Ташты бийиктикке ыргытуу

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.

Оюнда чакан таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Диаметри 1 метрдей тегерек сызык сызылат, андан кийин оюнчулар оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.”

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден тегерек сызыктын ичинде турушуп чакан таштарын бийиктикке ыргытышат, Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Чакан ташты бийиктикке ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Тебетейди бийиктикке ыргытуу, таякты бийиктикке ыргытуу.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, тегерекке жакын турууга, оюндун көзеш жана шартын бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.