1916-жылы кыргыздар аз жерден кырылып кете жаздаган

1916-жылдагы  кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнө  карата акыйкаттыкты калыбына келтирүү, жаш муундарды ата-бабалардын  элестерин урматтоо жана сыйлоо сезиминде  тарбиялоо үчүн  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  2008-жылдын 18-апрелинде токтом кабыл алган. Бул токтомдун негизинде  августтун биринчи аптасынын жума күнү 1916-жылдагы  кыргыз элинин  улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү күнү  деп белгиленген. Жакында  “Кыргыз эл“ коомдук бирикмеси  атайын жыйын өткөрүп, ага катышкан белгилүү коомдук ишмерлер Үркүндүн  95 жылдыгын белгилөөгө арналган  иш-чараларды талкуулашты.

Кылычбек Рысалиев, “Кыргыз эл” коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары: – Үркүндү эскерүү, аш дегендер көп эле жерде өткөрүлгөн. Бирок биздин көптөгөн ата –бабаларыбыз өткөн Каркырада андай масштабыдуу иш-чара өткөн эмес экен. Анан калса биз ашын эмес, эскерүү күнүн өткөргөн жатабыз. Биз  бир сыйра тасктыктап билели деп атайын Каркырага барып келдик. Жергиликтүү эл, Түп, Ак-Суу районунун акимдери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен жолугуп сүйлөштүк. Ушундай иш-чара даярдап жатабыз деп өзүбүздүн программабыз менен тааныштырдык. Сиздерди чакыргандагы максат – ушул иш-чараны талкуулап, ой-пикириңиздерди, сөздөрүңүздөрдү уксак дегенбиз. Биз мындай нерсени биринчи жолу уюштуруп жатабыз, тажырыйба азыраак. Ошон үчүн оюңуздар болсо, айтсаңыздар.

Үркүнгө арналган иш-чараны биз 5-августта өткөрөлү деп чечтик. Ошол күнгө манасчыларды, дастанчыларды, кошокчуларды, ырчыларды чакырдык. Андан тышкары Өкмөт тараптан да катышаар, бирок алардан  азырынча ачык жооп болгон жок. Өткөрсөңөр өткөрө бергиле, бирок биз акча каражат жагынан жардам бере албайбыз дегендей жообун беришкен.

Эми эстелик таш боюнча айта кетсем, аларды төрт жерге коёлу деп жатабыз. Негизги эстелик Санташтын өзүндө, Үйүлгөн ташта  болот. Андан кийинки таш белги Түп районуна, Бишкектен Караколго баратканда Талды-Сууга бурулган жерге коюлат. Ал жерден көп киши өтөт экен. Аябай көрүнүктүү жер. Казакстандан келген коноктор да ошо жерден өтөт. Үчүнчү таш Каркыра жакка баратканда Тулга ташка орнотулат. Бул кадимки эле Көкөтайдын  ашы өткөн жер экен. Ошол убакытты далилдеген, тастыктаган таштар бар. Илгери бул таштар түз тизилип турчу экен, кийинчерээк экскаватор менен ордунан козгоп, үйүп салышыптыр. Каркыранын бир топ жери  Казакстанга өтүп кеткен, биз ошол жерге бир таш коюп, бул биздин ата-бабаларыбыздын жери, мындан ары жол жок дегендей эстелик орнотолу деп жатабыз. Төртүнчү таш болсо ошол эле Каркыранын  Жалгыз-Карагай деген жерине коюлат. Ошол жерде чуңкур бар. 1916-жылы качып бараткандарды жашы дебей, карысы дебей, бешиктеги балдарына чейин өлтүрүп эле чуңкурга сала беришиптир. Жергиликтүү эл менен сүйлөшсөк, ошол  кыргын болгон жерлерде көп ый, ызы –чуу, атылган октордун үнү угулат экен. Уккан, көзүнө көрүнгөн нерселерден улам  акылынан тайып кеткендер да болгон дешет. Атайын молдо чакырып,  Куран окуткан учурлар аябай көп болгон экен.  Ошон үчүн  биз эскерүү күндү ушул жерде өткөрүп, куран окутуп, өзүбүздүн парзыбызды аткарып коёлу дедик.

Негизги таш коюлчу жер – Үйүлгөн таштын жанындагы эки ача жолдун бирөөсү Каркырага, бирөөсү Чымынды-Сайга кетет. Жергиликтүү эл менен сүйлөшсөк, бул жерден дагы ок-дарылар табылган экен. Жол экиге бөлүнгөн жерде жазалоочу отряддын аскерлери  элди ойноп атып, суунун жээгине таштай беришиптир. Чоң суудан абдан көп сөөктөрдү көрчүбүз  дешет. Бирин-серин эмес, үйүлгөн сөөктөр жатчу экен. Санташта  жергиликтүү бир аксакал менен сүйлөшкөндө элүүдөй адамдын сөөгүн жашикке салып көмгөнбүз дегенинен  атайын археолог Ороз байкени чакырганбыз. Эгерде ошол сөөктөрдү тапсак он алтынчы жылга таандыкпы же башка мезгилгеби – ошону аныктап, расмий кагаз алып коелу дегенбиз. Бирок тиги аксакал 86 жашта экен, жаңылышып калдыбы, көрсөткөн жерин казып,  бир күрөк киргенде эле онунчу кылымдын дубалдары чыгып баштады. Ошондуктан, биз казганды токтоттук.

1916-жыл жалпы кыргыз элинин трагедиясы. Кыргыз эли  тегиз кырылып, түбү менен жок болуп кете турган коркунуч туулган. Ошондуктан, өзүн кыргызмын деп эсептеген адам бул нерсеге кайдыгер карабай өз салымын кошуш керек. Ар бир облустун өкүлү келип катышса, биримдикке келсе экен  дейбиз. Себеби, ушундай окуя болгонун укпагандар, укса да анын маңызын түшүнбөгөндөр бар экен.

Нурмухаммед КЫШТОБАЕВ: – Мен өзүм көлдүк болом. Чоң атам үй-бүлөсү менен Үркүндө Турпанга чейин барып кайра келген. Солдаттар качып бараткан   элди  ок коротпой, штык менен сайып өлтүрүшкөн. Үркүндө курман болгондорду биз шейиттер деп жүрөбүз. Шейит деген сөз окко учкандарга  карата айтылат. Ал эми ок коротпой, штык менен кыйнап өлтүрүлгөндөрдү ыйыктардын катарына кошуш керек. Үркүндү көргөн аталар, апалар болсо издеп таап, аларга өзгөчө урмат-сый көрсөтүү зарыл  деп эсептейм.

Памир КАЗЫБАЕВ, адабиятчы, публицист: – Үркүндүн арбактарын, дегеле тарыхтын арбактарын козгоп, боздоп, анан эчтеке кылбай кетип калабыз. Быйыл “Өмүр көчүнүн” башталганына 20 жыл болот. Таластан башталып, Чүйдөн өтүп Нарын менен бүткөн. Ошондо Акаевден баштап  эстелик тургузабыз дегенбиз. Эстелик түгүл балакет жок. Арбак алдында баарыбыз жоопкербиз да, туурабы? Топчубек Тургуналиев акебиз азыр кино тартам деп “Манаска” жабышып жатат. Үркүндүн арбагынан кутула албай жатып, “Манаска” эмнеге жабышат? Эмне, акча жасайын деп жатабы? Жыпар Жекшеев, Чапырашты Базарбай, Табылды Эгембердиев, биз эмне иш кылдык? Мурдагы башталган иштин канчасы жасалды, канчасы жасалбай калды? Эмнеге жасалбай калды? Ошого кандайдыр бир жоопкерчилик болушу керек да. Анан кыйкырып эле Алтайга кетип калабыз. Эми Америкага баралы деп жатабыз. Барганга жараша иштин жыйынтыгы болуш керек да. 13-август негизи  кыргын  болгон күн. Биз мурда жазганбыз, Үркүндү, жалпы кыргыздын тарыхын эскерүү күнү деп. Болбой эле августтун биринчи жумасы деп коюшту. Буга деле макулбуз.

Мен өзүмдү айтсам, Москвада 1937-жылы чыккан архивдик доку­мент­терди которуп, 1996-жылы китеп кылып чыгардык. Элүүнчү жылдары бүт Кыргызстанды кыдырып чыгышкан тарыхчылардын эскерүүлөрү академияда жаткан экен, аны чыгардык. Кышында Үркүндүн токсон беш жылдыгы болгон жатат деп шаардын бийлигине, мэр Иса Өмүркуловичке кат жазганбыз. Кыргыз менен гана чектелбей казактарды, өзбек, тажиктерди да чакыргыла. Бул кыргын бүт Орто Азияда болгон. Ошондо бүт түрк элдери биригет, ошого аракет кылалы дегенбиз. Ал катка азырга чейин  жооп жок. Учурунда 16-жылдагы кыргыздын улуттук боштондук күрөшү өз баасын алышы керек деп макалаларды жазгандар  азыр оозуна талкан салгансып унчукпай отурат. Азыр айттыңар, өкмөт бир да жардам бербей жатат деп. Демек, булар бийликке барганча эле кыйкырат экен да? Баарыбыз эле кыйкырабыз, бирок иш жок болуп жатпайбы.

16-жыл боюнча эмгек сиңирген көп кишилер болгон. Мисалы, Төрөкул Жанузаков Лениндин алдына Кытайдагы кыргыздарды кайра көчүрүп келүү боюнча маселе коюп, 100 миң рублди бөл­дүртүп, кыргыздардын аман-эсен кайтып келишине эмгек синирген киши. Кожомкулов деген аксакал айтып жатат.Үркүн Өзбекстандын мектептеринде тарых сабактарында окутулат экен. А биз кыргыздар муну билбейбиз.  Мен өзүм Сокулуктун Асылбаш айылынан болом. 16-жылга коюлган эстелик биздин гана айылда бар. Башка жерде жок. Биздин айылдан 138 киши кыргынга учураганы үчүнбү, билбейм. Эмне жалгыз эле биздин Асылбашка керекпи? Эмне үчүн борборго эстелик коё албайбыз? Мына, жыйырма жыл өттү. Эгемендүүлүккө кайсыл бетибиз менен барабыз – арбактарга бир эстелик коё албасак?

Кылычбек РЫСАЛИЕВ:-Биз бүт Орто Азия республикаларынын катышуусунда бир чоң конференция уюштуралы деп жатабыз. Үркүндүн 100 жылдыгы эртең эле келип калат. Ошондо деле ушинтип бири-бирибизден коркуп, айта албай, сиз айткандай, эстелик коё албай отурабызбы? Ошондуктан,  чоң деңгээлдеги конферен-цияны быйыл уюштурганга аракет кылабыз. Кийинки жылдары Үркүн
боюнча иш-чараларды эркин өткөргөндөй болушубуз керек. Чындыгында 16-жылы геноцид болгон. Кыргыздар кырылып кете турган коркунуч туулган. Кыргынга жалгыз эле кыргыздар эмес, казактар, өзбектер, тажиктер да кабылган. Бирок бул орус элинин  эмес, орус падышачылыгынын күнөөсү.

Памир КАЗЫБАЕВ : – Мен архивди казып отуруп, 1947-жылкы кол жазмаларды таптым. Ливаков деген Каркырада болгон окуялар жөнүндө ачык эле айтып жатат. Падышачылыктан кетти, бийликтен кетти, карапайым элде күнөө жок деп. Гезиттердин редакциялары менен сүйлөштүм, ушундай эскерүүлөрдү жарыялап алалы. Анан, кудай буюрса, өзүнчө жыйнак кылып чыгарабыз. Демөөрчүлөр  чыгып атат.

Дөөлөт НУСУПОВ: – Биз жок дегенде коомчулуктун деңгээлинде өткөрүп, мамлекеттик деңгээлде колдоо болбой жатат. Башка республикалар ушундай деңгээлде да бир да иш-чара өткөрө алышкан жок. Ошондуктан, бул балдардын демилгесин колдош керек. Байларыбыз алганды гана билет, бергенди билбейт. Алар мындайды ойлоп да койбойт. Мына, мен канча чуркадым, акча чогултуш өтө кыйын. Илимий конференция өткөрөбүз, китеп чыгарабыз, кино тартабыз дегенбиз. Эчтеке болгон жок да. Ошондуктан,  биз колубуздан келген жардамды берели. Акчабыз барыбыз каражат жагынан, башкаларыбыз башка жагынан. Илимий конференция өткөрүп, анын материалдарын  китеп кылып чыгарыш керек.

Мамат САБЫРОВ, “Кыргыз Туусу”, 29.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.