Осмон империясын кыргыздар түптөгөнбү?

9-июлда жазуучу Асыкбек Оморовдун “Осмон империясы жана азыркы Түркия” аттуу тарыхый-илимий эмгегинин бет ачары болуп өттү. Ачылыш аземге жазуучулар, тарыхчылар, окумуштуулар ж.б кыргыз элине белгилүү коомдук ишмерлер чогулуп, бул жаңы тарыхый чыгармага өз бааларын беришти.

Асыкбек Оморов Фрунзе политехникалык институтун, кийинчерээк Россиянын Новосибирск шаарындагы Геодезия жана картография институтуна тапшырып, геодезия инженери кесибин алып, көп жылдар Россиянын, Монголиянын шаарларында эмгектенген. Ал 30 жылдан ашык “Чынгызхан”, “Темирлан”, “Осмон империясы жана бүгүнкү Түркия” жана “Атилла” деген тарыхый китептери үчүн материалдарды Евразиянын 16 мамлекеттеринен баалуу тарыхый булактардан чогулткан. Анын буга чейин жарык көргөн “Чынгызхан” аттуу илимий-популярдуу чыгармасы Мустафа Кемал Ата Түрк атындагы эл аралык илим жана маданият уюму тарабынан “ХХI кылымдын эң мыкты тарыхый китеби” деп табылып, алтын медаль менен сыйланган.

“Осмон империясы жана азыркы Түркия” деген китебинде ал дүйнөлүк тарыхта белгилүү болгон, VIII кылымдын аяк ченинде Орто Азия чөлкөмүндө кышкысын кар жаабай ондогон жылдарга созулган кургакчылык болгонунун, ошол улуу кургакчылыкта көчмөн элдер туш тарапка чачылганы, кайсы бир уруу Орто Азия чөлкөмүндө Енисейге көчкөнү, ал эми Чаткал өрөөнүнөн жана Бермет туздуу көлдөн 500дөн ашык каңды уруусу чогулуп, уруу башында турган Сулайман деген адам кичи Азия чөлкөмүнда жашаган сельжук уруусуна көчүп барып, сельжуктардын султаны Ала ад-Дин Кейкубаттан Эскишехир (азыркы Анкара шаары) аймагына жашоого уруксат алышканын айтат. Кийин Сулаймандын баласы Эртагрыл баатыр уюштургуч, көсөм болуп чыга келип, ал Эскишехирди эле коргобостон баатырлык менен салгылашып, Анадолу менен Изник аймактарын Византия империя бийлигинен тартып алганы, Византия империясы өз тарыхында сельжук бийлиги менен кыргыздардын биргелешкен чабуулунда эки жолу жеңилүүгө дуушар болгону баяндалат. Экинчисинде Сулаймандын баласы Эртагрыл Византия империясын биротоло жеңип алат. Кийин анын баласы Осмон да акылдуу, көрөгөч, уюштургуч, баатыр чыгып, 1299-жылы Осмон империясын түптөп, өзүнүн атын берип империяны көзү өткүчө, 1324-жылга чейин башкарган биринчи император катары тарыхта калат. Бийлик муундан муунга өтүп отуруп Осмон империясынын тарыхында 1923-жылга чейин 37 император башкарып, эң узак башкаруу катары алты кылымдан ашык, тагыраак айтканда 632 жыл, кыргыз улутундагы Осмон империясы болуп дүйнөлүк тарыхта аты калды деп айтылат бул эмгекте.

Натыйжада азыркы түрктөр биздин бир туугандар. Алардын түпкү теги кыргыздар. Ал эми учурда түрктөрдүн мурду коңкоюп, Европа түспөлдөшүп кеткени кезинде Сулайман европа улутундагы аял алып, андан кийин бүтүндөй эли европа улутунан үйлөнүүнү мода кылып алгандыктан, азыркы түрктөр кыргыздарга окшошпой калган.

Дагы бир так деп эсептелген фактыга таянсак, XI кылымда Византия империясы менен Осмон империясы согушат. Изник шаарында Осмон империясы жеңилип баратканда кыргыздардан жардам сурап кайрылат. Катуу салгылаштын биринде сельжуктардын жоокерлери жеңилүүгө дуушар боло баштайт. Ошондо 30 миң кыргыз атчан жардамга барып чыгыш жак капталдан “чапкыла”, “ургула”, “каапырларды өлтүргүлө” деген үндөр менен ат минген жоокерлер пайда болуп, рыцарларды четинен өлтүрө башташкан. Жогоруда аталган кыргыз тилиндеги ураандар бүгүнкү күндө да Стамбул шаарында түрктөрдүн архивдик тарыхында сакталуу турат. Рыцарлар менен болгон согушта сельжуктар кыргыздардын жардамы менен Византия империясынын Изник шаар чебин талкалап, биротоло өзүнө караткан. Ал кыргыз баатырларынын урматына 2004-жылы Түркиядагы КР элчиси Төлөмүш Океевдин демилгеси менен Изник шаарына эстелик тургузулган. Ал эстеликтин ачылыш аземин жасоого экс-президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев биртоп жолу чыгынып, бирок ар кандай себептер менен жолу ачылбай келген. 7-апрелден кийин Алмазбек Атамбаев дал ошол Изник шаарына барып эстеликти ачып, кан чыгарып, өз сөзүндө түрк элинин башына оор күн түшүп турганда ушинтип кыргыз баатырлары жанын аябаганын айтып Кыргызстандын ага чейинки карызын кечтирип, чөнтөгүнө дагы акча сала келген.

Китептин ачылыш аземинде Асыкбек Оморовдун өз улутунун тарыхын тактап, улуттук иделогиянын негизин түзгөнгө чоң салым кошуп жатканы айтылып, бул эмгеги мамлекет тарабынан бааланыш керек деп белгиленди. Чындыгында эле буга чейин түрк боордошторубуздун акчасына кызыгып алардын идеологиясын жүргүзүүгө көмөктөшүп, байыркы эл деп эсептелген кыргызды тескерисинче түрк атанын балдары деп келишкен тарыхчыларга караганда А.Оморовдун эмгеги бардык жагынан колдоого арзыйт.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.