Гүлжамила Шакирова, акын: “Бийликтегилерди батышчыл ант урбайт экен”

Гүлжамила ШАКИРОВАНЫ кыргыздын мекенчил, улутчул, элине күйгөн баатыр кызы десек куп жарашат. Кыргыз радиосунун тегирменинде айланып, кыргыздын уюткулуу эл экенин, мурас-дөөлөттөрүнүн баалуулугун, нарк-насилин жар салып келатканына билинбей 20 жыл өтүптүр. Акын эжебиз “Сапардагы каркыра”, “Даанышман кеп”, “Дил азык” ырлар жыйнактары менен адамдарга рухий байлык тартуулап келет. Кыргыздын кол өнөрчүлүгүн да кошо алып жүргөнүнө көп болду. Бир жыл окууга өтпөй калып, бир боз үйдүн жасалгасын өз колу менен иштеп чыкканы бар. Бүгүн биз Г.Шакированы мейманга чакырып, “кыргыз!” деп оттой күйүп турган көкүрөгүндө кандай ойлор жатканын билгибиз келди.

– Гүлжамила эже, сиз кыргыз антын жазыптырсыз. Алтайга барып келген жигиттерден турган “Кыргыз Чоролору” коому Таластагы “Манас Ордодон” ошол антты беришкенин уктук. Кыргыздын Конституциясы турса, башка антты жазууга эмне түрткү болду?
– Чындыгында Конституция деген неме менин көңүлүмө толбой жүрөт. Мына, азыркысын Ө.Текебаев жазды, бирок аны эл “сен жаз” деп шайлаган эмес да. Иши кылып, бармак басты, көз кысты кылып референдум өткөрүшүп, Конституция кабыл алып коюшту. Анда кыргыз жыттанган эч нерсе жок. Бүт эле Батыштан агылып келген сарпындылар. Илгери Манас атабыз антты “Төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун, ал аз келсе Көкө Теңир өзү урсун…” деп берген. Ал асманды, жерди, элди ж.б. бардыгын күбө тутуп туруп ант берген. А биздикилер болсо Батыштын конституциясына колун коюп, ант берип атышат. Ал антты аткарбасаң деле урбайт экен, мына жыргап эле жүрүшпөйбү. “Эмне үчүн кыргыздын өзүнүн нукура анты жок?” деп кейип жүргөнүмдү уккан Түгөлбай Казаков “өтөсүнө өзүң чык” деди. Анан Кудайдан суранып, жаныма күч келгенде жаздым десем жаңылышпайм. Мына ушул антты берсе, ниети тазаларын, ак иштегендерин бийиктетет. Ниети бузук, жегичтерди урат. Өткөндө 40 жигиттин көкүрөгүндө намысы ойгонуп, “ант беребиз” деп атайын Манастын күмбөзүнө барышты. Мени дагы анттын автору катары “Умай энедей болуп башыбызга туруп бериңиз” дешип, кошо бардым.

-Баргандардын арасынан антты окуй албай, сүрдөгөндөр көп болду деп айтышты?
– “Кыргыз Чоролору” коомунда чогулган жигиттер ар тармактын ээлери. Бири врач, бири экономист, бири юрист дегендей. Баары патриот жигиттер, биз “баатырот” деп коёбуз кыргызча. Булар дилинде баатыр оту бар, Манастын кырк чоросундай бир муштум болуп түйүлүп, элге кызмат кылгысы келген жигиттер. Башкалардай болуп, таанылсак, антсек-минтсек деп чарпылышпайт. Ошондо жети дубандан чогулушкан чоролорго ак жалгасын деп, ант айткан сайын кымыз ичирип турдум. Ошол күнү күн бүркөлүп, асманды кара булут каптап турган. Бир убакта, ант берүү башталганда катуу шамал булуттарды айдап кетип, асман чайыттай ачылып, күн тийип туруп эле, жумшак жамгыр себелеп кирди. Нур жаап жатат дедик. Тамчылар тыпылдап кымызга кошулуп атты. Мен ар бир тамчыдан “Ушулардын көкүрөгүндө кымындай кара нерсе болсо айдап чыгып, ыйман киргизе көр. Булар арууланып, ал аруулук булар аркылуу башкаларга жукса экен. Кыргызстан өсүп-өнүп, кыргыздар кор болбосо экен” деп Кудайдан суранып аттым. Ошондо а жердеги аура да башкача болуп, сен айткандай, жигиттер толкунданып, сүрдөгөндөрү чын. Ылайым эле ошолорду Кудай колдоп, ант жолдосун!

– Кечээ жакында эле борбордун чок ортосунда турган канаттуу аялдын эстелигинин алынышын укканда сүйүнгөндүрсүз. Себеби, сиз былтыр ушул эстеликтин алынышын айтып чыккандардын бири болгонуңузду билебиз. Ошол кезде сиздер жөнүндө “белгисиз адамдар аялды алууга аракет кылышып…” деп терс пикирлер айтылып, жазылды эле, а бүгүнкү күндө сиздердин тилек аткарылып жатпайбы..?
– Укмак турсун, ал алынып жатканда жанында турдум. Алардын абайлап алып жатканын көрүп, “талкалап эле салбайсыңарбы” дедим. Кран менен алып жаткан адамдар “биртике жерин сындырып алсаңар жооп бересиңер дешти” деп, абайлап атышты. Түнү менен алышып чыгышты го, чиркин. “Абайлагыла” дешкенине караганда, эми муну алып барып дагы башка жакка орнотуп коюшпаса экен деп бушайманмын. Кыргызга жаман жышаан тартуулаган бул аялды алып салганы үчүн “Манас эл” коому керек болсо түлөө өткөрдүк. Муну ким, кандай ниет менен орнотконун ким билсин, бирок, борбордун ортосунда, болгондо да сол колуна түндүк көтөрүп турган аялдын турганы бардык жактан туура эмес, кара энергияны чакырган нерсе болчу. Акыры чоңдордун арасынан кимдир бирөө кыргыздын түпкүрүн түшүнө билгенине ыраазы болдум. Ушул оюм эле туура болсун дечи, бирок, “кыргыздын жүзүн бузган аялды алып салуу башкы максат болбой, ошол жерге Манастын эстелигин коюп саясый упай топтоо максатында бул ишти өтөөсүнө чыгып жатышкан жокпу” деп да кооптонуп кетип атам. Эми кандай эстелик коёт деген да экинчи маселе бар. Себеби, мындай иш-чараны шашылбастан, түбөлүктүү жана маанилүү жасоо абзел болчу.

– Бирок, калп айткан менен болобу, мурда көбүбүз “киргиз” болсок, акыркы учурда кыргыз деп күйгөн кыргыздар көбөйдү. Сиз деле байкап жатсаңыз керек?
– Биз ушул убакка чейин кимдерди гана туураган жокпуз. Бир эле кыргыздын өзүн туурабаптырбыз. Япония, Швейцария, Америка болобуз дедик, бирок боло албадык. Анан акыры “өзүбүз эле болгон жакшы окшойт” деп элибиз түшүндү окшойт. СССР убагында “улуу орус эли” деп ырдап жүрдүк, бирок, эгемендүүлүк алгандан кийин өзүбүздүн нарк-насилибизди, каада-салт, үрп-адатыбызды сакташыбыз керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Азыркы учурда да кыргызга эч ким жол көрсөтүп көсөм боло албай жатат. Мына, келаткан президенттик шайлоону эле алалы. Мамлекет эмес, район башкарганды билбегендер ат салышабыз деп атышат. Мындайларды мен өзүнүн атын айткан канаттуу күкүккө салыштырып, таң калып бүтпөй койдум. Эл өзү саяпкер болуп, Буудайык, Шумкардай болгон адамдарды таптап чыгарыш керек эле. Анан ага жеткирбей эле, өздөрүн Күкүк кылып алышкандар көбөйдү.

– Сиз “Кыргыз радиосунда” 20 жылдан бери эмгектенип келесиз. Ушул жыл аралыгында КТРде көп эле жетекчи алмашты. Кимиси кыргыз үчүн чын дили менен күйүп иштеди?
– Ооба, “Кыргыз радиосунун” адабий бөлүмүндө иштеп келем. “Кыраакы кыргыз дүйнөсү”, “Мен кыргызмын” деген уктурууларды даярдап жүрөм. Бул уктуруулар Кыяс Молдокасымовдун убагында ачылып, деги эле ошол убакта кыргызга байланышкан жакшы саамалыктар көп жасалган. Ал эми УТРК коомдук болуп өзгөрүшүнө мен азыркыга чейин каршымын. Ар бир мамлекеттин өзүнүн саясатын, идеологиясын ишке ашырган улуттук теле-радиосу болушу керек эле. Анан Батыштын жоромолун жобурагандардын күчкө салуусу менен коомдукка айлантып алдык. Азыр да чырылдап, улуттук болсун деп жүргөн кезибиз. Мен ойлойм, балким, жаңы шайланган президент эл-жерге күйүмдүү болсо, телерадиону мамлекеттин штампы кылып, мамлекеттик же улуттук деген статусун алып берет.

– Жакында эле Соң-Көлдө өткөн Куйручуктун тоюнда болуп кайтыпсыз. Той улуттук идеологияны өзүнө терең камтыды десек жаңылышпайбыз. Ушул боюнча да ой толгоп кетсеңиз?
– Мен ушул тойду эч бир гезит кеңири жазып койбогонуна таң калдым. Себеби, ал жерде сулуулар конкурсу, ат оюндары, манас, айтыш, боз үйлөрдүн сынагы – баары болду. Азыр журналисттер сереңдеп эки ырды ырдагандарды жылдыз кылып чыгарганга маш. Ал эми жалпы кыргыз үчүн болуп аткан нерсеге кайдыгер карап жатышат. Мен ал жерге боз үйлөрдүн сынагына калыстар тобунун мүчөсү болуп бардым. Кырка тигилген 300дөн ашык боз үй тимеле керемет көрүнөт экен. Арасынан Жумгалдын Дыйкан айылынын боз үйү татыктуу наамга татып, биринчиликке койгон машинени алып кетишти. Боз үйлөр биринен бири өтөт. Чындыгында, боз үйдүн аурасы, касиети күчтүү. Болбосо, башкалар эмне үчүн жанталашып боз үйүбүзгө ашык болушат. Мисал келтирсек, Монголиянын президенти өзүнүн резиденциясын боз үйдөн тиктириптир. Жакында эле боз үй ичиндеги хан тактыдан орустун президенти Медведевди кабыл алды. Бир немис Германияга Кыргызстандан боз үй алып кетип, “Космос менен байланышкың келеби?!” деп, германиялыктарга бир түнөгөнгө 200 доллардан алып атат. Мына ушундай боз үй жана кыргыздын башка керемет көрүнүштөрүнүн сынагын келтире сүрөттөп, журналисттер массалык маалымат каражаттарына жогорку деңгээлде чагылдырып бере албагандары, ички дүйнөлөрү али козголбой атканы өкүнүчтүү.

– Гүлжамила эже, акыркы күндөрү ырларыңыз ойлуу тарткандай…?
– Бир кезде мени “сүйүүнүн акыны” дешчү. 30дан ашык сүйүү ырларыма обондор чыгып, Каныкей Эралиева, Гүлнур Сатылганова, Гүлбүбү Иманалиева, Бакыт Мамаев, Гүлзат Батырканова ж.б. таланттар аткарып жүрүшөт. Эми мекенчил ырларды жаратып келатам. Эгер элиң бир өзөктү таппай атса, ошону сен көрүп туруп айта албасаң, айла жок ырың аркылуу жеткиргенге туура келет экен. Айлана-чөйрөң минтип атса, кайсы арыңа сүйүүнү ырдайсың дегенсип, мени жашоо сүйүүдөн алыстатып койду. Сүйүү жөнүндө ырларды убагында жакшы эле жазыптырмын. Ар бир нерсенин өз убагы болот деген чын белем.

– Акын аялды эркек түшүнө алабы? Биз билгенден акын аялдын көбү жалгыз бой…?
– Мен чоң-ата, чоң энемдин колунда тарбиялангандыктан, бала күнүмдөн эле жомок, икая, санжыраларды угуп чоңойдум. Ыр дүйнө ошондо эле арбап алган десем болот. Ырларым бир карасам сүйгөнүмдөй, бир карасам уулумдун эгизиндей, бир карасам курдашымдай. Ошон үчүн мени түшүнбөгөн күйөөнүн кереги жок деп, ырды тандап кеттим. Чарчап турганда өзүмдүн ырларыма кайрылам. Башка акындардын ырларын окуйм. Кыскасы, ыр мени аруулантып, ыр мага кубат берет.

– Уулуңуз ыр жазбайбы?
– Жок. Анын акындык жайы болгон жок. Бирок менин ырларымды ынтаа менен угуп, сынды туура коёт.

Эльмира Мадиева

КЫРГЫЗ АНТЫ
НУР Ата, Умай Эненин,
Манастай Айкөл дененин,
Урпагы болуп келаткан,
Улуу Эл – Кыргыз белегим!
Өмүрдүн өзүн Туу кылып,
Өзүңө Антым беремин!
Чыркырап күйгөн эл үчүн,
Чындыкты беттеп жан турсун!
Элиме кастык жасасам,
Эзелки Манас Анты урсун!
Түгөнгөн сайын түтөгөн,
Түптүү эл кыргыз бар үчүн,
Кырылган сайын күчөгөн,
Кыраакы намыс, ар үчүн!
Курууга кыргыз ордосун,
Азабын, жанын арнаган,
Атылган кыргыз каны үчүн!
Акыл-эс болуп орногон,
Атабыз Манас Шер үчүн!
Абалтан бизге сакталган,
Акактай таза Жер үчүн!
Башатын, наркын жолдогон,
Байыркы Кыргыз эли үчүн!
Убада бузуп, ант бузуп,
Урааны боло албасам,
Кыйналып турган элиме,
Кырааны боло албасам,
Арамдык ач көз иштерге,
Нээтимди бузуп, алдасам,
Эзелки сөздүн күчү урсун!
Эненин эмчек сүтү урсун!
Жарыбай укум-тукумум,
Жакшылык көрбөй өмүрүм,
Жардаган элдин көзү урсун!
Жараткан Теңир өзү урсун!

“Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.