Үркүн. 1916. Сөөгү талаада чачылган кыргыз…

“Кандай заман, кандай кырдаалга туш келсең да, сөөгүң ата журтуңда калсын”

“Кыргыз эл” коомдук бирикмеси мекенчил атуулдардын башын бириктирген, улуттук аң-сезимди көтөрүүдө маданий жана рухий багытта ишмердүүлүктү максат кылган уюм. Бирикме “Кыргыз макалдары”, “Кыргыз китеби”, “Муундан муунга” ж.б. долбоорлорду ишке ашырып келе жатат. Учурда Үркүндүн 95 жылдыгына карата 5-августта Каркыра жайлоосунда өткөрүлүүчү эскерүү күнүн белгилеп, үркүн шейиттерине арналган эстелик ташты ачуу аземин өткөрүү боюнча демилге көтөрүп уюштуруу иштерин алып барууда. Бүгүн биз “Кыргыз элдин” мүчөсү Кылыч РЫСАЛИЕВ менен үркүн иш-чарасы боюнча маектештик.

– Жеке сиздердин бирикме Үркүндүн 95 жылдыгына карата эскерүү күнүн уюштуруу демилгесин көтөргөнү эмнеден болду?
Биздин уюм буга чейин, 2009-жылы борбор каалабыздын 10-кичи району тарабындагы Түштүк дарбазасында үркүн шейиттерине тургузулган таш эстеликти кайра калыбына келтирип, чеке-башын тазалап, эл чакырып бата кылдык эле. Ошол таш эстелик турган жер өкмөт тарабынан 4 гектар болуп убагында бөлүнүп берилген. Эстелик болсо 1991-жылы тургузулуп, ошондон ушуга чейин каралбай, таштын ар кайсы бетине сүрөт тартылып, жаман, уят сөздөр жазылып, тегереги таштандыга толуп кетиптир. Жада калса таштын бетиндеги жазуу тактасын кошо бузуп, чыгарып кетишиптир. Албетте, мындай көрүнүш ата-бабаларыбызга болгон мамилебизди күбөлөндүрүп коет эмеспи. Ошентип, биздин бирикме демилге кылып, ошол аянтчаны тазалап, таш эстеликти сырдап, кайра жаңы такта салып, “1916-жыл Үркүн” деп жазуусун калыбына келтирип койгонбуз. Бүгүнкү күнү, Кудайга шүгүр, таш эстеликтин баштагыдай тазалыгы сакталып, ал жерге ыплас сөздөрдүн жазылганы да токтоду. Эми, 95 жылдыгына карата чоң иш-чара өткөзүүнү колго алдык.

– Жогоруда сөз кылып кеттиңиз, таш эстеликтин жалпы аянты 4 гектар деп. Бирок, бүгүнкү күнү биз анчалык чоң жерди көрө албайбыз го?
Туура байкадыңыз, ал жер азыр кыйла кыскарды. Ал 4 гектар аянтка республикалык маанидеги мемориалдык комплекс тургузулушу керек эле. Бирок, тилекке каршы, андай болгон жок. Тескерисинче, ата-бабаларга арналган ал жерди азыр “Манхэттен”, “Фиеста” деген сыяктуу кафелер ээлеп алган. Убагында бул боюнча сот иштери деле жүрүптүр, бирок, баягы эле акчанын күчү чечүүчү фактор болуп, баягы чоң аянттан биздин тарых үчүн, ата-бабаларыбыз үчүн болгону 25-30 гана сотых жер калды. Ал жерди да алдырып жибербеш үчүн азыр биз тиешелүү жерге кайрылып жатабыз. Бирок, ишенимимде, ал жер толугу менен кайтарылып, тарыхый комплекс курулат. Менин оюмча, үркүн темасына арналган тарыхый мемориалдык комплекс дал ушул жерге, борбор калаабызга тургузулушу керек. Ошондуктан, алынып кеткен 4 гектар жерди кайтаруу маселеси өтө олуттуу турат.

– Кылыч мырза, айтсаңыз, август айынын бешинде Үркүн шейиттерин эскерүү күнүн эмне себептен Каркырадан өткөргөнү жатасыздар?
Бул жер, кыргыз үчүн өтө тарыхый, сакралдуу жер. Көл кылаасында 1916-жылы Боом, Бедел, Ак-Шыйрак, Жети-Өгүз, Сары-Жазга эл качып кырылган эле. Бул жерлерден башка, Каркырага да качкан эл болгон. Буга тарых далил. Ошол жергиликтүү элдин айтымында, ошондо 30-40 миң адам курман таап, тоо-талаа, жол бүт эле сөөккө толуп, Чымынды-Сайдан агып түшкөн суу менен убагында жалаң сөөк аккан учурлар болуптур. Каркыра, Сан-Ташка, башка жерге куран окулгандай мал союлуп бата кылынбаптыр. Ал жерде түнү киши чыкпайт. Ач арбактан корккондор көп, көзүнө көрүнүп, кулагына угулгандар четинен чыгат. Түнү угулуучу кыйкырык, ый, муң,мылтыктын үнү, чаң-тополоң көрүнүштү көрүп, акыл-эсин жоготуп, айнып калгандар да бар экенин мага айтышты. Жергиликтүү эл колунан келгенин кылып, табылган сөөктөрдү кепиндеп көөмп, коюн союп бата кылышыптыр. Бирок, ал жерге атайы жылкы арнап, эл чогулуп, куран окуп бата жая элек. Ушул себептерден улам биз үркүндүн 95 жылдыгына карата дал ушул Каркырага эскерүү күнүн өткөрөлү деп чечтик. Бул иш-чара ата-бабаларыбызга арналып, келечегибиз үчүн өткөрүлөт. Таазим, сый-урмат жана ынтымак – биздин максат ушул. Анан, баса белгилеп кетейин, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, эч ким бул иш-чараны саясатташтырбасын. Бул – саясаттын иши эмес. Бул – элдин өткөнүнө болгон азыркылардын арбак астындагы милдети. Кимде-ким милдетин сезип түшүнсө, мен ишенем, ал сөзсүз үнүн кошот. Ынтымак ушундан башталат эмеспи.

– 5-августта өткөрүлүүчү азем жүрүшү кандай болот?
Буюрса, эскерүү күн августтун 5-6сында болуп, ал эми 4үндө Каркырага эл келе башташы керек. Иш-чара Сан-Таш айылына жакын жерде, үйүлгөн таштын жанында өткөрүлөт. Чакан митинг-реквием өткөрүлүп, атайы биз даярдап жаткан таш эстеликтин ачылуу аземи болот. Негизи, эки күндүк иш-чаранын жүрүшүндө үч жерде: Сан-Ташта, Каркыранын өзүндө (кыргыз-казак чек арасына жакын жерде), анан Бишкек-Каракол жолундагы Түп районунун Талды-Суу айылын көздөй кайрылган жолдун оң жак жагына таш эстеликтерди ачуу аземи болот. Биздин маалымат боюнча, ушул үч жерде катуу кыргын болуп, сөөктөр көмүлгөн эмес. Негизги иш-чаранын бөлүгү таштарды ачуу аземге жана малга бата кылып, куран окуп, тилек айтууга арналат. Бул бир жагы, экинчи бөлүгү болсо, улуттук оюндарга: күрөш, көк бөрү, оодарыш, ошондой эле “Санат-Кумай” федерациясынан мүнүшкөрлөр, тайганчылар келип, ит агытып, куш салып беришет. Андан сырткары, элге видеотасма көргөзүлөт. Экинчи күнү 10-11 км Каркыраны көздөй жөө жүрүш уюштурулат. Ал ортодо манасчылар манас айтып, дастанчылар дастан айтып жүрүп отурушат. Кыскасы, бул эки күн бою элдик каада-салт, үрп-адат көргөзүлөт.

– Бүгүнкү күндөгү уюштуруу маселеси кандай өтүп жатат? кандай кем-карчыңар бар?
Таш эстеликтердин акча каражатын чечтик. Союлчу мал боюнча эки жылкыбыз бар. Бирок, эл көп болот го деп болжоп жатабыз. Ошондуктан, бул маселе ачык бойдон турат. Андан сырткары, 22 боз үй чечилди. Азыр манасчы, дастанчылар менен сүйлөшүп, иш-чаранын сценарийин түзүп жатабыз. “Элдикин эл көтөрөт” дейт, акырындап колдон-буттан алып жардам берем дегендер чыгып жатат. Азыр ошол демөөрчүлөрдү издештирип жатабыз. “Кыргыз бир жакшылыкта, анан бир жамандыкта биригет” дейт. Жамандыкты артка калтырып, жакшылык чакырып, бир ынтымагыбызды көргөзсөк, жапа тырмак колдоо астында эскерүү күнүн салтанаттуу түрдө өткөрсөк деп жатабыз.

– Демек, бир сөз менен айтканда, иш-чаранын мүдөөсү өткөндөргө таазим жана элдик ынтымак турбайбы?
Эртеңки келечек азыр башталат. Элди ар дайым ошол элдин ички эрки, тилеги көтөрөт. Эч бир саясатчы же саясат эмес, карапайым эл өзү гана ынтымагы жана эрки менен өзүн көтөрүп, өсүп-өнүгөт. Эскерүү күнү Каркырада өтө тургандыгы бир чети төлгө, жакшылык ооматка болгон тилегибиздин белгиси. Алаканыңда суу болсо да, салымың арбак үчүн нарга тете. Ошондуктан, “жүрөгүндө тилеги бар ар бириңиздер келип, үнүңүздөрдү кошуп кетиңиздер” деп айтаар элем. Бул жер – Айкөл атабыз Манас көрүп билген жер. Дал ушул жерден Чоң Казатка кыргыз аттанган жер. Наркы улуу, жери куттуу, ыйык Каркыра ушундай жакшылыктын жери.

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 21.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.