«Аптап» сынагы: Токтобек Үсөнов

Аптаптуу кечти аралап

Аптаптуу кечти аралап,
Сейилдеп бастык далай.
Мен анда ичтен үнсүз,
Каалагам бакыт-таалай.
Каалагам ден-соолукту,
Толкуган ушул жайдай,
Жай гана басып жүрүп,
Эзилгем сары майдай…

Аттиң ай ошол аптап,
Аттиң ай ошол күндөр.
Жай дагы келди айланып,
А бирок, келгин куштай,
Учканбыз биз айрылып,
Жай сымал бир кайрылбай…

Үсөнов Токтобек
«Аптап» сынагына

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.