Таштагы күн бала

Сүрөтчү-керамист Жумагул Ташиевдин ааламы

Белгилүү сүрөтчү-керамист Жумагул Ташиев Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айылында туулган. 1981-жылы Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайын бүтүргөн. 1984-жылдан тартып республикалык жана эл аралык көптөгөн конкурс, фестивалдардын жеңүүчүсү болуп, анын көркөм керамикалык эмгектери АКШ, Германия, Дания, Япония, Индия, Түркия жана башка мамлекеттердин зор кызыгуусун туудуруп келет. Турмушта жол салган адам бактылуу деп коюшат. Анын сыңарындай Жумагул ага сүрөт дүйнөсүнө, сүрөт ааламына из салган адам. Аскалардагы таштар ааламын кайрадан сүйлөтүп, таштар ааламына кайрадан жан салды.

– Жумагул ага, таштар ааламына кандайча кызыгууңуз артып калды?
– “Ой кылганың кош бойлуу болуп калганың” деп Дагестан жазуучусу жазгандай, кайдандыр бир жүрөккө ой келди. Ошол ойду иш жүзүнө ашырдым. Ошентип, менин чыгармачылык жолумда жаңы багыт пайда болду. Ал саймалуу таш петроглифтерин керамика өнөрүндө чагылдырып, байыркы эски замандын демин жаңы формага салып, ошол таш белгилерде катылган терең философиялык маанини көргөзүү болду. Кыргыздын байыркы руханий маданиятына тиешелүү бул тарыхый булак менин чыгармачылыгыма шык кошуп, ары тереңдетип, саймалуу таштын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугун көргөздүм. Бул оюм ишке ашкандан кийин ага улуу сүрөтчү Гапар Айтиевдин уулу Сапар Айтиев жакшы баа берди. Өз стилиңди таапсың дешти. Кыргыз сүрөт дүйнөсүнө жаңылык киргиздиң дешти. Массалык маалымат каражаттары бир-эки жолу эмес, байма-бай чагылдырып келишет. Мунун баары менин чыгармачылыгыма түрткү берди, дем-күч берди. Элдин мындай реакциясы болбосо, балким, менин кызыгуум токтоп калат беле.

– Түркүн оймолуу, чиймелүү, көз тайгылткан чыгыштын керамика дүйнөсү бар. Жасалуу технологиясынанбы же башка жагынанбы сиздикинин алардыкынан кандай айырмасы бар?
– Жасалуу технологиясы жагынан окшош эле. Миң градуска чейинки ысыкта ылайды бышырып, боек салып, аны кургатуу учурунда дагы боекторун келтирип дегендей. Ал эми формасы жагынан айырма бар. Менин “Саймалуу-таш” коллекциям биздин көчмөндүк духубузду ачык көргөзүп турат. Ошондуктан сырт жактагыларга дароо билинет. Кандай гана керамика буюму болбосун кыргыздын байыркы тарыхы, маданияты оюм-чийим, сүрөт аркылуу берилишине маани берип келем.

– Өткөндө “Оймо” фестивалынан байкадым. Өзбекстандын керамикадан жасалган буюмдарын күнүмдүк тиричиликке колдонууга сатып алып жатышты. Сиздикин дагы тиричиликке колдонсо болобу?
– Чопо идиштерин күнүмдүк чыгармачылыкка колдонсо жакшы болот. Буга чейин гүл олтургузган кумара, тап мешине салуучу идиштер ж.б. буюмдарды жасап келдик. Алар абдан бекем жана туруктуу болот. Эми биздики чакан көркөм ишкана. Ал эми элдин керектөөсүнө алып чыгуу үчүн чоң цех керек.

– Жубайыңыз Тойумбүбү эже дагы сүрөтчү турбайбы?
– Жубайым дагы сүрөтчү. Ал терини кайра иштетип, камчы, ээрден тышкары дагы буюмдарды жасайт. Ал дагы кийинчерээк керамика жагына ооп кетти. Эки кыз, бир уулум бар. Керамика биздин үй-бүлөлүк жан сактообуз болуп калды.

Көчмөн кыргыз, аңчылык жана аргымактар
Саймалуу таш сүрөттөрү байыркы искусстводон калган кереметтүү белектер. Кыргыздын Нарыныбы, Таласыбы, айтор, баардык өрөөндөрүндөгү тоолордон кездешет. Саймалуу таштарда байыркы элдин философиясы чагылдырылат. Ал убакта азыркыдай кагаз, калем жок болгондуктан, байыркы эл жүрөгүндөгү болгон талантын, бугун, арманын, ошол кездеги адамдардын жашоо-тиричилигин, жан-жаныбарлардын элесин, баарын тең ташка түшүрүшкөн. Таштагы сүрөттөрдө түркүн стилдер, керемет фантазия, философия, азыркылар чийген симметрия камтылат. Саймалуу таштарды карап олтуруп байыркы элдин улуулугуна таң бересиң. Кээде Тибеттен, Индия ж.б мамлекеттерден дагы улуу сүрөтчүлөр келип өз издерин калтырып кеткенби деген ойго келесиң, анткени пилдин, биздин тоолордо учурабаган жаныбарлардын элестери дагы бар. Саймалуу таштардан көчмөн кыргыздын турмушу, аңчылык, аргымактар жарышын, күн баланы жана башкаларды учуратууга болот.

Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.