Биз кыргызбызбы, же араббызбы?

Тээтиги имам-молдолор, кара түндү ак таң дешсе ак таң де.
Туура эмес деп талашып байкушум эч теңелбе.
Сен да аларга кошулуп куп дегин да жинди бол.
Болбосо сен алар үчүн дин безери, эл душманы болооруңдан шектенбе.
Омар Хайям

Азыр мусулман болот десе отузга чыкпай жатып сапсайтып сакал коюп, дамбал кийип, басса-турса арабча күбүрөнгөн жигиттерди, капкара матага оронуп алып жүзүн жашырган кыз-келиндерди көргөн сайын кыжырым кайнап, э айланайындар, биз кыргызбызбы же араббызбы деп кыйкыргым келет.

Эгер мусулманчылык жөнүндө айта турган болсок, ислам дининин кыргыз тарыхындагы орду жөнүндө улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых илиминин доктору, профессор Өскөн Осмонов мындай деп жазганы бар: “Кыргыздардын арасында ислам дининин өтө кеңири таралышы Кокон хандыгынын учуруна туура келет. Анткени динди таратуу кокон башкаруучуларынын саясатынын бир бөлүгү болгон. Кыргызстандын аймагындагы стратегиялык мааниси бар жайларда чептер курулуп, мечиттер салынып, кокондук молдолор мечиттерди тейлей баштаган. Бирок кыргыздардын диний турмушунда мечиттердин орду чектелген абалда болгон. Анткени мечиттер көбүнчө чеп ичинде курулуп, ал эми кыргыздар алардан оолагырак көчүп жүрүүгө аракет кылышкан. Ошого карабастан XIX кылымда кыргыздар маңызын терең түшүнүшпөсө да, исламдын негизги ырым-жырымдарын өздөштүрө башташкан. (Кыргызстан тарыхы. 116-бет) Демек, өлкөбүздүн тарыхында ислам дининин эң эле өрчүп-өскөн мезгили Кокон хандыгынын тушундагы мезгил болуп эсептелет. Ошол Кокон хандыгынын тушунда жашап өткөн, мына биз жакындан бери анын 200 жылдык мааракесин белгилейбиз деп дүрбөп аткан Курманжан датка энебиздин Бухаранын эмири Музаффарга айткан бир сөзү бар экен.

Алайга атайын келип аны алгач көргөн эмир Музаффар “мусулман аялынын жүзүн жашырбай ачык кармаганы эмнеси” деп түз эле беттен алат экен. Ошондо Курманжан энебиз сылык гана “улуу урматтуу эмир, кыргызда аял киши уяттуу жерин гана, жашырат, уят иш жасаса албетте жүзү менен уялат, бирок аял кишинин жүзү анын уяттуу жерине кирбейт. Кала берсе ыйык куранда деле аял киши жүзүн жашырыш керек деп айтылбаптыр” деп жооп берген экен.

Айтайын дегеним, байыртадан бери энелерибиздин баштарынан элечеги, кыз-келиндердин баштарынан жоолук, шөкүлө, такыя дегендер түшпөгөнү менен эч качан жүздөрүн жашырышкан эмес. Ошондой эле мусулман эркектер сакал коюп, дамбал кийиш керек деп да куранда жазылган эмес. Кыргызда кылымдардан бери боз улан, жигиттер менен кыз-келиндер ортосунда ойнолуп келген ак чөлмөк, селкинчек, жоолук таштамай, шакек салмай жана ат оюндарына кирген кыз куумай сыяктуу көңүл ачкан шаңдуу оюндар, кыргыз аялзаты башка түрк тилдүү элдердеги аялзатына салыштырмалуу өздөрүн эркектин алдында алдаганча эркин кармап жашап келгендерин далилдейт. Ал эми бүгүнкү биздин молдокелер аял кишиге жүзүңдү күйөөңдөн башка эркек көрбөш керек, башы бош адамга да сүйүү, ашыктык ырларын ырдабаш керек дешет. Ырдасаң Алланы гана даңазалап ырда дегендери кыргыздын илгертен келе жаткан кулк-мүнөзүнө такыр туура келбеген нерсе.

Элибизде илгертен бери аялзатынын сулуулугуна суктанган, маданият казынабыздын бир өңүрүн толтурган ашыктык ырлары жаралган. Токтогулдун Алымканы, Жеңижоктун Көк сулуусу, Барпынын Мөлмөлү жана башка ырлар. Улуу сүйүүнү даңазалаган “Кулмырза менен Аксаткын”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Жаңыл мырза менен Түлкүбек” сыяктуу дастандар жаралган.

Көчөдө баратып келишкен сулуу кыз-келиндерди көргөндө алардын койнуна кирип кетиш эмес, тек гана сулуулукту көрүп көңүлүң көтөрүлөт. Акындар ыр жазышат. Ал ырга обончулар обон жаратып, көңүл ачкан чыгарма жаралат. Оронуп-чүмкөнүп алгандардын эмнесин көрөсүң. Акындар алардын эмнесин жазат? Сулуулукту көрүп суктанып жашабасаң андай жашоонун эмне кереги бар. “Сулуулук дүйнөнү сактап калат” деген сөз да жөн жерден айтылбаган чыгаар. Жада калса молдокелерибиз жакыны каза болгон адамдарга да ыйлаба, өкүрбө деп тыюу салгандары жанга батат экен. Жакшы көргөн жакын адамынан ажыраган адам жарылып ыйлап, ичиндеги кайгы-муңду көз-жашы менен чыгарып жеңилдейт да. Кайгы-муңду ыйлабай ичине каткан адам буулугуп жинди болуп кетпейби. Ушундайларды көргөн сайын бизге байыркы тутунуп келген динибиз теңирчилик гана туура келет экен деген ойго кетем. Себеби бүгүнкү мусулманчылык дегендин артында арабдаштыруу саясаты жатат деп түшүнөм. Мисалы, көчөдө көрүнгөн тамак-аш саткан жердин баарына “халал” деп жаза беришип, кыргызча “адал, арам” деп айткандын ордуна нукура кыргыз деген акындарыбыз баш болуп “халал, харам” деп ырдап калышты. Деги эле мусулманчылык дегениң баарыбызды арабча сүйлөтүп, эркектердин баарына дамбал кийгизип, аялдардын баарына паранжы жамындырыш максатында иш жүргүзүп келет. Жогоруда аты аталган тарыхчы Өскөн Осмоновдун жазгандары боюнча кыргыздар арасында ислам динин таратууга өзгөчө салымы бар Кокон хандыгы 1709-жылы негизделиптир. Эгер ошол 1709-жылдан баштап эсептей турган болсок, деле ислам динин тутунуп баштаганыбызга туптуура 302 жыл, башкача айтканда үч кылым болуптур. Ал эми ислам динине өткөнгө чейинки, бери эле дегенде эки миң жылдай тутунуп келген теңирчиликти эмнеге танышыбыз керек. Манас атабызды да мусулман кылып намаз окутуп койгон мусулман жазмакерлерге күйөм. Манас атабыз жана ошол кездеги кыргыздардын баары Теңирге сыйынышкан. Ошон үчүн улуу дастаныбызда Теңир жалга, Теңир сакта, Теңир колдо деген сөздөр айтылат.

Кыргызды кыргыз кылган Манас атабыз, ошондуктан Мухамед пайгамбар араб элине кандай ыйык болсо, Манас атабыз бизге ошондой ыйык. Анын осуяты бизге куран болуш керек деп эсептейм. Биздин молдокелер үчүн башкача ойлонгондун баары улуу акын Омар Хайям айткандай, дин безери, эл душманы болуп чыга келерин да түшүнөм. Бирок айткылачы, биздин ашынган мусулман кыргыздар, биз кыргызбызбы же араббызбы?!

Кутман ТОЙЧУ, “Жаңы Агым” “Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 29.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.