Азамат ТААЛАЙ, “Айтыш” коомдук фондунун төрагасы: “Айтышка катышкан ар бир акынга сыйлык бар”

Азамат мырза, мындан 15-20 жыл мурун кыргыздын маңдайында болгону Ашыраалы, Эстебес, Тууганбай, Замирбек деген төрт төкмөсү калды эле. Учурда алардын үчөө өтүп, бирөө калды. Бирок “Айтыш” коомдук фонду Замикебизди жалгызсыратпай Амантай, Элмирбек, Жеңишбек, Шекербек, Азамат, Аалыны телчиктирди. Эми бул көч уланабы?
Улуу кыргыз эли “Манас” эпосу баштаган улуттук дөөлөт мурастарыбызды улуудан урпакка, атадан балага, устаттан шакиртке нечен кыйынчылыкка карабастан аздектеп өткөрүп келди. Соңку кылымдагы жетишкендиктерди кошпогондо азыркы кезде биз сыймыктанып, жүзүбүзгө кармаган улуу тарыхыбыз ошол улуттук рух дөөлөттөрүбүз, эпос, дастандарыбыз, төкмө акындык, комузчулук, манасчылык жана башка асыл өнөрү менен гана барк-баасы улуу жана бийик.

Буга төкмө акындардын кошкон салымы арбын десек жаңылбайбыз. Кыргыз элинин салт-санаасын, үрп-адатын, жалпы маданий тарыхын оозеки маданияттын негиздөөчүлөрү саналган куйма кулак төкмө акындардын эмгегисиз элестетүү мүмкүн эмес. Кыргыз элинин ушул зор тарыхы Ырамандын Ырчы уулу, Жайсаң, бери дегенде Кет Бука, байыркы Токтогул, андан бери келгенде Арстанбек, Калыгул, Чоңду, Эсенаман, Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, Коргоол, Барпы, Калык, Осмонкул, Алымкул, Токтонаалы, Ысмайыл сыяктуу залкар акындар аркылуу даңазаланып, учтан түпкө уланып келе жаткандыгы талашсыз далил.

“Айтыш” коомдук фонду эгемендик күнүнө карата жыл сайын төкмө акындардын айтышын өткөрүүнү адатка айлантып алды эле. Быйыл да бирдеме кыласыңарбы?
Бул жолу айтышты республикалык “Айтыш” коомдук фонду эгемендүүлүктүн 20 жылдыгын жана Курманжан датка жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция уюштуруп жатат. Тактап айтканда, бул жолку иш-чарабыз эгемендиктин 20 жылдыгына жана Курманжан датканын 200 жылдыгына арналат.

Алдыда президенттик шайлоо келатат. Айтыштын ага тиешеси жокпу?
“Айтыш-2011” сынагынын негизги максаты жогоруда айткандай эгемендигибиздин 20 жылдыгын даңазалоо менен катар айтыш өнөрүн жогорку деңгээлге көтөрүү, акындар арасында чыгармачылык байланыш түзүү жана эл биримдигин чыңдоо. Ата журтту, эл-жерди, эгемендүүлүктү атуулдук терең сезим менен кастарлап сүйүүгө үндөө. Улуттук рух дөөлөтүбүзгө айланган төкмө акындык өнөргө шыктанган жаштардын кызыгуусун арттыруу жана аларды теле-радио, басма сөз каражаттары аркылуу калктын калың катмарына таанытуу.

Айтыш качан, кандай жол-жобо менен өтөт?
Акындарды тандоо түрү 26-августта Улуттук тарых музейинин концерттик залында өтүп, ага жалпы 16 акын тандалып алынат. Каттоо саат 9.00дөн 10.30га чейин жүрөт. “Айтыш-2011” сынагы 27-28-августта Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда саат 18.00дө башталат. Жарым финалга чейин упайдын көптүгүнө жараша тандалып алынат. Жарым финал жана финал олимпиадалык система боюнча чечилет. Айтышта упай тең болуп калган учурда байге жашы улуусуна берилет. Же калыстар тобу аларды алымсабак айтыштырат. Айтышка катыша турган акындардын жашы чектелбейт.

Жеңүүчүлөрдү тандоодо кандай критерийлер коюлат?
Биринчиден, анын ырынын көркөмдүүлүгүнө, төкмөлүк шыктуулугуна, саптарынын уйкаштыгына, оюнун тереңдигине баа берилет. Анан аткаруучулук чеберчилиги менен сахнада жүрүү маданияты каралат. Айтыштын кошумча шарттарын калыстар тобу макулдашып, акындарга айтыш башталардан мурун алдын ала кабарлайт.

Байге кору канча?
Жалпы байге кору 500 миң сом. Баш байгеге 200 миң сом, биринчи орунга 100 миң, экинчи орунга 70 миң, үчүнчү орунга 40 миң, андан кийинки төрт орунга 10 миң сомдон, бешинчи 8 орунга 5 миң сомдон коюлат. Өзүңүздөр көргөндөй, айтышка катышкан 16 орунга тең сыйлык бар.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.