1916-жыл– кыргыз элинин улуттук боштондук күрөшүнүн туу чокусу

Кыргызстан Россия империясына каратылгандан кийинки колониалдык доордогу кыргыз элинин көз каранды эместик үчүн күрөштөрүнүн туу чокусу – 1916-жылкы Улуттук боштондук кыймылы. Үстүбүздөгү жылы ага 95 жыл толуп отурат. Андагы кайгылуу окуялардын учурунда баатырларча курман болгон ата-бабалардын арбагына таазим этүү иретинде жана мааракени мамлекеттик жогорку деңгээлде өткөрүү максатында атайын уюштуруу комитети түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыккан.

Ошол иш-чаралардын алкагында 9-август күнү “1916-жылкы Улуу Үркүн кыргыз элинин тарыхый тагдырында” аттуу илимий конференция өттү. Окурмандарга андагы айтылган ой-пикир, сунуштардын урунттуу учурларын сунуш кылабыз.

Ш.ЖОРОБЕКОВА, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президенти:

-1916-жыл – бул биринчи дүйнөлүк согуштун жүрүп турган мезгили болчу. Ал эми Россия падышачылыгы ал согушка катышып турган.

Калкыбыздын Россия падышачылыгынын эзүүсүнөн жапа чеккени, тебеленип-тепселип келген ар-намысыбыз аз келгенсип, жигиттерибизди аскерге алуу маселеси каралганда эл падышачылыкка каршы көтөрүлдү. Мына ошондо кызыл кыргын, кандуу кармаш башталды. Пулемет, замбирек менен куралданган орус отряддарына найза, кылыч, айбалта менен каршы чыккан кыргыз көтөрүлүшчүлөрү туруштук бере алышпады. Кыргынга учурады. Миңдеген боордошторубуз Кытайга бет алды.

Көтөрүлүшкө чыкканын да, чыкпаганын да кырып жок кылуу ошол кездеги россиялык бийликтин колониялык саясаты болду.

Мына, андан бери 95 жыл өттү.

Биз 20 жылдан бери эгемендүү өлкөбүздө жашап, кубаттуу мамлекетибизди куруу үстүндө эмгектенүүдөбүз. Эми, негизги максат – өткөндү эскерүү менен бирге, башыбызды бийик көтөрүп, келечекке жакшы, чоң үмүт менен карайлы. Ата-бабаларыбыз канын төгүп, жанын берип, кылымдардан бери коргоп келген куттуу жергебизди көздүн карегиндей сактайлы.

Биздин бүгүнкү өткөрүп жаткан жыйыныбыз 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхын изилдөөсүнө өз салымын кошот деген ойдойбуз.

Э.КАПТАГАЕВ,КРнын Президентинин Аппаратынын жетекчиси:

– Анжиян, Фергана тарапта июль айында башталып, кеңири аймакты кучагына алган анык элдик кыймыл август айында апогейине жеткени анык. Тез арада ага бүткүл Орто Азия, Казакстан аймагы тартылып, 10 млн. жакын жергиликтүү калк жапырт активдүү аралашканы да айныксыз чындык.

Ошондо кыргыздар канатташ казак, кара калпак, өзбек, түркмөн жана тажик элдери менен бирге өз эркиндиги үчүн (падышачылык Россиянын колониалдык үстөмдүгүнө каршы) чечкиндүү күрөшкө көтөрүлүшкөн.

Көтөрүлүш айрыкча Кыргызстанда август айында, т.а. 8-9-августта күч алып, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө өтө айыгышкан мүнөздө өткөн. Аталган аймактарда атүгүл ачыктан-ачык куралдуу айкаштарга айланганы белгилүү. Андыктан, кыргыздардын кыймылын кыска убакытта баш көтөртпөй басуу, аларды аеосуз жазалоо максатында Түркстандагы колониалдык бийлик үч багыт боюнча – Анжиян, Чымкент жана Семипалатинск тараптан абдан чоң аскер бөлүктөрүн шашылыш жөнөткөн болчу. Келгин орустардан түзүлгөн кошуундарды (ополчение) эсепке албаганда, 2 казак-орус (5-6 миң аскер) полку, 24 атчан сотня, (жүз атчан же 2400 аскер), 35 рота жөө (же 3500) аскер, алардан тышкары дагы 240 атчан чалгынчы аскер, кошумча 16 замбирек, 47 пулемет менен куралданып, кара мылтык, найза, кылычтан башка куралы жок элге каршы коюлган эле.

Т.ӨМҮРБЕКОВ, профессор:

-1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн башкы себеби Түркстандагы колониалдык бийликтин жергиликтүү элдин турмуш-тиричилигине, чарбасына түздөн-түз зыяны тийип, тескери таасир эткен жер саясаты экени ар дайым айтылып келет. Арийне, падышалык Россиянын аймакты каратуудагы баскынчыл максаты айрыкча оторчул жер саясатынан ачык көрүнгөн эле. Алсак, 1867-жылы жана 1891-жылы кабыл алынган “Жоболорго” ылайык, кыргыз жери орус мамлекетинин менчиги деп жарыяланган.

Жаңыдан каратылган чөлкөмдө ишеничтүү таянычка ээ болуу жана Россиянын ичкери жагындагы социалдык чыңалууну бошоңдотуу үчүн падыша өкмөтү XIX к. 60-жж. аягынан тартып орус-украин дыйкандары менен казак-орустарды Кыргызстанга көчүрө баштайт. Аларга суусу мол, дыйканчылыкка ыңгайлуу өрөөндөрдү кыргыздардан тартып беришкени белгилүү. Маселен, 1868-1883-жж. Жети-Сууда пайда болгон 36 орус-украин кыштагынын (2500 түтүн) көбү жер соорусу Сары-Өзөн Чүй менен Көл кылаасына жайгашкан болчу.

Өз үстөмдүгүн түбөлүккө орнотууну көздөгөн падыша өкмөтү келгин орустардын оокаттуу, тың чарбаларын калыптандыруу үчүн адегенде жер үлүштөрүн арбын бөлүп берген. Алсак, ар бир дыйканга 30 десятина жер бөлүнүп, 15 жылдык мөөнөткө салык төлөөдөн бошотулган, акчалай насыя (ссуда) берилген. Кийинче­рээк, келгиндердин саны кескин өсүп кеткендиктен (1876) жер жетишпей үлүштүн өлчөмүн 17 десятинага, андан соң 10 десятинага , ал эми көтөрүлүштүн алдында 4-6,5 десятинага чейин азайтууга туура келди. Бирок, оторчул бийликтин негизги таянычы казак-орустардын жер энчисинин өлчөмү өзгөртүлгөн эмес.

Бул аз келгенсип, сугат маалында кыргыздардын суу сугаруу укугу да тарыган. Ошентип, 1916-жылы июль айында Орто Азияда көтөрүлүш башталды. Ходженттеги 4-июлдагы толкундоо зор көтөрүлүштүн алгачкы окуясы катары эсептелет. Көп өтпөй, июль айынын орто ченинде Ош, Анжиян, Маргалан, Наманган, Кокон, Ходжент уезддерине караштуу кыргыз айылдары, волостору элдик кыймылдын кучагында калган. Айрыкча Ош шаарынын айланасындагы айылдардын, Булак-Башы, Базар-Коргон, Ноокат, Кызыл-Жар, Найман, Ак-Жол, Кетмен-Төбө ж.б. волосттордун кыргыз калкы айрыкча активдүүлүктү көрсөтүштү.

Ал эми август айынын алгачкы күндөрүндө Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө, Ички Теңир Тоо­до ачыктан-ачык куралдуу көтөрүлүш башталат. Адеп, 6-августта Атаке волостунун калкы, андан соң 7-августта Сарыбагыш волостунун эли козголот.

9-августка карата Пишпек, Пржевальск уезддеринин көпчүлүк волосттору куралдуу көтөрүлүштүн негизги очокторуна айланат.

А.КАНИМЕТОВ, доцент:

-1868-жылдан 1883-жылга чейин Жети-Суу облусунда 36 орус-украин кыштактары уюшулуп, алардын көп­чүлүгү Чүй жана Көл өрөөндөрүнөн орун алган. Бул келгин орус дыйкандарына падышачылык жер үлүштөрүн  арбын берүү менен салыктын түрлөрүнөн бошотулган. Маселен, ар бир дыйканга 30 тешеден (1 теше – 1,2 га) жер бөлүнүп, он беш жылдык мөөнөт салыктын түрлөрүнөн бошотулуп жана аларга акчалай ссуда берилген.

Дыйканчылык кылууга оңтойлуу сугат жерлери жетишпегендиктен, жергиликтүү калктын нааразычылыгы күчөгөн. Кыргыздардын жерин тартып алуу өзгөчө Столыпиндин агрардык реформа мезгилинде күч алган. Себеби 1907-жылы Жети-Суу облусунда 289 миң теше жер орус дыйкандарына бөлүштүрүлүп, 1914-жылга карата бул облустун жергиликтүү калкы 4 млн. тешеден ашык жеринен айрылган.

Түркестан генерал-губернаторлугунун түзүлүшү менен жергиликтүү калктан ар түрдүү салыктар алынган. Биринчи мезгилдерде түтүн башына жана жерге болгон салык менен чогуу мурда кокон хандыгындагы салык системасы-хардж жана талап өкүм сүргөн. 1880-жылдары салыктын системасы аябай кеңейген. К.К.Палендин айтуусу боюнча көпчүлүк учурларда булар уездик-администрациянын көрсөтмөсүнүн негизинде болгон.

Кыргыз элинен алынган негизги салыктар болуп түтүн башына жана жерге болгон салык эсептелинген. 1868-жылдагы “Жобо” боюнча түтүн башына 275 сом түтүн салык болгон. Жерге болгон салык ар бир адамдан 25 тыйындан алынган. 80-жылдары түтүн салыгы 4 сомго көбөйгөн, ал эми жер салыгын чогултуу 1 сом 25 тыйынга жеткен.

Кыргыз калкынан ушул уездерден түтүн жана жер салыгын чогултуудан гана жарым млн. сомго чейин жыйналган. Бүткүл салык системасы колониалдык жана улуттук эзүүчүлүк мүнөздө болгон. Мындай оор абал жергиликтүү калктын падышачылык бийликке карата нааразычылыгынын күчөшүнө алып келди. Кыргыз калкы жакшы жер-суусунан, жайыттарынан ажыраган, мал багылуучу жерлер тартылып алынган. Мунун кесепетинен мал чарбасынын кедери кетип жана кыргыз калкына отурукташып, дыйканчылык кылууга мүмкүн эмес болгон. Жакырданган кыргыз кедейлери менен орто дыйкандары орус келгиндери үчүн да, ошондой эле кыргыз байлары жана манаптары үчүн да кул-батрактарды берип туруучу булакка айланган.

Россия империясынын өзүмчүл саясаты оң таасирин тийгизбестигин түшүнгөн жергиликтүү калк колониялык эзүүгө каршы багытталган, боштондук үчүн күрөшкө аттанышкан.

Т.ӨМҮРБЕКОВ, профессор:

– Эми көтөрүлүш­түн жетекчилери тууралуу маселеге токтолсок… Улуу инсандардын ишмердиги тарыхый процесстин өзөгүн түзөт, элдин кызыкчылыгын ойлойт, алардын эрки күчтүү, асыл сапаттары арбын, келечекти көрө билет, элди ээрчитет, туура жол тандайт.

Кыргыз эли эртеңки келечегин ойлоп эгемендик, эркиндик жана көз каранды эместик үчүн Россия империясынын колониалдык үстөмдүгүнө, улуттук эзүүгө каршы чечкиндүү күрөшкө көтөрүлгөн: Батыркан Ногоев – хан, Кыдыр манап, Рыскулбек бий.

Аскер башчылары: Сагалы Алмаев, Сагын Жыдыбаев – Сарууда, Атакеев Шүкүр, Мусаев Абдулда, Матаев Кулбарак.

Покровканы курчап турган кездеги жетекчилери: Абдылда Сары, Мусаев Абдулда, Атакеев Шүкүр, Чекир бай, Матаев Кулбарак, Карабеков Мухамедин, Байботоев Талын, Байсеркеев Өмүралы, Талканов Алаш, Алматаев Сагалы, Артамбеков Кулу, Урусов Иса, Атакеев Берше ж.б.

Ж.ТОКТОНАЛИЕВ, жазуучу:

– Боштондук кыймылынын чөлкөмдөрдө жетектөөгө элдин ишенимине арзып, элди баштай ала турган кыраакы кайраттуу билермандар дайындалат. Нарын аймагындагы боштондук кыймылын жетектеп, Көк-Артты ашып келүүчү жазалоочулардын жолун бөгөө жоопкерчилиги Касымаалы ажы Мамбет уулуна буйрулат.

Батыштан келүүчү куралдуу аскер бөлүктө­рүнүн жолун бөгөө үчүн өңүттүү буктурмаларды ээлеп (кууш капчыгайлардын эки жагынан таш кулатып жазалоочуларга кыргын салуучу өңүттөрдү даярдаган Касымаалы ажынын жоокер жигиттери кам үстүндө турушкан). Тилекке каршы, замбирек, пулемётчон падыша куралдуу күчтөрүнүн кыргынына туруштук бере албай боштондук кыймылы өксүп, Канат хан туткундалып, дарга асылып, эл башына ырайымсыз жазалоочулардын мүшкүлү түшөт.

Мөкүш Шабдан уулунан кайгылуу кабар алган Касымаалы ажы элди кыргындан сактоо максатында, жазалоочулардын жол нугунда турган Шатен болушунун, Черик болушунун 900 түтүн эли менен Кытайга ооп кетет. Боштондукчулардын сары изине чөп салган падыша бийликтери атайын кишилери аркылуу Касымаалы ажы Мамбет уулун шериктери менен туткундап камайт.

Касымаалы ажы Куланак айылында мечит ачып, тоо арасында биринчи жолу Учкун айылында чыгыш архитектура стилинде медресе куруп, агартуучулук кылып балдарды, жаштарды окуу­га тарткан. Медреседе куран, шариат жоболору менен айкалыштыра чыгыш поэзиясынын өчпөс жылдыздары Фирдоусинин, Ходжо Хафизтин, Абдрахман Жаминин, Сопу Алдаярдын, Алишер Навоинин чыгармаларынан дарс окулуп, элдин жан дүйнөсүн тарбиялаган. Ошол медресени бүткөндөр Совет өкмөтү орногондо биринчи кызыл мугалимдерден болушкан. Алардын катарында Абдылда Аралбаев, Эшпай Токсобаев тоо арасында биринчилерден болуп Ленин орденин алышкан. Сарба Осмоналиев, Акматалы Белеков жана ондогон агартуучулар эл ишенимине арзып, өрнөктүү агартуучулардан болуп өтүштү.

Касымаалы ажынын өмүрү өткөн Куланак, Учкун айылдарында эл чогулуп, эли үчүн сиңирген эмгегин баалап, элдик боштондук кыймылы үчүн жан кыйган эрдигин эскерип, Касымаалы ажы Мамбет уулунун ысмын Куланак, Учкун айылдарынын борбордук көчөлөрүнө ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынып, айылдык кеңешке сунуш этилет. Айыл кеңеши чечим кабыл алат. 1996-жылдын 20-октябрынан 2010-жылдын ноябрь айына чейин эл ошол дарек боюнча эл каттоодон өтүп, кат-кабар алышып жашап келген.

2010-жылдын ноябрь айында айыл кеңешинин төрайымы, анын шыкакчылары он беш жыл илгери кабыл алынган чечимди изин билгизбей жок кылышкандан кийин “Касымаалы ажы Мамбет уулу жөнүндө чечим кабыл алынбаптыр” деген шылтоого жамынып, көчөнүн атын колхоздун көзү өткөн жетекчисине, айыл кеңешинин төрайымынын кайнатасына ыйгаруу жөнүндө айыл кеңешинин чечимин чыгарып, жаңы жарнактарды илет. 1916-жылдагы кыргыз элинин боштондук кыймылына, анын эли үчүн курман болгон жетекчисине карата иштелген саясий жана моралдык ээнбаштыкты катаал ашкерелеп, митайым формалдуулукка жамынган шылуундарды жазалоону конференция Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, губернатордон талап кылсын деген сунушту айткыбыз келди.

Жеңишбек ДҮЙШЕЕВ,  доцент:

– Профессор К.Үсөнбаевдин Үркүн тууралуу изилдөөлөрү анын ишмердигинин ар кыл жылдарында улам тереңделип, жаңы тарыхый фактылар менен бекемделип турган. Академик А.Э.Измайловдун аны “Кушбек Үсөнбаев республикадагы эң принципиалдуу тарыхчы-окумуштуу” деп белгилегени мындан да ачык айгинелеп турат. Бирок, анын мүнөзүндөгү бул өзгөчөлүк керт башына бир топ мүшкүлдүү окуяларды жаратып турган. Замандашы академик А.Алтымышбаев (31.01.1986-ж.) жөн жерден:

Кушбек жүр тарыхчыдан бөтөн сырдуу
Калеми сүйлөп коёт кээде чырдуу.
Антпесе болмок беле өсүү бизде,
Илимдин жолу тура тогуз кырдуу, – деп баа бербегендир.

Кыргыздар жана ага жамаатташ жашаган элдердин жаңы доордогу тарыхы улуттук, элдик боштондук күрөштөргө өтө бай экендиги маалым. Аларды тарых илиминин жетишкен ийгиликтеринин тургусунда калыс баалоо аракети Кушбек Үсөнбаевдин илимий ишмердиги менен тыгыз байланышта жүргөн. Бирок, мындай аракеттерди советтик саясат дайыма эле кубаттап турган эмес, тескерисинче теске салып, чийинден (партиянын линиясы) чыккандарды басынтуу, кодулоо менен жооп берип, тиешесинен куру калтырып турган. Натыйжада, профессор К.Үсөнбаевдин талыкпас аракетинен улам кыргыз таануу илиминде тана алгыс тарыхый фактыларга таянган илимий бүтүмдөр, тыянактар чыгарылды жана тарыхтын “ак тактарын” толуктады.

Белгилей кетүүчү жагдай, 1916-жылдагы көтөрүлүш 50-70-жылдары “реакциячыл” деп бааланып, унутулууга тийиш болгон окуялардын катарына кошулган. Ага карабастан, Кушбек Үсөнбаев аталган эмгегинде бул кыймыл жөнүндөгү өз корутундусун: “1916-жылдагы кыймыл ачык көрүнгөн улуттук-боштондук, антифеодалдык, согушка каршы, антиимпериалисттик жана революциялык мүнөздү алат. Ал падышачылык Россиянын чыгыш колониялык чет жакасынын өтө чоң аймагын кучагына алган. Кыргызстанда бул кыймыл кеңири кулач жайган”, – деп чыгарат. Бул эмгек, окуяга берилген баа, илимий-изилдөөнүн тактыгы, ынанымдуу фактылардын көптүгүнөн улам гана жумурткадан кыр издеген саясатчылардын жана борбордук “дүжүр” тарыхчылардын сын-пикиринен алыс болду.

Ж.ТОКТОНАЛИЕВ, жазуучу:

– Мен жанагы сө­зүмдү улай, сөзсүз баса белгилей турган жана таң кала турган маселе: Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын арыз ээсине берген жообунда боштондук кыймылы, анын курман болгон жетекчиси деген сөздөр айтылбайт. Жөн гана Мамбет уулу Касымаалы ажынын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү арызыңызды Учкун айылдык кеңешинен чечип алыңыз деген жооп келет. Бул жооптон боштондук кыймылына, анын курмандыктарына караманча кайдыгерлик, андан да ыктымалы, маселенин маанисин төмөндөткөн саясий митайымдык, айыл кеңешиндеги шылуундарды тымызын колдоо туюлат. Бул каттын автору Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Ж.Субагожоев, Нарын районунун акими Т.Мамыров мамлекеттик кызматы ээлегө татыктуу эмес экенине конференция бийликтердин көңүлүн бурат деп ойлойбуз. Нарын облусунун губернаторунан 1916-жылдагы боштондук кыймылынын Нарын аймагындагы жетекчиси боштондук үчүн курман болгон Касымаалы ажы Мамбет уулуна, анын өмүрү өткөн Куланак, Учкун айылдарынын борбордук көчөлөрүнө ысымын ыйгарууга облустук же айылдык кеңештин чечимин чыгарып, адилеттикти калыбына келтирүүнү талап кылабыз.

Кыяс Молдокасымов,  профессор:

– 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштүн 95 жылдыгына арналган бул баяным ошол учурдун тарыхый чындыгын ачыкка чыгарган, жүрөк титиреткен архивдик бир документтин тегерегинде болмокчу. Улуу Үркүндү баяндаган көптөгөн архивдик документтердин арасында бул өзгөчө айырмаланып турат. Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарындагы Борбордук мамлекеттик архивинин 44-фондунда, Ташкенттеги Өзбекстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин 1-фондусунун 27-каттамынын 246-номурлуу иш кагазында бул документ күнү бүгүнкүдөй сакталуу турат. Мазмундары бирдей. Документ “1916-жылы козголоңго катышкан кыргыз жана казактарды Нарын чөлкөмүнө көчүрүү жөнүндө жана алардын жерлерин орус келгиндерине өткөрүп берүү жөнүндө Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору А.Н. Куропаткиндин төрагалыгы алдында, 1916-жылдын 16-октябрында өткөн кеңешменин протоколу” деп аталат. Кеңешме Жети-Суу облусунун борбору Алма-Ата шаарында өткөн. Анын ишине генерал-губернатор А.Н. Куропаткин, Жети-Суу облусунун аскер губернатору М.А. Соколов-Соколинский баш болгон 13 мыкчыгер катышкан. Бул адамдар аталган жыйында Пржевальск, Пишпек, Жаркент уездиндеги көтөрүлүшкө чыккан элдин тагдырына байланышкан опурталдуу маселени талкуулап, чечим кабыл алышкан. Чечимди Орусия империясынын кыргыз элине жүргүз­гөн оторчулук саясатынын жеткен чеги, тукум курут саясаты деп кароого болот. Анда ошол кеңешмеде талкууга алынган төрт маселеге кененирээк токтолсок. Ал:

1.      Козголоң чыгарган кыргыздарды Пржевальск уездиндеги Ысык-Көлдүн тегерегинен, Кемин өрөөнүнөн жана Чүй чөлкөмүндөгү Пишпек уездинин бир бөлүгүнөн, Текес аймагынан жана Жаркент уездинен көчүрүү жөнүндө.

2.      Козголоң чыгарган кыргыздарды Нарын чөлкөмүнө көчүрүү менен ал аймакка өз алдынча Нарын уездин негиздөө жөнүндө.

3.      Козголоң чыгарган кыргыздарды көчүргөндөн кийин бошогон жерлерге калкты жайгаштыруу жана жалаң орус калкынан турган Пржевальск уездин түзүү жөнүндө.

4.      Верный уездиндеги казак-орустарды жерге жайгаштыруу жөнүндө, деген маселелерден турган.

Биринчи маселе боюнча сөздү генерал-губернатор Куропаткин өзү баштап, козголоң чыгарган кыргыздардын пайдалануудагы жерлери бүт алынып, ал жерлер орустарга берилүүсү керек деген сунушун ортого салган. Ошондой эле ал Ысык-Көлдүн түндүк, түштүк жээги жагынан жаңы чек ара андагы кырка тоолор аркылуу аныкталышын баса белгилеген. Башкача айтканда Ысык-Көлдүн тегерегинде жашаган бүтүндөй кыргызды жаңы белгиленген чек арадан ары чыгарып, тазалоо зарылдыгы айтылган. Ошондой эле Пишпек уездинде, анын ичинде өзгөчө Кемин өрөөнүндө козголоңго чыккан кыргыздардын бүт бардыгын, Чүй өрөөнүндөгү жергиликтүү элдин көпчүлүк бөлүгүн көчүрүү зарыл деп табылган. Демек, аталган уездерде кылымдардан бери жашап келген 37330 түтүн кыргыз 2510361 теше жеринен биротоло тазаланып, бүт көчүрүлмөк болгон. Генерал-губернатордун бул сунушу кеңешмеде бир добуштан колдоо таап, чечим кабыл алынган. Бул чечимди чечмелөөнүн зарылдыгы жоктой.

Кеңешменин күн тартибиндеги экинчи маселеге ылайык, Пржевальск, Пишпек уездиндеги козголоңго катышкан кыргыз болуштуктарындагы элдин бардыгы Нарын аймагына көчүрүлмөк болот. Пишпек уездинде бөтөнчө айыптуу деп табылган Сарыбагыш, Атаке болуштугундагы эл кабыл алынган чечим боюнча башка айылдарга катталуу менен түрдүү болуштуктарга таратылып, андан соң Балхаш көлүнөн ары сүрүлмөк. Аларды Нарын аймагына көчүрүүнү да ыраа көрүшкөн эмес. Ошол учурда Нарын чөлкөмүнө Пржевальск уездинен 9325 түтүн, Пишпек уездинен 3846 түтүн эл кыргындан качып, баш калкалап туруп калган. Ага кошумча дагы 37355 түтүн кыргыз көчүрүлүп, тоолуу Нарын чөлкөмүндө 50526 түтүн эл жашасын деген бүтүм чыгарылат. Демек бул катаал аймакка 252 миңдин тегерегинде кыргыз күч менен сүрүлүп, Атайке жана Жумгалда эки приставы болгон өз алдынча Нарын уездин түзүү маселеси чечилген. Уезддин борбору катары Нарын шаары бекитилген. Эки уезд­дин элин Нарын чөлкөмүнө көчүрүү, 250 миңден ашык кыргызды табияты катаал аймакка сүрүп чыгаруу Орусия империясынын эң кыянатчыл саясаты болгон. Бул АКШда индеецтерге жасалган кыргындуу саясаттан да ашып түшкөн. Анткени падышалык Орусия Кыргызстанга оторчулук саясатын жайылтуу, келгиндерди жерге жайгаштыруу боюнча алдын-ала иликтөө жүргүзүп Нарындын катаал шарты келгиндердин жашоосу үчүн ыңгайсыз деп табышкан. Ошол ыңгайсыз жерге кыргыздарды жайгаштыруунун арты эмне менен аяктаарын ар бир окурман өзү чечмелесин.

Ал эми үчүнчү маселе боюнча, козголоң чыгарган кыргыздар Ысык-Көлдүн тегерегинен тазалангандан кийин ал жерлерге ар бири 60 түтүндөн кем эмес 5 казак-орус станцияларын түзүү пландалган. Бошотулган калган жерлерге жалаң гана орустарды жайгаштыруу бышыкталган. Натыйжада Ысык-Көлдүн айланасы кыргыздардан толугу менен тазаланып, бир өңчөй славян калкынын өкүлдөрү жашаган уездге айлануусу чечилген. Мындан соң төртүнчү маселе өзүнөн-өзү чечилмек. Ошентип 1916-жылдын 16-октябрында өткөн кеңешмеде коюлган бардык маселелер бир добуштан кабыл алынып, боштондук үчүн күрөшкө чыккан кыргыздардын тагдыры ырайымсыздык менен чечилген. Тилекке каршы, 1917-жылы Орусия империясында башталган саясий окуялар, эки революция 16-октябрдагы кеңешменин чечимдеринин аткарылышына жол бербеди. Ал эми архивдик бул документ өткөндүн оор күндөрүн эске салган тарыхый чындык катары сакталып кала берди. Эркиндик деген ыйык сөздү эстегенде, ал баркталбай жаткан азыркы учурда бул документ өткөндү эске салган улуу сабак, унутулгус окуя!

Э.КАПТАГАЕВ, КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси:

– Айрым бирөөлөр тайкы ойлорун айткандай жана таңуулагандай 1916-жылы кыргыз жигиттери аскер кызматынан коркконунан анык ажалга бет алып, кокусунан жоо-жарагы шайма-шай падыша аскерлерине каршы көтөрүлгөн эмес. Аскердик-оорук иштерине чакыруу жөнүндөгү падышанын жарлыгы көтөрүлүшкө шылтоо гана болгон.

150 миңден ашуун калк (айрым маалыматтар боюнча 300 миң) бекеринен кыргынга учураган эмес. Алар эл-жердин эркиндиги үчүн баатырларча курман болушканы шексиз. Ошондо жамгырдай жааган окко учуп, шейит кеткен боордошторубуздун арбагын сыйлап, алардын жаркын элесине таазим этип биз бүгүн тарыхый чындыкты толук, болгонун болгондой айтканыбыз абзел.

Биринчиден, көтөрүлүштүн эң башкы себеби падышалык Россиянын оторчул жер саясаты болгон. Кыргыздарга таандык суусу мол, дыйканчылыкка ыңгайлуу ойдуң жерлердин бардыгы келгин орус-украин дыйкандарына ыйгарылган. Адегенде (60-жж.) алардын ар бир түтүнүнө 30 тешеден (36 га) мыкты жерлер тийсе, кийинчерээк ал 20 гектарды түзгөн. ХХ к. башында келгиндердин саны кескин өсүп, жер тарыган кезде, т.а. 1916-жылга карата алардын жан башына 3, 17 теше жалаң айдоо аянты туура келсе, кыргыздардын жан башына эптеп 0,2 теше гана туура келген.

Жалпы калктын 94%н түзгөн кыргыздар айдоо жерлердин 42 %ына гана ээлик кылчу. Анан калса ал жерлер дагы суу жетпеген кайрак жерлер эле. Ал эми кыргыздардын отурукташуу, келгиндер менен бирдей өлчөмдө жерге ээ болуу, дыйканчылык кылуу өтүнүчүнө колониалдык бийлик христиан динине өтүү талабын койгон. Тоо этектерине, кокту-колотторго сүрүлгөн кыргыз эли жылдан-жылга жакырланып отурду. Жашоо шартынын начарлашынын натыйжасында кыргыздардын саны 1902-1916-жылдардын аралыгында жылына 8-9%га азайып отурганы көп нерседен кабар берет.

Экинчиден, кыргыз элинин эзелтеден келе жаткан эл башчыларын шайлоо тартиби, эрежеси бузулуп, эл үчүн кам көргөн, эл ичинде тоодой баркы бар чыгаан инсандар атайлап карасанатайлык менен бийликтен четтетилген. Колониалдык администрация болуш, бий, старчындык кызматтарга өзүнө жаккан, камчысын ойлонбой чаап берчү алдым-жуттум шылуундарды шайлатууга, дайындоого аракеттенген. Элдик нарк кетип, каада-салт бузулган, эл ичинде ынтымакка доо кеткен. Коомдук турмуштагы ушул сыяктуу терс көрүнүштөр дагы карапайым калктын нааразычылыгын ого бетер күчөттү.

Үчүнчүдөн, улуттук ар-намысына шек кеткени себеп болгон. Орус администрациясы карапайым адамдарга гана кемсинтип текебер мамиле жасабастан, эл жакшыларын (этностук элитаны) да такай басмырлоо саясатын жүргүзгөн. Келгин орустардын жергиликтүү калкка карата адамдын оюна да келбес ар кандай зөөкүрлүктөрү, зордук-зомбулуктары акырындап көнүмүш адатка айланган. Орус оторчуларынын саясаты элеттиктердин рухун түшүрүү, көкүрөгүн айыккыс дартка чалдыктыруу, жүрөгүнүн отун өчүрүү, биротоло бүк түшүрүп чөгөлөтүү, кайрат-демин мокотуу, айдаган жакка баскан малга айлантуу болгон.

Негизинен мына ушул себептер кыргыз элинин жашоо ыңгайын бузуп, улуттук өзгөчө­лүктөрүнө ылайык эркин өсүп-өнүгүүсүнө кедерги болуп, ал калктын ар кыл катмарында жапырт нааразычылыкты жаратып, өз алдынча жашоо, көз карандысыз болуу тилегин ойготкон. Ал эми 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерди согуштук-оорук иштерине чегерүү (мобилизациялоо) жөнүндөгү орус императорунун чектен чыккан чечими элет элинин кыжырын кайнатып, жалпы элдик көтөрүлүшкө алып келген.

Сөзүмдү жыйынтыктоо менен Сиздердин чыгармачыл, бир чети машакаттуу, бир чети кызыктуу ишиңиздерге ийгилик каалайм. Ошондой эле мамлекеттик бийликтин өкүлү катарында төмөндөгү өңүттөрдө иш жүргүзүүгө сиздерди үндөөнү туура көрүп турам.

Биринчиден, кыргыз-элинин 1916-жылкы улуттук-боштондук күрөшүн жаңыча , объективдүү иликтөө бир-эки жылда бүтүрө койчу оңой-олтоң иш эмес. Ал туура нукка салынган ырааттуу бир нече жылдык изилдөөлөрдү, тарыхый даректерди, совет доорунда жазылган эмгектерди, айтылган кайчы пикирлерди кайрадан илимий сыдыргыдан өткөрүүнү, кара кылды как жарган калыс тыянактарды чыгаруу­ну талап кылат.

Экинчиден, Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына алдын ала даярдык көрүү алкагында талылуу маселелерди чечип, талаш-тартыштын аягына чыгып, чыныгы илимий, концептуалдуу мамлекеттик көз карашты жаратканыбыз жөн.

Үчүнчүдөн, тарыхка таптык көз караштан биротоло арылып, көтөрүлүштүн жол башчыларынын кайгылуу окуядагы ордун жана ролун аныктоо, аты-жөнүн тактоо адис окумуштуу тарыхчылардын ата-бабалардын арбагы алдындагы ыйык парзы деп эсептейм.

Төртүнчүдөн, 1916-жылкы улуттук-боштондук күрөштүн тарыхын ар тараптан комплекстүү изилдөө боюнча өзүнчө багыт же атайын адистешкен илимий топ калыптанса максатка ылайык келчүдөй.

Бешинчиден, архивдик даректердин көбү жакынкы чет өлкөлөрдүн архивдеринин карамагында калгандыктан мамлекеттер аралык келишимдердин деңгээлинде Москва, Санкт-Петербург, Ташкент, Алматы, Омскидеги архивдер менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү, электрондук фонддорду түзүү – учурдун талабы.

Алтынчыдан, колдо болгон, басууга даяр архивдик документтерди жана эскерүүлөрдү тезинен басмадан басып, калайык калкты алар аркылуу окуянын жүрүшүнөн кабардар кылуу керек.

Жетинчиден, баш калаабыз Бишкектин түштүк дарбазасына 1916-жылкы Улуу Үркүндүн курмандыктарына арналган мемориалдык комплексти курууга ишкер-демөөрчүлөрдү, коомчулукту кеңири тартып, жакынкы эки жылда мындай мааниси зор иштин аягына чыгууга чечкиндүү киришсек.

Сегизинчиден, көркөм чыгармачыл, коомдук уюмдарды, жазуучуларды, композиторлорду, сүрөтчүлөрдү, айкелчилерди Улуу Үркүндүн олуттуу окуяларына, чыгаан жол башчыларына арналган адабий, көркөм, музыкалык чыгармаларды жаратууга, айкел-бедиздерди чегүүгө чакырам. Массалык маалымат каражаттары элибиздин даңктуу басып өткөн жолун чагылдырууга, улуттук аң-сезимди андан ары өнүктүрүүгө өз салымын активдүү кошууга милдеттүү.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 12.08.2011-ж.

Окшош материалдар:

Үркүн. 1916. Сөөгү талаада чачылган кыргыз…

Улуу Үркүн жөнүндө повесть

1916-жылы кыргыздар аз жерден кырылып кете жаздаган

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.