Урмай уруу

Оюнчулардын саны: 4—8 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: талаа.

Оюнда бычактар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Катышуучулар бычактарын колго алышып, катарга тизилип турушат. Оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден бычактарын алыстыкка ыргытышып, жерге учтары менен сайылып түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Бычакты алыстыкка сайылдырып ыргыткан оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, бычак ыргыткан тарапка турууга, бычакты башка жакка ыргытууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.