Бүбүйна ОРУЗБАЕВА: Атам сабатсыз, бирок акылман киши эле

“Доор ураганда” түрмөгүнүн бул чыгарылышында кыргыз кыз-келиндеринен чыккан чыгаан окумуштуу, филология илим доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги Бүбүйна Орузбаева тууралуу баяндайбыз.

86 жашка чыккан Орузбаева азыр да акылы тунук, баскан-турганы шайдоот. Анын кыргыз тил, түркология илимине кошкон салымына баа жеткис. Бул киши кандай үй-бүлөдөн чыккан, кантип окумуштуу даражасына жетти – бул жолку баянда ушулар тууралуу сөз болот.

“Азаттык”: Бүбүйна эже, кыргыздар оболу ал-акыбалды, мал-жанды сурайт эмеспи, жакшы турасызбы?
Бүбүйна Орузбаева: Кудайдын буйругу менен араңарда келатам. 1940-жылы Караколдо биринчи жолу мугалимдер институту ачылып, атамдын илгерки дос, жолдошторунун инилери бар эле, Зияш Бектенов деген, ошол киши институтта директордун орун басары экен. Анда кирүү экзамени деген жок, атам “кызым бул жердеги педучилищаны бүттү эле, окууга киргизейин деп келдим” десе эле, “кете бериңиз, өзүм жазып коём” деп, тил-адабият факультетине жазып коюптур. Ошону менен окуп, тилчи болуп калдым.

“Азаттык”: Бүбүйна эженин ата-теги, ошол кездин тили менен айтканда, жарды-жалчылардан экен, Түптөгү байлардын мал-жанын багып, анан таарыныша кетип, Түпкө көчүп барган бай орустарга жалданып иштебейби. Ошол кезде Борбор Азияда чоң Үркүн башталганда каарманыбыздын атасы, чоң энеси үрөй учурарлык окуяларга туш келген экен.
Орузбаева: Биздин чоң аталарыбыз ошо кезде сан жылкылуу Сарыбай деген атактуу байдын жылкычы-койчулары экен, туугандар арасында байга таарыныч келип чыгып, орустардын арасына көчө качыптыр. Ал жакка барып, жаңыдан очок алып жаткан орустарга малайлар керек экен, орустардын уйу, кою, каз-өрдөгү, тоогу, чочкосу баары бир багылат экен. Малайларга жаман тамын берип, аз-маз акы төлөп турушчу экен.

“Азаттык”: Орузбай деген аты кайдан коюлуп калган, ошо орустардан улам эмеспи?
Орузбаева: Биздин чоң атабыз Орузбай эмес, Ноорузбай экен. Көлдө сөздүн башында тамгасын түшүрүп айтышат. Орузбай болуп калганы ошондон. Анан ошентип 1914-жылы дүйнөлүк согуш чыгып калат. Азамат Алтайлар жазган 16-жылдагы Үркүндүн себептерин ошонун макаласынан окугам, тээ Түркмөнстандан бери башталып, өзбектер, казактар, каракалпактар көтөрүлгөн да. Анан бул жактагыларды орус колонизаторлору кыргызды жыргатты дейсиңби, баягы эле малайчылык, жокчулук. Көлдүн айланасындагы сонун жерлеринин баарына орус кыштактары түшкөн. Кыргыздар болсо коктуларга сүрүлгөн.

Түптүн жанында кыргыздар Тогуз-Булак дейт, орустар Николаевка деген айылда атам инилери менен малай экен. 16-жылы чатак чыкканда кыргыздар да оңой эмес да, үйүнөн алыс кетип көрбөгөн кыргыз жөн калбай ат коюшуп, орус айылдарына кол салышат. Көл жакта көбүнчө казак-орустар экен да, алар куралданган согушкер эл болот турбайбы, империянын чет жакаларына атчан, машыккан аскерлерди коюшкан да. Кагылыш башталып, орустардан да зыян болуп кеткендер болот экен, анан кыргыздар качып жөнөйт.

“Азаттык”: Кыргыз эч качан ата-энесин таштабаса керек, илгерки ошол окуяда Бүбүйна эжебиздин чоң энеси шал болуп калганда аны балдары Кытайдын Кулжасына чейин көтөрүп барып, кайра Караколго чейин көтөрүп келишкен экен.
Орузбаева: Ошол кезде малайлыктын азабынан чоң атабыз өлүп калабы, чоң энебиз кайра-кайра төрөсө, балдары жаш болсо, шал болуп жатып калат экен. Азыркы тил менен айтканда, инсульт болуптур. Төрт эркек баласы үйдөгү да, сырттагы да оокатты жасайт. Ошондо менин атам 30дарга барып калган жигит экен, бойдок, үйлөнүүгө малы жок. Андайга ким кызын берет, жесирин да бербей калсын.

Иши кылса, Сахно деген орустун колунда жалданып иштеп турушкан алар. Ошол Сахно айтыптыр, “Өмүрзак, араба менен энеңди, инилериңди салып алып, мурунку айылыңа бар, токойдун ичине камыштын арасына атты калтыргын да, кыргыздарга кошулгуң, Түптүн орустарына катуу тийип коюшуптур, алар күүлөнүп атышат, сени жок кылып коюшу мүмкүн” дейт. Ошону менен арабага энесин салып барып, сан жылкылуу Сарыбайдын айылы Кең-Сууга барбайбы, тиги киши “и, орустарың сени жыргаткан жокпу, жаныңды алып калган жокпу, эмне келдиң?” деп бир топ жемелеп, бирок “бир мингич берейин, ошого энеңди таңып алып, эл менен кошо жөнө” дейт.

Ошону менен өңөрүп алып баратса, Иледен өткөндө бери жактан замбирек менен атышып, ары Кытайдын чек арасын кайтаргандар кызай калмактар экен, жунгарлардан калган калмактар да алар жаа менен атып, кызыл-жаян эле болушуптур. Ошондо төөсү менен агып аткан кемпирлер, ат менен кетип бараткан аялдар бешиги менен кулап атат дейт.

Бечара атамдар эптеп өтүп кетишпейби да, анан түнүчүндө уктап калышса, атын уурдап кетишиптир. Жөө калышып, атам бечаралар бир жыл бою шал болгон кемпирди таштабай көтөрүп Кулжага чейин барышыптыр. Кайра 18-жылы Караколго көтөрүп келишиптир. Мына, бала деген ушундай болсо, э?

“Азаттык”: Кытайдан кайткан кыргыздын баары Караколго отурукташкан экен. Себеби ал жерде жок дегенде кайыр сураса да эптеп күн көргөнгө мүмкүнчүлүк бар болчу эле дейт. Ошол кезде күн сайын бийлик оошуп, бир күнү эсерлер ээлеп, кайра большевиктер ээлеп, акыры большевиктер бийликке келгенде анча-мынча орусча билген кыргыздар биринчи болуп кызматка алынган экен. Ошондо Бүбүйна эжебиздин атасынын Сахно оруска малай болгону аябай керекке жараган тура.
Орузбаева: “Кыргыздар, араңарда орусча билгендер барбы?” десе, мыктысы менин атам менен Төлө деген киши экен. Алар сүйлөшүп көрсө “моя, твоя” деп жөнөкөй сүйлөшкөндү билишет. “Болуптур, силер качып келип, үйүн табалбай жүргөн кыргыздарды жерине жеткиресиңер” дейт.

Алар ордуна барганда да бир нерсе кылыш керек да, малынан ажыраган, там-ташы жок. Анан Караколдо атам Союз кошчунун мүчөсү болуп калат экен адегенде. Өзү шайдоот киши болчу. Андан Каракол кантону боюнча орун басар болот. Ошентип Көлдү айланып чапкылап жүрүп, 23-жылы Күрмөнтүнүн көл жагында биринчи айыл чарба мектеби ачылат. Аны ачууну менин атама тапшырып, өзү чала сабат болсо директор болот. Догдуров, Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков ж.б. жаш балдар келип техникумга киришет. Академик Курмангалы Каракеев да ошону бүткөн.

“Азаттык”: Эч билими жок болсо да орус тилин билгендиги аркылуу, анан өзүнүн уюштургуч жөндөмү менен Бүбүйна эжебиздин атасы Өмүрзак ошол кезде Көлдө ар кандай уюштуруу иштерине катышып жүрүп, пендечилик да кылып койсо керек, коммунисттик билетинен ажыраганы өзүнчө кызык.
Орузбаева: Ошентип кайран атам кыйын киши болуп Көлдү айланып жүргөн. Коммунист уполномочун. Түндүк жээгинде Коңур-Өлөң деген жерден чоң манаптар чыккан экен Баатыркан ж.б. Ошол Баатыркандардын тукумубу, кызы күйөөсүн чанып келип, төркүнүнө барып отуруп алган экен. Атам ошол келинге көзү түшүп калып, алып кетип атпайбы.

28-жылы партиялык тазалоо болгондо эки аялы бар деп партиядан чыгып калган. Ошону менен карьерасы бүттү. Кайра дыйканчылыкка кетип, иниси экөө 30-жылдары колхоз курулганда ошонун башында турушуп, болгон малын берип, 33-жылы Каракол совхозу ачылат. Ошондо ачкачылык болуп, казактардын бир жарым миллион эли кырылган, ошондо качып келген элди жайгаштырышып, анан 35-жылы Караколго көчүп кетиптир балдарымды шаарда мектептерден окутайын деп.

Биз баш-аягы алты бир тууганбыз. Энем көп эле төрөгөн экен, кичүү энебиз балалуу болбогон киши экен, экөөлөп бизди багышыптыр.

“Азаттык”: Бирок өзү сабатсыз болсо да Өмүрзак аксакал бала-чакам билим алсын, келечек билимдүү адамдардын колунда турбайбы деп, балдарынын баарын Каракол шаарына алып келип, бүт күчүн балдарына үрөгөн турбайбы.
Орузбаева: Атам балдарын Караколго алып келип, Нариман атындагы уйгур-өзбек мектеп бар эле, атам билбейт да, эртең окуу башталат дегенде үйүнүн бет маңдайындагы мектепке мени биринчи класска жаздырып коёт.

Ошентип мен 1-классты уйгурча бүттүм. Кийинки жылы кызым сарт болуп бараткан турбайбы деп, кайра айылга алып барып, инисиникине таштайт. Ал жерде тың кыз экенсиң, китепти жакшы окуган, эсепти жакшы чыгарган деп, анан Караколдогу педагогикалык училищага берет. Анын директору Абдрахман Бекжанов деген киши, атамдын революциялык досторунун бири, талдысуулук. Ошол кишиге барып, кызымды окутуп бербейсиңби, тыңыраак десе, алтынчы класска даярдоосуна киргизип коюптур мени. 4-5-классты аттап, алтынчыда окуган кыйыныраак болот экен, ошондо башым айланып жүрүп, анан үйрөнүп кеттим. Сезимталыраак болсо жакшы болот экен.

“Азаттык”: Бүбүйна эжебиз 11 жашынан баштап педагогикалык окуу жайда окуп, билим жагынан өз курбуларынан кыйла эрте жетилип, өзү кырдууларга сабак берчү экен.
Орузбаева: Мени менен пединститутта окугандын баары айылдан келгендер, орусча такыр билишпейт, орус тил сабагын, 19-кылымдын орус адабиятын Скоблева деген сулуу аял окутчу. 1-2-курста Скоблева менен Бирюковдун сабактарын мен кыргызчалатам. Ал киши 30 мүнөт окуйт лекциясын, 15 мүнөт мага калтырат, анан мен кыргызчалатып берем балдарга. Зияш агай мага саатына бир сомдон төлөйт стипендияма кошуп.

“Азаттык”: Бир сом ал кезде чоң акча болсо керек?
Орузбаева: Чоң акча эмей! Педучилищадан да акча берчү, мен үйдө жаткан үчүн стипендиямды бүтүн колума берет. Кудай салбасын, атам келгендин баарына мактанып айтчу, кызым айлык алып атат деп. 15тен 16га караганда педучилищаны бүттүм. Андан кийин институтка кирип кеттим. 45-жылы пединститутту бүттүм. 43-жылы согуш кезинде Академиянын филиалы ачылган, ошонун тил-адабият, тарых институтуна аспирантурага кирдим. Юдахин, Карасаев бизди акыркы курста окутуп калды. Юдахин мени өзүнө сурап алды, ушул кызды мага бергиле, мен аспирантурада өзүм жетекчи болоюн деп. 51-жылы аспирантурасын бүттүм, 52-жылы Москвага барып, кандидаттыкты коргодум. Бул жакка кайтып келгенде стипендия аз.

Ал кезде айылдан келген балдар орусча билишчү эмес. Анан академик Батмановдун тил илимине киришүү деген теоретикалык курстарын өттүм. Батмановдун орус группасындагы лекциясына кирем, жазып алып, эртеси күнү кыргыздарга келип кыргызча окуйм, жарым ставкада жүрдүм, айлык берет. 11 жашымдан стипендия алгандан бери ушул убакка чейин бир кишиден бир тыйын алган жокмун.

“Азаттыктан”: Бүбүйна Орузбаеванын кийинки маектеринде Каракол калаасы,  кыргыз-орус сөздүгүнүн автору Константин Юдахин, жазуучу-акындар Түгөлбай Сыдыкбеков жана Аалы Токомбаев, латын арибине өтүү тууралуу сөз жүрөрүн кулак кагыш кылабыз.

Султан Жумагулов, «Азаттык», 15.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.