Гүлазык

Жылкынын казы-карта, ич этинен жасалган гүлазык деген болот да. Аны кысыр тай же кулунду семиртип, анан гүлазык жасаган. Анын технологиясы да башкача. Казанга сала коюп эле башка эттердей бышырбайт. Аны 4-5 саат жакшынакай бышырып, көлөкө жерге кургатып, арпа же буудайдын талканын аралаштырып кошуп жасайт.

Кыргыз эли көчмөн эл болгон да. Андан бир кашык сууга эзип жеп алса, аябай күчтүү болгондуктан, биринчи-экинчиси менен тамак жегендей болот, ошондой эле ал узак жолдо бузулбайт, экинчиден, женил. Муну жегенде тим эле тердейт.

Ракыя Каниметова, Ак-Кочкор айылы,
“Эл билими” сайтынан алынды

* * *

Күлазык – көпкө сакталуучу тамак. Күл азыктын негизи уйдун, койдун, кийиктин этинен даярдалат. Союлган малдын, кайберендин эти бышырылып, туурасынан жука кесилип, кургатылып, сокуга күл майда талкаланып, жаргылчакка тартьшат. Даярдалган эт сызгырылып, сызыгы таза алынган майга салынат да, ал кайнар замат ун кошулуп, кызарганча куурулат. Суугандан кийин жакшы иштелген ка­рынга салынат. Күл азык узак сапарга, аң уулоого, жүрүшкө, казатка чыгарда даярдалган.

«Эл таануу» китебинен алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.