Жарма

Жарма – талкандан жасалган суусундук. Талкан – арпа, буудай же жүгөрүдөн куурулуп, жаргылчакка же тегирменге кесек тарттырылган акшак. Кылкан, улпагынан арылтуу үчүн талкан эленип алынат.

Керектелүүчү азыктар: Суу – 4-5 литр, Талкан – 200-300 грамм, Суу май – 1 аш кашык, Ун – 1 аш кашык

Туз татымына жараша

Жасалуу жолу: 1 аш кашык унду майга кууруп, суу куясыз. Кайнаарга жакын бөлтөк кылбай талкан салып, бир аз коюу болгончо бир калыпта жагылган отто кайнатып бышырып аласыз. Бышкан жармага ак ( айран, сүзмө, сүт) катыктап, суусундук катары иче берсеңиз болот.

* * *

Жарма – талкандан жасалган суусундук. Талкан – арпа, буудай, жүгөрүнү кууруп, жаргылчакка же тегирменге кесек тарттырган акшак. Кылкан, улпагынан арылтуу үчүн эленет. 1 аш кашык унду майга кууруп, суу куят, суу кайнарга жакын бөлтөк кылбай талкан чалынат да, бир аз коюуланганга чейин бышырат. Бышкан жармага ак – сүт, айран, сүзмө жана башка катыктап, суусундук катары ичет.

4-5 литр сууга 200-300 грамм (1 чыны) талкан, 1 аш ка­шык май керектелет, татымына жараша туз салынат.

«Эл таануу» китебинен алынды

* * *
Керектелүүчү азыктар: Суу – 4-5 литр, Талкан – 200-300 грамм, Суу май – 1 аш кашык, Ун – 1 аш кашык
Туз татымына жараша
Жарма – талкандан жасалган суусундук. Талкан – арпа, буудай же жүгөрүдөн куурулуп, жаргылчакка же тегирменге кесек тарттырылган акшак. Кылкан, улпагынан арылтуу үчүн талкан эленип алынат.

Жасалуу жолу:
1 аш кашык унду майга кууруп, суу куясыз. Кайнаарга жакын бөлтөк кылбай талкан салып, бир аз коюу болгончо бир калыпта жагылган отто кайнатып бышырып аласыз. Бышкан жармага ак ( айран, сүзмө, сүт) катыктап, суусундук катары иче берсеңиз болот.

Шарипа Бекташева, www.super.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.