Ыргытылган кесекти бут менен тебүү

Оюнчулардын саны: 25 кишини

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда кесектер колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден шериктери ыргытып берген кесектерди тебишип алыстыкка учурууга аракеттенишет. Оюнчулар каалаган убакытка чейин оюнду улантышы мүмкүн. Ыргытылган кесекти көп жолу туура тебип алыстыкка учурган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Ыргытылган ташты бут менен тебүү, ыргытылган чүкөнү бут менен тебүү, ыргытылган топту бут менен тебүү.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.