмнелерди айта аласыз?
– Чорону байма-бай эскерип турсак жакшы болмок. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Жалгыз колумдан эмне келмек эле. Азыркы эстрада ырчыларынын кээ бирлерине, чоң адамдарга Чорону эскерип туруу боюнча бир нече жолу сунуштарды айттым. Бирок бири да ал сунушту ишке ашырышкан жок. Баары эле учурунда макул дешет, андан кийин эле баягы сөзүң шамалга учкан чаңдай болуп жоголот. Биз көзү өткөн таланттарыбызды эскерип, өз учурунда баалап турушубуз керек да. Чоро Кожомжаров жасаган эмгекти азыркы артисттердин бири да жасай алышкан жок жана жасай да алышпайт. Анын эстрадага кошкон салымы зор эле. Ал өз өмүрүн кыргыз эстрадасына арнап койгон киши болчу. Өз кесибин сүйгөн абдан таланттуу адам эле. Азыр кээ бир адамдар Чоронун эмгегин унутуп, кыргыз эстрадасын башка адамдар биринчилерден болуп түптөгөн деп туура эмес маалыматтарды айтып жүрүшөт. Кыргыз эстрадасын биринчилерден болуп Чоро Кожомжаров негиздеген. Муну баса белгилеп коюшубуз зарыл. Ыраматылык 39 жаш курагында каза болуп, бул жалган дүйнөдөн эрте кетти. Болбосо…

– Чыгармачыл чөйрөдө 15 жыл эмгектенипсиз. Сиздин эмгек да өз учурунда бааланып, наам алууга жетише алдыңызбы?
Жо-ок, эч кандай наам ала алган жокмун. Бир жолу сурап көрсөм, “адегенде ардак грамота алышы керек” дешкен. Андан кийин эч кимден эч нерсе сурабадым. Анын үстүнө биздин учурда наам алуу деген өзүнчө эле тозок болчу. Чанда гана таланттар албаса, көбү ала алчу эмес. Мына, обончу Рыспай деле эмгек сиңирген наам менен кетпедиби. Башкасы туурасында кеп кылбай эле коелу.

– 1990-жылдан кийин наам алуу жеңил болуп калбадыбы. Азыр аракет кылып көрүү туурасында ойлонбодуңузбу?
Жо-ок, ал туурасында ойлонбоптурмун. Бирок аракет кылып көрүш керек. Анткени мен азыр деле жөн жаткан жокмун. Жаңы ырларды жаздырып, концерттерге катышып жатам. Кечээ эле чыккан кызымдай кыздар деле эл артисти наамын алып жатышпайбы. Ага караганда биз 15 жыл мамлекеттин бюджетине иштебедикпи.

– Кайсы ырыңыз менен атыңыз чыкты эле?
Менин “визиттик карточкам” “Каркыралар” болуп калды. Ушул ыр менен элге таанылдым. Азыр да тааныштардын тойлорунда, кечелерде ырдап калам. Ырдап жүргөн адам баары бир ырдаганды сагына берет экенсиң. Өзгөчө 15 жыл сахнанын ысык-суугун бирге тарткан сахналаштарымды аябай сагынам.

Маектешкен Жаркынай Кадыркулова , “Фабула”, (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.07.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.