АЛАЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

Биз, ажайып Ала-Тоонун алты дубан аймагынан Алайдын касиеттүү Чыйырчык жайлоосуна чогулган Кыргызстандын көп улуттуу калкы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө үлкөн үлүш кошушкан ушул улуу тоонун кулундары Тилеке баатырдын (XVII кылым), Ажы бийдин, Алымбек датканын, Абдылда бектин жана Курманжан датканын ыйык рухуна таазим этебиз жана алардын улуттук тарыхтагы өзгөчө ордун терең канааттануу менен баса белгилейбиз.

Айтылуу Тилеке баатырдын айкелин ачып, ашын өткөзүү менен катар биз жалпы Кыргызстан калкын ынтымак-ырашкерликке жана улуттук биримдикке чакырган АЛАЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫН сунуштайбыз жана анын негизги максатын улуу тоолордун бийигинен туруп жалпы журтка жарыялоону туура деп таптык.

2000 жылдан ашуун бай тарыхка ээ эгемендүү Кыргыз мамлекети учурда эң оор мезгилди баштан кечирүүдө. Кезегинде Айкөл Манас Атабыз “кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган” кыргыз калкынын улуттук биримдиги жана ынтымагы бүгүн чоң сыноого туш келди. Өзгөчө 2010-жылдын апрелиндеги кандуу окуя жана июнь айындагы улуттар аралык калаба улуттук биримдикке чоң доо кетирип, аймактык ажырымды күчөтүп жибергени өтө өкүнүчтүү.

Андыктан АЛАЙ ДЕКЛАРАЦИЯсынын негизги максаты – жалпы Кыргызстан калкынын улуттук биримдигин чыңдап, өлкө бүтүндүгүн сактоого багытталган саясатты турмушка ашыруу.

Кыргызстан – биздин сүйүктүү Ата Мекенибиз. Кыргыз Республикасы ар бир жарандын улуттук сыймыгы, ар-намысы, чексиз сүйгөн жана каны-жаны менен берилген ыйык журту.

Бизге Айкөл Манас Атабыздан мураска калган ажайып Ала-Тообузду, сүйүктүү Ата Мекенибизди көздүн карегиндей сактап, анын бир карыш жерин да кемитпей кийинки урпактарга өткөзүп берүү жалпыбыздын бийик максатыбыз болуп саналат. Кыргыз мамлекетин коргоого алып, анын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоо ар бир кыргызстандыктын ыйык милдети.

Биз, ажайып Ала-Тоону мекендеген түпкүлүктүү кыргыз журту, Кыргызстанда жашаган бөлөк улуттардын келечек тагдыры жана жарандык коопсуздугу үчүн жоопкербиз. Кыргызстанды “өз үй, өлөң төшөгүм” деп түшүнгөн бардык башка улуттун өкүлдөрүн кыргыз калкы менен бирге улуттук биримдиктин уугун улап, түндүгүн чогу көтөрүүгө чакырабыз!

Аймактык ажырымдарга жана уруулук бөлүнүүлөргө бөгөт коюу үчүн биз элибиздин мүдөө-тилегине төп келген “Улуттук биримдиктин концепциясын” иштеп чыгып, жалпы журтка сунуштайбыз. Эгерде кимде ким Кыргызстанды түндүк менен түштүккө бөлүүгө аракет кылып, жикчилдик менен жердешчилдик идеясын туу тутса, аны биз кыргыз калкынын чыныгы душманы деп эсептейбиз. Кыргыз мамлекетин бөлүүнү каалаган жикчилдер, улуттук биримдикке доо кетирген бузукулар карт тарыхтын катаал сурагына кабылат. Айкөл Манас баянында айтылгандай, андайларды “төшү түктүү жер урат, төбөсү бийик көк урат!”

Кайгылуу Ош окуясы бизге чоң сабак болду. Мындан ары жикчилдерге аёосуз сокку уруп, жалпыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарчу мезгил келди. Кыргыз калкы үчүн бүгүнкү кыйчалыш заманда улуттук биримдиктин улуу идеясын ишке ашыруу зарыл!
Өлкөнү коргоого даяр болуу, анын бүтүндүгүн жана эгемендигин көздүн карегиндей сактоо, Кыргызстандын бирдиктүү элин түзгөн бардык этносторду бириктирүү менен бакубат турмушка жетишүү, Кыргызстан үчүн бүткүл жоопкерчиликти бирдей жана толук бөлүштүрүү турмуштук зор мааниге ээ. Бул жерде көп нерсе биздин, түпкүлүктүү калк болгон кыргыздардын, бардык улуттарды бириктирүүгө болгон бекем саясий эркине жана даанышмандыгына жараша болмокчу.

Бакубат, бирдиктүү жана күч-кубаттуу Кыргызстанды куруу биздин асыл максатыбыз.
Бул үчүн улуттук биримдиктин улуу салтын туу тутканыбыз зарыл. Ага биздин ар-намысыбыз менен акыл-эсибиз, патриоттук духубуз менен билектеги күчүбүз толук жетет.
Биздин максатыбыз бийик, тилегибиз аруу!

Келгиле, алдыга койгон асыл максаттарга жетүү үчүн УЛУТТУК БИРИМДИК идеясын иш жүзүнө ашыралы! Байыркы бабаларыбыз айткандай, “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет”.

Биз, кыргыз калкы, татаал, тагдыр чечээр мезгилди башыбыздан өткөрүп жаткан учурда татыктуу Келечекке алып барчу туура багытты тандап алалы! Ал багыт – УЛУТТУК БИРИМДИКтин багыты.

УЛУТТУК БИРИМДИКтин жолунда Кудай бизге жар болсун!

23-июль, 2011-жыл,
Алай, Чыйырчыктын бели

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.