Ташты баштан ары артка ыргытып уяга түшүрмөй

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.

Оюнда таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Бир биринен 4—5 метрдей аралыкта эки тегерек сызылат, андан кийин оюнчулар, колдоруна таштарын алышып оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бир тегеректе колдоруна таштарын алышып, экинчи тегерекке арты менен турушуп, таштарын баштан ары артка ыргытышып, экинчи тегерекке (уяга) түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу ташты баштан ары артка ыргытып уяга түшүргөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү. Ташты баштан ары артка кол менен алыстыкка ыргытуу, ташты эки колдоп алыстыкка ыргытуу.

Оюндун эрежеси. Тегерекке жакын турууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, ташты уядан башка тарапка ыргытууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчектикке тарбияланат.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.