Топуракты таш менен уруп чаңытуу

Оюнчулардын саны: 2—3 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар топурак үйүшүп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, колдорундагы таштары менен топуракты урушуп чаңытууга аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Таш менен топуракты уруп катуу чаңыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Топуракты таяк менен уруп чаңытуу, топуракты бут менен тебип чаңытуу, клайды таш менен уруп чачыратуу, ылайды кетмен менен уруп чачыратуу.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, жакын турууга, башка оюнчу үйгөн топуракты урууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулар топурак үйүлгөн жерден алысыраак турушу керек.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.