Академик Абдылдажан Акматалиев: Айтматов “Манасты” кара сөз түрүндө жазайын деген, бирок…”

Сөзүбүздү алгач бүгүнкү күндөгү адабият, маданияттын абалы, жаштардын ага салымы, мамилеси жөнүндөгү кептен баштасак. Жаштардын чыгармалары жарык көрүп жатабы, жаштар тарткан кинолорду көрөсүзбү, алар сизге кандай таасир калтырат?
Адабият, маданият өз жашоосун токтотуп койгон жок, бирок ага карата “өнүгүп жатат” деген сөздү пайдалануу бир аз ыңгайсызыраактай. Профессионал аксакал акын, жазуучуларыбыз мурдагыдай активдүү иштебей калышты, кээ бирлери чыгармачылыгын дегеле токтотуп койгондой. Поэзияда бир топ келечектүү жаштар бар, бирок проза менен драматургияда мындай көрүнүш байкалбайт. Кара сөз менен чыгарма жазуу оңойдой сезилген менен, чындыгында андай эмес. Дегеле дүйнөлүк адабияттын тарыхында көркөм проза поэзияга караганда кыйла кийин пайда болгон. Драмалык чыгармалар да байыркы кылымдарда ыр менен жазылган. Накта профессионалдык көркөм проза белгилүү бир адабий салттар калыптанган, көркөмдүктүн идеалдары ачыгыраак, аныгыраак, тагыраак болгон учурда гана пайда болот. Жаштар тарткан кинолор жөнүндө айтсам, мен алар менен дээрлик тааныш эмесмин.

Кино демекчи, “Манас” кино-эпопеясын тартабыз деген идеялар айтылып, ал боюнча жыйналыштар өтүп жүрдү эле. Ага сиз да катышып жүргөнсүз. Бул идеяга сиздин көз-карашыңыз кандай?
Идеянын өзү жакшы эле. Бирок, “Манастын” сюжетинин негизинде көркөм фильм тартыш оңой нерсе эмес. Профессионалдар маселесин жөн эле коёлу, ага канча финансылык, материалдык каражат керек?! Ага каражатты ансыз да кыйналып турган мамлекет кайдан табат?! “Манас” боюнча кинону эптеп-септеп тарта салууга болбойт. Режиссерлорубуз анчалык эле эпикалык сюжеттеги фильм тарткылары келсе кенже эпостордун, элдик дас-тандардын негизинде бир-эки сериялуу кино тартып көрүшпөйбү.

“Манас” эпосу жана Айтматов” деген даректүү тасма тартылса деп ойлой берем. Ушундай багытта “Манас” боюнча даректүү фильм тартуу аркылуу бул эпосубуздун улуулугу, касиеттүүлүгү, кыргыздын каны-жаны менен тамырлаш, өзөктөш экендиги дагы бир жолу эң таасирлүү, сонун далилденмек. Ушуну менен катар кыргыздын көркөм сөз өнөрүнүн тарыхы, адабий-эстетикалык идеалдарынын улуттук өзгөчөлүгү көрсөтмөлүү чагылмак. Кыялымдагы фильмдин өзөгүн Айтматовдун Саякбай Каралаев жөнүндөгү эскерүү макаласы түзмөк. Жаан куюп жатат, эл менен кошо Айтматов да эпос-тун магиялык касиетине арбалып, эрип, эргип угуп жатат. Ал ортодо жазуучунун публицистикалык макала, маектериндеги эпос тууралуу ойлору жаңырат, “Манас” – кыргыз рухунун туу чокусу” аттуу макаладагы ойлорду, эпостун Айтматовдун өздүк чыгармачылыгына таасири, бүгүнкү турмуш менен байланышы жөнүндөгү ойлорду коштоп элестүү көрүнүштөр көз алдыда чубурат. Анын үстүнө Айтматов манасчылык өнөрдүн келип чыгышы, калыптанышы, элдүүлүгү, улуттук баалуулугу жөнүндө көркөм чыгарма да жазган эмеспи.

Ушул чыгарма жөнүндө кененирээк айтып өтсөңүз.
Чыңгыз агай “Манас” менен манасчылык өнөрдүн табиятын, философиясын өтө терең түшүнгөн киши эле. Ал 1978-90-жылдар аралыгында Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин варианттарынын басмадан чыгышына башкы редакторлук кылган, тексттер менен жакшы тааныш, “Манасты” кара сөз түрүндө жазайын деген ою да болгон. Бирок, убактысы тардыгынан Ашым Жакыпбеков менен Кеңеш Жусуповго “Манасты” прозада жазууну тапшырган. “Манас” темасынын духу анын алгачкы чыгармаларынан эле байкалат. Жетимишинчи жылдардын башында манасчылык өнөрдүн сырына кызыгып, ал тууралуу көлөмдүү чыгарма жазууга киришип калган. 1972-жылы үзүндү катары жарыяланган “Кайрылып куштар келгенче” аңгемесинен романдык масштабдагы окуяларды камтый турган чыгарманын башталышы экендиги байкалып турат. Айтматов манасчынын өмүрүн өзөк кылып алып, тарыхый планда чыгарма жазууну көздөгөн.

Балким, Чыңгыз агай романды жазып койсо да керек… Анткени, чыгарма жазылгандан кийин белгилүү калмак акыны, курдашы, сыйлаганы, урматтаганы Давид Кугультинов кол жазмага кызыгып, окуп берүүнү суранган экен. Кугультиновдун кызыкканы, чыгармада XVII кылымдагы тарых – кыргыз элинин ойрот, калмактарга каршы эркиндиги, азаттыгы үчүн күрөшү чагылдырган. Калмак акыны Чыңгыз агайга “бул чыгарма эки элдин достугуна түшүнбөстүк жаратышы мүмкүн” деген ой менен басмага бербешин өтүнүптүр да, кол жазманы өзүнө алып калган экен. Айтматов да сый катары унчукпаптыр. Ушундай маалыматтар тараган учурда мен Ч.Айтматовдун 1988-жылы алтымыш жылдык маа-ракесине арналган филармониядагы чыгармачылык кечеде “Кайрылып куштар келгенче” чыгармасынын тагдыры жөнүндө кат менен суроо берип кайрылган элем. Кечени драматург Бексултан Жакиев алып барып жаткан. Чыңгыз агай суроого “бүтүп калдым, аңгеме романга чейин өсүп кетти” – деп жооп берген эле. Кийин да сурап көрдүм, “Ал мезгилде чыгарманын чыгышы кыйын эле” – деп койду. Кандай болгондо да “Кайрылып куштар келгенче” Айтматовдун чыгармачылыгында өзгөчө көрүнүш. Жазуучу тарыхка сүңгүп, тарыхта манасчылыктын өлбөс-өчпөс образын жаратууга умтулган. Манасчылык өнөр аркылуу кыргыз элинин улуулугун, баатырдыгын, кайраттуулугун, биримдигин көрсөткөн. Манасчыдан эл дух алган, ар намыс ойгонгон. “Манас” кыргыз элинин жан дүйнөсүнө сиңип кеткен. Кыргыздар “Манас” деп ураан чакырган. Манасчы ата-журттун ыйыктыгын, аны сактоону, коргоону, даңктоону даңазалаган. “Манас” кыргыз элинин бекем чебине айланган. Душмандар үчүн манасчы эң биринчи күчтүү жоо болгон. Манасчысын өлтүрсө элди басып, багындыруу оңой болгон. Ошондуктан душмандар манасчынын көзүн тазалоого аракеттенишкен. Элдин азаттыкка, эркиндикке умтулушун манасчы аркылуу көрсөткөн. Айтматов тарыхый чыгарманы да эң сонун жазмак.

Эми жазуучунун эң соңку романында Түбөлүк колукту жөнүндөгү легенданын орун алып калышы жөнүндө айтып берсеңиз. Кыргыздарда ушундай легенда барбы? – ушул суроо да окурмандар үчүн кызык болуу керек?
Ч.Айтматов элдик жомок, уламыш, мифтердин бүгүн да актуалдуу, бүгүн да тарбиялык мааниси жогору экендигин дайыма айтып да, чыгармаларында далилдеп да келген. Түбөлүк колуктуну Кытайлык кыргыздардын легендасы деп романда айтылганы менен вариантын табуу кыйын болду. Кытайлык кыргыз окумуштуулары Макелек Өмүрбайдан, Адыл Турдудан ж.б. сурап да көрдүм. Алар мындай легенданы угушпагандыктарын айтышкан эле. Чыңгыз агайдын өзүнөн “кытайлык кыргыздарда Түбөлүк колукту жөнүндөгү легенда жок экен” – десем, “Ошондойбу?” – деп койгон болчу. Фольклорду Айтматов ар кандай ыкмада, ар түрдүү өңүттө пайдаланчу. Чыгарманын идея, темасына жараша ылайыктап айрымдарын өнүктүрүп, өзгөртүп, кээде ойдон чыгарып, жаңы уламыш жаратып дегендей. Жаңы уламыш жок жерден жаралбайт, ошол эле фольклордук поэтикалык эстетикага таянып жаратылат. Ч.Айтматов “Тоолор кулаганда” романында Түбөлүк колукту жөнүндөгү легенданын өзөгүн “Кожожаш” эпосу да түзүшү мүмкүн деген оюмду атайы эмгектеримде билдирген элем. Албетте, бул ойдо дагы эле болсо кала берем. Бирок, Айтматов “Кожожаш” менен кошо параллелдүү экинчи бир легенданы колдонушу, “Кожожашка” башка бир легенданы сиңирип ийиши мүмкүн эле.

Тагыраак айтканда, Түбөлүк колукту легендасы мага эки бөлүктөн тургансыйт. Биринчиси, көзгө атаар мерген болуп, элди багуу окуясы “Кожожаш” эпосунан алынса, экинчиси колуктунун жигитти издөө окуясы Чолпон легендасынан алынгандай. Чолпон легендасынын бир варианты эл ичинде мындай айтылат эмеспи: илгери бир заманда ай десе айдай, күн десе күндөй Чолпон деген кыз болуптур. Ал өзүнүн сүйгөн жигитине турмушка чыгайын десе, кыздын атасы бай болгондуктан ошол мезгилдин талабына ылайык карама-каршылыкка тушуккан. Эмне кылууну билишпеген эки жаш качып кетүүнү туура көрүшүп, тоодон жолугушмак болушат. Болжошкон мезгилге кыз эрте келет, жигит болсо эмнегедир кечигет. Чолпон таңата күтөт. Ошондо кыз өзүнүн жүрөгүнө канжар сайып, махабат үчүн жанын берет. Жылдыздар кызды асманга алып кетишет. Жигит келсе, Чолпон асманда жанып турат. Ошондон бери жигит кызга жетем деп жете албай келет, ал эми кыз Чолпон жылдыз Чолпонго айланып, эрте чыгып таңатканча бажырайып жанып, жигитин күтүп анан батат экен. Мына ушул легенданы Чыңгыз агай да билсе керек. Түбөлүк колукту окуясын сүрөттөөдө да улуу сүйүүнүн урматы үчүн жарык жанып калган жылдыз жөнүндө эскерилип өтөт. Эки башка элдик легендалар чыгармачылык менен бир өзөккө жалгаштырылат. Мындай ыкманы Айтматов “Гүлсарат” повестинде колдонуп, “Кожожаш” менен “Карагул ботомду” көркөм синтездеген болчу. Түбөлүк колуктунун образы байлык, бийликтин азгырмасы алдында өзүн алсыз сезип калган бүгүнкү сүйүү, бүгүнкү Айданалардын фонунда аларга контрасттык образ катары өзгөчө сыймык менен жарык чачып турганы чындык.

СССРдин тушунда ар түрдүү элдердин маданий өз алдынчалыктарын, улуттук нарк-насилдерин сактап, өнүктүрүү үчүн кам көргөндөрдүн арасында Айтматовдон башка дагы кимдер бар эле?
СССРдин заманында эле Түрк дүйнөсүнүн чыгармачылык түркүктөрү – башкырт Мустай Карим, балкар Кайсын Кулуев, дагестандык Расул Гамзатов, казак Олжас Сулейменов, кыргыз Чыңгыз Айтматов болгон. Булар бири – бирин моралдык жактан колдоп, таланттарына баа беришип, макалаларды, арноо ырларын жазып турушкан. Өзгөчө, Чыңгыз агай алардын ортосунда чыгармачылык да, турмуштук да көпүрөлүк кызматты аткарган. Советтик, партиялык цензуранын катуу кысымында калганда калыстык, акыйкат үчүн өздөрүнүн керт баштарын, жеке кызыкчылыктарын ойлобой, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышып” турушкан. Олжас Сулейменов “Аз и Я” деген китебинин запкысын көрүп жатканда партиялык куугунтуктан Чыңгыз Айтматов жана Мустай Карим, Кайсын Кулиев башында турган чыгармачылык интеллигенция Казакстан КП БКнын биринчи секретары Д. Кунаевге, КПСС БКнын Генералдык секретары Л.Брежневге барышып коргоп калышкан. Олжас Сулейменовду жазага берүү – бул түрк тилдүү элдердин адабиятына, маданиятына жана искусствосуна балта чабууга жол берүүгө барабар эле. Азыр Олжас Сулейменов гана бар, быйыл 75 жылдыгын белгилеп жатат. Олжас кыргыз эли үчүн да сыймыктуу инсан. Балким, Кыргызстанга чакырып окурмандар менен жолуктурсак кандай жакшы болоор эле?! Ата-Бейитке да таазим кылып кетээр эле?! Чыңгыз агай 50 жашка келгенде ал минтип жазган эле:
Келе жатышат жаңы Чыңгыздар Чыгыштан, –
Таза боёктун кайраткери, кара сөздүн падышасы.

Маектешкен Папан Дүйшөнбаев, “Алиби” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.