Кытайдагы Манас айы

"Манастын бабаларын" конокторго таркатуу мезгилинен сүрөт, Көк-Терек айлы, Кытай

Kытайда «Mанастын бабалары» деген аталыштагы дастан жарык көрдү. Кыргыз автоном райондорунда жана айылдарында ошондой эле манасчы, ырчылардын кароолору болуп, атактуу манасчы аксакал Жусуп Мамайга арналган салтанаттар өттү.

Аккан арыктан суу агат, үзүлгөн учук уланат демекчи, мына эми теңиртоолук кыргыздар унуткан Манастын бабалары тууралуу дастанды керметоолук кыргыздар сактап калып, бизге аманат белек тартуулашууда. Баарынан кызыгы – Кыргызстанда жоголуп кетти деп саналган бул санжыранын абалкы текстин Кытайдан келген кыргыз өзү менен тарыхый мекенине алып кеткен экен. Анда кеп кезеги менен болсун.

Ушул айдын башында Кытайдын Шиңжаң дубанындагы кыргыз айлында «Манастын бабалары» деген китептин ачылыш аземи болду. 22 миң саптан турган чыгарма манасчы Сатыбалды Аалы уулунан жазылып алынган. Мындан беш жыл илгери 73 жашында кайтыш болгон жомокчу араб арибинде 1200 нуска менен чыккан китебин көрбөй калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” кытайлык кыргыз калемгери Бектур Иляс уулу билдирди.

Китептин ачылыш аземи Казакстан менен чек арага жакын жайгашкан Текес дубанындагы Көк-Терек кыргыз аптоном айлында 2-июлда өттү. Китепти басып чыгаруу демилгесин көтөргөн маркум манасчынын балдарын жергиликтүү кыргыз-казак бийлик өкүлдөрү, келген эки жүз чакты конок алкап, ыраазы болушту. Жыйынга Кыргызстандан экс-депутат Жангороз Сатыбалдиев да катышты.

Бул китептин уникалдуулугу ушунда – азыркы Кыргызстандын аймагында Манастын урпактары тууралуу Семетей, Сейтек  дастандары бар, бирок баатырдын бабалары тууралуу өзүнчө дастан айтуу салты бүгүн жок. Айрым маалыматтарга караганда, Манастын бабаларын «каапыр» деп, айттырбай койгон молдолор болгон. Бул тууралуу тарыхчы Чоробек Сааданбеков мындай дейт:
– Балыкооз манасчынын санжырасы бар, ал “Манастын бабаларын Оторхандан баштап, Баласагын хан, Ташый хан деп айтып келип, Манаска жетчүмүн” деп эскерген. Кийин диний себептен улам Манаска чейинки санжыраны айтпай калган. Себеби, бир жолу Таласта жүргөндө бир эшенге жолугат. Ошондо ошол эшен “Балам, сен Манастын мусулманчылыкка кире электеги ата-бабаларын айтып, күнөөгө батып атасың. Аны уккан киши да күнөөгө батат” деп эскертиптир. “Ошондон кийин мен Ногой хандан баштап гана айтып калбадымбы” деген сөздөрү бар.

Биз Кыргызстанда азыр 94 жашка келген Жусуп Мамайды жакшы билебиз, ал Манасты урпактары менен айтканы 18 том болуп чыккан. Ал эми Манастын бабалары тууралуу айткан балким ушул Сатыбалды Аалы уулу гана бар окшойт.

Ал Манастын ата-бабаларын:
Түгөй, Түгөй, Түгөй кан,
Түгөй кандан Көбөй кан,
Көбөй кандан Жамгырчы,
Жамгырчыдан Бөйөн кан,
Бөйөн кандан Чойун кан,
Чойун кандан Чайан кан,
Чайан кандан Чын Кожош,
Чын Кожоштон Чыныке,
Чыныкеден Чынтагай,
Чынтагайдан Чоң Калдай,
Чоң Калдайдан Калмамай,
Калмамайдын тукуму,
Жакыптан Манас туулат…
деп сүрүштүрөт.

Сатыбалды манасчы
Сатыбалды Аалы уулу ким деген манасчы, кандайча Манастын бабаларын айтып калган? Дастанды манасчынын өз оозунан жаздырып алган Ыскакбек Бейшембек уулунун маалыматы боюнча, Сатыбалды Аалы жаңыча мектеп окубаган, өмүр бою мал менен алектенген адам болгон. Энеси Гүлбаарым 16 бала төрөгөн. Атасы эрте өтүп кеткен. Чоң тайатасы Эсенгул залкар манасчы Акылбектын бир тууган иниси болгон.

Сатыбалды кичинесинен жетим калса да, сабаттуу энесинин таасиринде Манаска бериле баштайт. Таятасы Эшимбай Акылбектен төрт кол жазма китепчеге жазып алган экен. Кызыгы ал кол жазманы туугандары сурап алып,ошол бойдон Ысык-Көлгө кайтканда ала кеткен бойдон жоголуп кеткен.

Кадимки манасчылардай эле Сатыбалдыга да аян түшүп, жашы кыркка чукулдап калгандан кийин Манас айта баштайт. Ал мал багып жүргөн кезинде ээн талаада күрпүлдөп Манас айтып бугун чыгарып жүрөт. Ошул маалда эл ичинде «Сатыбалды Манас айтам деп жинди болуп кетиптир» деген ушак тарайт. 1974-жылы Көк-Терек айлынын Таш-Булак деген жериндеги бир тойдо бир чала манасчы жазып алганы боюнча Манасты окуй баштайт. Чыдап угуп тура албаган Сатыбалды «Манасты андай айтпай, мындай айтат» деп суурулуп чыгып, жамгырдай төгүп кирген экен. Ошондон тарта ал эл ичинде манасчы катары кеңири тааныла баштаган.

Кытайдагы Манас айы
Июл айы кытайлык кыргыздар арасында Манастын айы болуп калды. Ай башында жогоруда айтылган “Манастын бабалары” китебинин бет ачаары Текесте өтсө, 9-10-июл күндөрү Улуу-Чат ооданында Манас жарманкеси болуп, анда 10 миң киши бир мезгилде Манас айтышмак.

Андан кийинки эки күндө Актоо ооданында Өлөң айтуу чогулушу, 17-18- ийулда Ак-Чий ооданында залкар манасчы Жусуп Мамайга арналган чоң жыйын болмок.

Кытайлык кыргыздардын атынан “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун руханий байлыктар тизмесине кирип калганы Кыргызстанды катуу нааразы кылганы маалым. Бул мамлекеттик маселе болгондуктан, аны тийешелүү деңгээлде караш керек.

Бирок карапайым элдин турмушунан алганда Керме-Тоонун кыргыздары арасында бүгүн манасчылык өнөрү гана эмес, жалпы эле улуттук музыкалык жана башка салттар мыкты сакталып калгандыгын баамдоого болот. Негизгиси, кытайлык кыргыздардын маданий мурастарын үйрөнсөк, көп жаңы нерселерди биле алат окшойбуз.

“Манастын бабалары” китебинин бет ачаарынан кытайлык кыргыз калемгери Бектур Иляс уулунун баянын бул жерден окуңуз.

Балыкооздун санжырасы тууралуу изилдөөнү бул жерден окуңуз.

Жаңыл Жусупжан, «Азаттык», 17.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.