Абдылдажан Акматалиев, академик: “Манас” телесериалы бекер тартылышы мүмкүн?”

Сизди мааракеден көрүп калдым, ой бөлүшө кетсеңиз?…
Жакында атабыз Куйручуктун 145 жылдык мааракесине барып кайттык. Биздин институттун кызматкерлери М.Мукасов, А.Кадырмамбетова жана Н.Сейдраманов, жазуучу Б.Максүтов кароо сынактардын калыстары, а мен болсо манасчыларды тандоо сынагынын төрагасы болдум. Жалпы жонунан он бешке жакын манасчылар катышты. Кароо-сынакка катышкан Р.Исаков, Д.Сыдыков, У.Исмаилов, А.Маатов, К.Мамадалиев, Т.Бакчиев сыяктуу манасчыларды көптөн бери билем. Жыл өткөн сайын такшалып баратышат. Мындан беш жыл мурун да “Соң-Көлдү Манас жердеген” чон маданий иш-чара өтүп, анда да манасчыларды сыноодо төрага болуп, биринчи байгени Улан Исмаиловго бергенбиз. Бул жолу баш байге “Мерседес” автоунаа болгондуктан, аябай тыкыр иштедик.

Сынак эки айлампадан өттү. Баш байгени Дөөлөт Сыдыковго ыйгардык. Анын манасчылык өнөрү, эпосту жайылтуудагы эмгеги, өзүнүн вариантын китеп кылып, окурмандарга тартуулоосу эске алынды. Кароо-сынакта өзгөчө Самат Көчөрбаев деген манасчы жигиттин да айтуусу купулга толду. Самат эргип, эрип, толкунданып айтты. Ошол учурда мөндүр да төктү. Манасчы менен жаратылыш жуурулушуп, угармандарга жандуу, элестүү картинаны көз алдыга тартып турду. Бир кезде Саякбай атанын да жамгырдын астында “Манас” айтканын Чыңгыз агай элестүү жазбады беле, так ошондой элесте кабыл алып отурдук. Анын үстүнө Саматтын айтканы – үнү, кыймыл-аракети, диапазону, мазмундан чыкпашы, сөздү так айтышы Саякбай Каралаевге окшошуп кетет экен. Саматты көрүп калыстар тобу “Саякбай ата өлбөптүр го” деп да тамшанып калдык.

Төрт жашар манасчы да айттыбы?
Ооба, Үмөт да кароо-сынакка катышты. Анын сахнага чыгышы эле жаш балдардын гана эмес, чоңдордун да кызыгуусун жаратты. Үмөт ээ-жаа бербей, жан дүйнөсү менен берилип айтып жатты. Аны мөндүр да, атасы Болот да токтото албады. Улам атасын түртүп коюп, Манасты улантып, микрофон талашып турганы эле элди тамшандырды. Баса, Үмөткө да атайын сыйлык ыйгарылды.

Чет мамлекеттерге “Манасты” жайылтуу жагында кандай иш-чаралар бар?
“Манасты” чет мамлекеттерге жайылтуу иши жүрүп жатат. Түштүк Кореяда “Айтуучулук өнөр” деген проект эки жылдан бери башталган. “Манас” эпосу корей жана англис тилдерине которулуп бүтүп калды. Ошондой эле “Манастын” жыйырмадан ашык телесериалы бекер тартылышы мүмкүн, ал үчүн конкурстан утуп чыгыш керек. Азыр эпос, миф жана жомоктордун негизинде сценарийлерге конкурс жарыяланган. Башкы байге 18.000 доллар. Кыргызстандын сценаристтери катышып калса деген тилек бар. “Айтуучулук өнөр” проектисине Борбордук Азия республикалары, Казакстан жана Түштүк Корея кирет. Кыргызстандан комитеттин мүчөсүмүн. Түштүк Кореянын Кванджу деген жеринде адамзат тарыхында биринчи элдик мурастарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын шаар салынып жатат. Ал 2014-жылы ачылмакчы.

“Манас” мыйзамы кабыл алынгандан кийин кандай камкордук болуп жатат?
Мыйзамдын негизги бөлүгү 2012-жылдан баштап күчүнө кирет эмеспи. Ошентсе да депутаттар Карганбек Самаков менен Каныбек Иманалиев институтка келишип, кызыгышып, ал турсун Карганбек Самаков “Манастын” тексттерин бастыруу үчүн бир компьютер белекке берип кетти. Ушундай ар-намыстуу жигиттерибизге ыраазычылык билдиребиз.

Сиз “Манас” менен Айтматовдон каражат аябайлы, көбүрөөк көңүл буралы” деп дайыма айтып келатасыз. Бирок бүгүн “Манасты” да, Айтматовду да билбеген, билмек турмак “алардын эмне кереги бар?” деп кекирейген жаштар көбөйүп баратпайбы. Ушундай шартта жаштарды улуттук нарк-насилдеги маданиятка тартууга, тарбиялоого болот деп ойлойсузбу?
“Аракет кылсаң берекет” дейт. “Болбойт” деп таштап койсок, жаштар элибиздин мурасынан, маданиятынан ого бетер алыстап кетпейби! Айтып турсаң бири укпаса, бири угат, китеп чыгарып койсоң бири окубаса, бири окуйт дегендей. Болбосо, кандай болсо ошондой боло берсин деп таштап коюу кайдыгерлик, маңкуртчулукка түз алып барчу жол болуп калбайбы. Баса, Айтматовдун акыркы, “Тоолор кулаганда” романында “Ошондой” деген бир каарман бар. Ресторандын шеф-директоруна мындай атты маданият, адабият, улуттук мурастар жөнүндө күйүп-бышып жазып жүргөн журналист Арсен Саманчин коёт. Арсендин “Ошондой” деп атап койгонунда терең маани жатат. Ошондой – бүгүнкү күндүн типтүү каарманы, тагыраак айтканда азыркы мезгилдин маңкурту. Ошондойлор турмушубузда кадам сайын жолугуп, алардын катары улам көбөйүп бараткандай. Ошондойлор ээсинин буйругун “кыңк” дебей аткарган роботтор сыяктуу. Ошондойлор үчүн жакшы менен жамандын эч айырмасы жок. Алар кожоюну эмнени айтса ошондой аткарат. Ошондойлор акча менен бийликтин гана кулу. Алар үчүн башка баалуулук жок. Былык иштердин көбү Ошондойлордун эсебинен аткарылып, көбөйүп, жайылат. Романда кожоюнунун айтканын так аткарып, Ошондой Арсен Саманчинди ресторандан кууп чыгат. Ошондойдун образы романдагы эске алынчу типтүү образдардан. Ошондой кайдыгерликтин, айдамачылыктын, кошоматчылыктын жана ушулардан келип чыгуучу көптөгөн былык-чылыктардын жалпыланган образы. Ал эми өзүң айткан улуттук нарк-насилдеги маданиятка жаштарды тартуу иш аракетинин пайдасы “жылына мынча сом киреше, же мынча тонна түшүм алып келди” деп өлчөнбөгөн менен, руханий атмосфераны жакшыртуунун, асылдандыруунун, “ошондойчулуктан” арылуунун бирден-бир жолу.

Залкар жазуучубуз Айтматовго тирүү кезинде да, дүйнөдөн кайткандан кийин деле сын таккандар көп болбодубу?!
Жашырганда эмне, Айтматовду сындоо менен аброй алабыз деп да жүрүштү. Башкача айтканда, пилге үргөн кандектей болгон көр пенделер көп эле болду. Бирок Чыңгыз агай алардын бирөөсүнө да үн катпады, укмаксан да, көрмөксөн да болду. Ал эми ал көр пенделер Чыңгыз агайдын жообун, сөзүн чыдамсыздык менен эле күтүштү. Ошентсе да агай да адам да. Жан дүйнөсүнө батып турса керек, бир күнү барсам жалпы эле “жёлтый газеталарга” карата фельетон жазып отуруптур. Көлөмү он бетке жакындап калыптыр, мага кол жазмасын көрсөтүп, “үйүңө барып окуп көрчү, сага жакса, жарыялап койсомбу?” – деп калды. Бир чети мага кеңешкенинен, экинчиден ишенгенинен, үчүнчүдөн күтүүсүз болгонунан таңыркай түштүм. Үйгө келерим менен чыдамсыздык менен окуп чыктым. “Жёлтый газеталарды” какшыктап, чымчылап, тамашалап жазыптыр. Бирок, агайдын фельетон жанрында жана стилинде жазганын жан дүйнөмдө кубаттай албадым. Ошондон уламбы агайга телефон чалып, ичимдеги оюмду билдирсем, “андай болсо кол жазмамды сага белекке калтырдым” – деп көңүлү жайлангандай ыраазы боло айтты. Балким – дейм да, ошол фельетон газетага жарыяланып кетсе, ал мезгилде “жёлтый газеталар” дегендерге “жем” бир топ эле болмок. Бирок, мен азыр да ошондо калыстык сөзүмдү туура айткан экенмин деп эсептейм.

Айтматовдун Академия менен байланышы кандай эле?
Улуттук Илимдер Академиясынын академиги катары көп жылдар бою жыйындарында катышпай келген экен. Бир чети убактысы тар болсо, экинчиден, эмнегедир жетекчилер да унутуп калышкандай кайдыгерлик мамиледе жүрүштү. Айтматов “академик стипендиясын жөн эле алып жүрөт, Академияга келбейт, Академиянын ишине кийлигишпейт” деген сөздөр да чыгып жүрдү. Бир күнү ушундай маанидеги сөздөрдү агайга айтууга туура келди. Алгач акын Мухтар Шаханов менен биргелешип жазган “Аскада калган аңчынын ыйы” деген китебине арналган республикалык конференция өткөрдүк, Чыңгыз агай келип берди. Бара-бара Академиянын босогосун аттап бир топ эле келди: Академиянын жалпы чогулуштарына, Манас таануу жана көркөм маданияттын Улуттук борборунун 10 жылдыгына, “Кыргыз адабиятынын” жети томдугунун бет ачарына, кол жазмалар фондусунун проектисине… Академиянын 50 жылдыгын бир салтанатта куттуктаган. Академиянын И.Ахунбаев атындагы сыйлыгы биздин борбордун сунушу менен Президиумда чечилип, тапшырылган. Ошол мезгилде “Улуттук Академия керекпи же жокпу?!” – деген чоң талаш жүргөндө, чоң чабуул болгондо Чыңгыз агай “Улуттук Академия керек!” – деген бир ооз сөзү менен Акаев, Бакиев замандарында өзүнүн кескин пикирин билдирип, аны сактап калган.

Академия реформа болот деген сөздөр көптөн бери угулуп келе жатат, кандай ойдосуз?!
Албетте, реформа керек. Бирок, биз ар дайым реформаны кыскартуу, жоюу, орун алмаштыруу, бирөөнүн ордун бирөөгө тартып берүү деп түшүнүп келебиз. Реформанын максаты илимдин өсүп-өнүгүшүнө жардам берип, кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатуу, үй шартын оңдоо жана чыгармачылык атмосфера түзүү, материалдык-техникалык базасын колдоо, келечегине камкордук кылуу болушу керек деп ойлойм.

Тилибизди изилдөө бүгүнкү күнгө жооп береби?
Мен жалпы тил илими үчүн жооп бере албайм. Ал эми институттун деңгээлинде айтсам болот. Тил маселесинде иштелбеген көп темалар бар. Бирок кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө мамлекеттен камкордук көрүлүп жатабы?! Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиянын милдеттери менен академиялык илимдин максаттарын чаташтырбоо керек. Бүгүнкү тил илими кайсы деңгээлде турат? Кайсы проблемалар актуалдуу, жаңычыл? Кайсы багытта умтулушубуз керек? Аларды чечүүгө каражат барбы? Кадрлар тарбияланып жатабы? Материалдык база кандай? Биздин институтта болгону 15 тилчи илимий кызматкер иштейт. Жыйырма жылда жасалбаган ишти эки жылдын ичинде үч чоң иш бүтүрүп койгонго сыймыктанабыз. Бүтүрүп гана эмес, мамлекеттен бир тыйын албай чыгарып да, окурмандарга тартуулап да койгондон кийин изилдөөбүз жооп берип жатканы да!

Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.