«Аптап» сынагы: Айсалкын Сооронбаева

АПТАПТА

Жай мезгил, жер эне турган ийип,
Жайкы чилде аптапта ысык уруп.
Жалбыздын жыты ордоп өр-талааны,
Жер жемиш чарбак толо бышыкчылык.
Анжири, коон, дарбыз, жүзүм, өрүк…
Азыр мен бүтө албайым аны жазып.

Кер кашка терин чачып илең-салаң.
Кең-Кайкы жайлоодон сапар алган.
Куржунга кымыз, каймак арта салып,
Кыңылдап ат үстүндө эргүү алып.
Керимсел желге жүзүн тоскон атам,
Жакага төтө жолдо бара жаткан.

Желпинтип мээ кайнаткан ысык күндө,
Желаргы шамал сокпой айлана үп.
Жайкалган жашыл шибер, кымыздыктар,
Жалп этип чалгы тийсе сулай берген.
Жармадан кере жутуп, чаңкоо басып.
Чаалыккан жигит жүрөт терин төккөн.

Керилген керме тоодон шоола чачып,
Күлмүңдөп күн да чыгат салам айтып.
Күн желеси чачырап дайраларга,
Күмүш нурлар агылат сай-сайларга.
Көл жээгинде кум ысып, издер сансыз,
Көрккө толгон көл бүгүн шарпылдаган.

Айсалкын Сооронбаева,
«Аптап» сынагына

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.