«Mанастын бабалары» Кытайда чыкты

Ушул айда Кытайда «Манастын бабалары» деген китеп жарык көрдү. 2-июл түштөн мурда Иле Казак аптономыйалуу обласынын Kөк-Tерек кыргыз улуттук айыл өкүмөтүнүн жыйын залында манасчы маркум Сатыбалды Аалы уулунун айтуусундагы «Манастын бабалары» аттуу жаңы варыйанттын ачылуу аземи болду.

Аземди оодандын жетекчилери жана манасчынын балдары уйуштурушту. Ага алыс-жакындан казак-кыргызы болуп, 200дөн ашуун адам катышты. Жаңы китепти куттуктап сөз сүйлөгөндөрдүн ичинде кыргыстандык профессор Жангорооз Каныметов да болду.

 

Сатыбалды Аалы уулу, кытайлык манасчы (1933-2006)

Аталган китеп Шинжаң Эл басмасынан 1200 нускада басылып чыккан. Жалпы 22 миң саптан турат. Ал жаш манас таануучу Ыскакбек Бейшембек уулу тарбынан кагазга түшүрүп алынган. Китепте башка варыйанттардан айрымаланып, Манастын бабалары тууралуу байандалат.

Ал эми манасчы Сатыбалды Аалы 1933-жылы туулуп, өзүнүн бул китебин көрүүгө үлгүрбөй, 2006-жылы 73 жашында жарык дүйнө менен коштошкон. Манасчы жана анын китебин жазып алуу, басмадан чыгаруу жөнүндө Шинжаң Эл адабыйатчылар коомунун Манас Изилдөө борборунун төрагасы, адис изилдөөчү Ыскакбек Бейшенбек уулу буларга токтолду:
– Сатыбалды аалы 1933-жылы Текес ооданы, Көк-Терек айлында төрөлгөн. Текес өрөөнү кыргыздын элдик маданыйаты, жөрөлгөсү бир кыйла толук сакталган жана байыртан тартып эле «Манас» эпосу кеңири таралып келген маанилүү өрөөндөрдүн бири.

Сатыбалды Аалы уулу жаңыча мектеп окубаган, өмүр бойу мал-чарбачылыгы менен алектенген адам. Энеси Гүлбаарым 16 бала төрөгөн. Бирок балдарынын көбү ымыркайында эле чарчап калган. Сатыбалды болсо 11-бала жана жана жарык дүйнөгө жашап калган үч бир туугандын улуусу. Анын чоң тайатасы Эсенгул залкар манасчы Акылбектын бир тууган иниси болгон.

Ал эми Акылбек манасчыны болсо Текес кыргыздарынын өз кезиндеги бийи Токтосун атайлап ат мингизип, тон гийгизип жанында алып жүрүп, аш-той, маараке-чогулуштарда Манас айттырган. Акылбектин өзгөчө талантына таңданган Токтосун бий бир жарым жыл өткөндөн кийин, «Канчалык айттың?» деп сураганда, Акылбек «Үчтөн бирин араң айттым» деген экен. Демек Акылбек айткан дастандын көлөмү айабагандай зор болгон.

Сатыбалды Аалынын «Манасын» кагазга түшүрүү 1982-жылдан башталган. Үч жолу Үрүмчү шаарына чакыртылып, алгач үн алгыга жаздырып алынган. Аны кагазга түшүрүп алуу жумуштарында Толкун Турду, Токтобүбү Ысак, Асанбай Матили сыйактуу изилдөөчүлөрдүн да эмгеги зор экенин эскерип койуу керек.

Китеп Иле казак аптономыйалуу обуласынын башчысы Мавкен Сейытказмза уулунун (улуту казак), Текес ооданын акими Кызыргелды Абдыракман уулунун (улуту казак) жана Текес оодандык эл курултайы туруктуу комитетинин орун басар жетекчысы Дүйшөн Асек уулунун түздөн-түз колдоосу менен жарык көрдү. Андыктан улуу мурасты аздектеген, улуттардын улуу достугун уланткан ушундай жетекчилерибизге да айтаар алкышыбыз арбын.

Ушундай эле ойду улап, китеби кечигип болсо да жарык көрүп, манасчынын арбагын бир оонаткандай болуп жаткан бул көрүнүшкө манасчынын кичи уулу, окутуучу Муса Сатыбалды уулу да толкундана келген конокторго өз ойун билдирди:
Бүгүн атабыз Сатыбалды Аалы уулунун 30 жыл сакталып келген ооз эки эмгеги, асыл дөөлөт, рухий кенч аталган «Манастын бабалары» деген бул олчойгон китеп – партыйа-өкүмөтүбүздүн шаңдуу шарапаты, жарык сайасатынын аркасында, окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн, эл башчыларынын колдоп, кубаттоосу менен колубузга тийип, өлгөнүбүз тирилип, өчкөнүбүз жангандай жүрөк жарды сүйүнүчкө кабылып турабыз.

Тарыхта өткөн түп атабыз Түгөй кандан берки Манастын бабаларын даңазалаган бул зор эмгек- маркум атабыздын таберик мурасы партыйабыздын (Кытай коммунисттик партиясынын) 90 жылдык торколуу тойунда, Кызыл-Суудакы туугандар Улуу-Чат ооданында Манас айтуу маарекесын белгилеп жаткан учурда айлыбызда таратылып жатканы да нур үстүнө нур жаагандай кубаныч.

Ниети калыс адам тойдун үстүнөн түшөт демекчи, Көк-Терек айлында ушундай бир тарыхый окуйа болуп жаткан маалда кыргызыстандык экс-депутат Жанкорооз Каныметовтун дал ушул күнү чек ара аттап, тууганчылай келип калганы да өзүнчө зор окуйадай болду.

Мындай учурга туш келгени өзү үчүн да күтүүсүз сүйүнүч болгонун Каныметов жашырган жок. Ал бул салтанаттын маани-маңызын өтө жогору баалап, ушундай улуу ишти уйуштуруп жасап жаткан азаматтарга, элге, мамлекетке чоң ыраазычылык билдирди:
– Бул манасчынын вариянты жөнүндө мурда уккан эмесмин. Бул жаңы вариянт Манастын ата-бабалары тууралуу экен. Эми арап арибинда экен, окуй албадым эң өкүнүчтүүсү. Элдин айтканына караганда, абдан жакшы вариянт экен. Бу өзү өтө чоң нерсе. Кытай Республикасына дагы чоң ыраазычылык. Ушу миллиарддаган элдин ичинде кыргыз элин колдоп атканына, кыргыздардын ушундай иштерди жасап жатканына Кыргызыстан элинен ыраазычылык.

Манастын бабалары боюнча Кытайда мурда айтылбаган, эч кандай китеп чыккан эмес.

Көк-Терек айлы – кыргыз улуттук айлы, Шинжаң аптономиялуу районунун Или Казак аптоном обласынын Текес ооданына карайт. Бизде оодан кыргызстандыктарын район дегени менен окшош.

Көк-Терек айлында 1000ден ашуун кыргыз жашайт. Кыргыз Кызыл-Суу аптоном областынын борбору Артуш шаарынан 3000 чакырым алыста жайгашкан.

Бул жерлерде кыргыздар илгертеден эле жашап келишет. Элдин дээрлик көп бөлүгү бугу уруусунан, андан башка саят, сарбагыш уруулары да бар. Айланасындагылардын көбү – казактар, анан кытайлар, уйгурлар бар. Көк-Теректе кыргызда бар өнөрдүн баары бар, салт-санаары көлдүк кыргыздар менен айырмаланбайт.

Бектур Иляс, Кытай, Шинжаң, “Азаттык”, 17.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.