Каныкей Эралиева, КРнын эл артисти: “Маданиятыбыз маданият үйүндө тебеленип жатса…”

Каныкей эже, чыгармачыл жаатта кандай иш-аракеттер болуп жатат?
Маданият – улуттун күзгүсү эмеспи. Мына ошол улуттун жүзү болгон тармактын адамы болуунун өзү бир чети чоң сыймык болсо, бир чети өтө чоң жоопкерчилик. Анткени биз улуттун жүзүбүз. Биз эл адамыбыз. Коомчулук бизге карап түздөнүп, биздин маданият биздин жүрүш-турушубузга, басканыбызга, сүйлөгөнүбүзгө жараша калыптанып, өнүгөт. Ошол себептен биз ар бир баскан изибизге, сүйлөгөн сөзүбүзгө көңүл буруп, аяр мамиле жасашыбыз керек. Негизи эле өткөнгө саресеп салып, артка кылчайып карасам, жаштыгым да, кубанычым да, кайгым да, бактылуу күндөрүм да сахнада өтүптүр. Искусстводо жүргөн ушунча жыл аралыгында сахнадан бакыт да, байлык да, атак да таба алдым. Өзүмдүн баскан жолумда артымда кала тургандай жакшы эле эмгек кылдым. Азыр да тынч алып отурган жокмун. Чыгармачылык менен тынбай эле иштеп келе жатам. Мен башкалар сыяктуу бир жылда бир нече ыр жазып, анын баарын бир күндө чачып жибербейм. Бардык нерсени өз учурунда колдонгонду жакшы көрөм. Бир жылда бир нече ыр жазып, аны убагы менен элиме жеткирип турам. Быйыл да жөн отурбай, жаңы ырларды жаздырдым. Акыркы кезде жазган ырларымдын көбү мекенге, эл-жерге, ата-энеге арналды. Жаш курак да ошону талап кылып калды көрүнөт. Карылык өзүнүкүн бербейт экен. Мурдагыдай концерттерге көп катышпай, эл алдына көп чыкпай калдым. Бирок азыр сахна менен коштошо турган учурга келе элекмин. Дагы 10 жылдык дем-күч бар. Буйруса, элим менин дагы көп ырларыма күбө болушат.

Быйыл Атайбек агайың 60 жашка чыкты. Мына ошол 60 жашка чыкканынын урматына чакан маараке өткөрсөкпү деп турабыз. Буйруса, сентябрь-октябрь айларына пландап жатабыз. Мындан сырткары музыкалык мектеп ачсакпы деген жакшы тилектер бар. Атайбек агайың комузду жакшы чертет эмеспи. Азыр эле бизге сабак бергиле деп балдар келе баштады. Мен болсо вокал жагынан сабак берем. Эми эл үчүн, жаштар үчүн жасай турган иштер арбын. Пландар көп. Бирок бардык нерсенин өз учуру, сааты болот экен. Биздин дагы максаттардын иш жүзүнө ашаар учуру келет го деп күтүп отурабыз.

Чыгармачылык менен өмүр бою алектенип келе жатасыз. Кайсы бир учурда сахнадан кетишиңиз мүмкүнбү?
Эми өмүр бою эле сахнада жүрө берем деп айтуунун өзү кыйын. Чыгармачылык менен толук коштошпосоң да эс алуу өргүүсүнө чыгуучу учур келет. Анткени биз чыгармачылык менен биротоло кош айтыша албайбыз. Өмүр бою ушул тармакта жүрүп, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, ыр, музыканын арты менен нан таап жеп көнүп калганбыз. Жашыбыз өтүп, карылык желкеден алган күндө да биздин жан дүйнөбүз, жүрөгүбүз музыка деп согуп турат. Ошол себептен чыгармачылыкка биротоло чекит коем деп айтпайм. Албетте, сахнага чыкпай, үйдө отуруучу мезгил келет. Бирок ал учурда да жөн жатпасак керек деп ойлойм.

Эмнегедир акыркы жылдары сахнадан, телекөрсөтүүлөрдөн аз көрүнө баштадыңыз?
Кээ бир ырчылар сыяктуу сүрөттөрүмдү көтөрүп алып, “Мени чыгарып койгула. Мени эмнеге телекөрсөтүүдөн көрсөтпөйсүңөр. Мен деген эл артистимин. Мен ырдайын. Концертиңе чакырып кой”- деп жулунбайм. Өзүбүз сындуу кыргыз искусствосунда өз орду бар, талантын эл баалаган чыгармачыл адамдардын мааракелерине барып, ырдап коем. Анан бир-эки жылда бир жолу жеке концерт берип туруш биздин парз. Анткени биздин ырды сүйгөн, талантыбызга таазим кылган, баалаган адамдар бар. Ошолор үчүн ыр тартуулоо биздин милдет деп билем. Элдин адамы болгондон кийин, эл үчүн эмгек кылыш керек деп ойлойм. Ошондуктан жылына бир жолу жеке концертибизди берип турабыз. Ооба, акыркы кездерде Филармония, Спорт сарайы сыяктуу чоң залдарга концерт бербей калдым. Алардын ижара акысы кымбат. Биз андай каражатты таба албайбыз.

Сиздер өмүр бою мамлекет үчүн иштеп келдиңиздер да. Жеке концерт бергенде же мааракелерди өткөргөндө мамлекет тарабынан кандайдыр бир жардамдар көрсөтүлөбү?
Ушундай болсо кана. Анда биз жыргабайт белек. Тилекке каршы, азыр биздин Союз учурундагы кылган эмгегибизди эске алган киши жок. Эми мамлекеттин деле чамасы чарк болуп, жогору жактагылар алапайын таппай турушат. Бирок мамлекеттин карамагындагы Филармония сыяктуу имараттардын залдарын бизге арзан баада берсе жакшы болмок. Баса, учурдан пайдаланып, КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаевге ыраазычылык билдирип кетейин. Ушул жылы берген концертимди башынан-аягына чейин бекер тарттырып, телекөрсөтүүдөн да бекер кетирип берди. Ал эле эмес, залын да бекер берди. Ушундай искусствону баалаган жетекчилер, белдүү адамдар көбөйсө экен. Тилекке каршы, мындай адамдар аз болуп жатат. Акчалуу азаматтарыбыз акчасын казино, саунага гана жумшаганды билип калышпадыбы. Анын үстүнө мен бирөөдөн бир нерсе сурагым келбейт. Кагуу жеп, шагым сынганын да көтөрө албайм. Ошол себептен, эч кимден эч нерсе сурабайм.

Сиздин Улуттук Филармониянын жетекчиси З. Үсөнбаевге нааразы болуп жүргөнүңүздү угуп калдым эле…
Филармониянын ижара акысын аябай эле кымбаттатып салды. Буга мен эле эмес, көп артисттер нааразы болуп жүрүшөт. Анан ал жерде концерт болгондо, ал киши бизге кийинүүчү бөлмөлөрдү бербейт. 20-30дай артист, эркек-аялы дебей бир бөлмөдө чечинип, кийинебиз. Эми ушул кантип болсун. Уят да болуш керек да. Өзүбүз улгайып калсак… Балдарыбыздай балдардын көзүнчө чечинип жатканды элестете бер. Маданиятыбыз маданият үйүндө тебеленип жатса, анан кайдагы маданиятты айтабыз?! Бул бир жагы. Экинчиси, өткөн жылы Замирбекке кирип: “Филармониядан мага орун бербейсиңби? Пенсияга чыкканча иштеп турайын”- деп сурасам, “Азыр бизде орун жок”- деп койду. Ушул филармониядан мага орун жок экен. Биздин жетекчилер ушундай… ошол үчүн биздин маданият өспөйт да.

Учурда капчыгы калың эр-азаматтарыбыз өз уурусунан же кичи мекенинен чыккан тарыхта аты калган инсандардын мааракелерин белгилөө атаандаштыгын жүргүзүп жатышат. Буга сиздин көз карашыңыз?
Муну мен эрдик катары кабыл албайм. Бул трайбализмдин жеткен чеги деп эсептейм. Эми бизге ушул эле жетишпей жатат эле. Ким ойлоп тапса да, акылына баракелде! Алардын жер-жерге бөлүнүп, өз жеринен чыккан белгилүү адамдын мааракесин шылтоолоп байлыктарын, өздөрүн көрсөтүүдөн башка кыла турган иштери жокпу? Мен ушуга түшүнбөйм. Мына, саяк уруусундагылар биригип Куйручук атабыздын 145 жылдык мааракесин өткөрүп, эки күн тойлошту эле, Манастан Чубак кем бекен деп, алайлыктар Атаке баатырдын эстелигин тургузушса, Жалал-Абаддын тың чыкмалары Уркуянын 100 жылдыгын белгилей турган болушуптур. Эми мейли, капчыктары калың экен, белгилей беришсин. Бирок жер-жерге, уруу-урууга бөлүнбөй эле мамлекеттик деңгээлде белгилешпейби. Ансыз деле түндүк-түштүк болуп бөлүнүп, башыбыз бирикпей жатканда, мындай нерселерди өткөрүүнүн зарылчылыгы бар беле? Андай эле акчалары ашып, кайда жумшаарын билбей жатышса, колдоого, жардамга муктаж болуп жүргөн искусство адамдарына жардам беришсин. Канча деген таланттар каражаттын жоктугунан чыга албай жүрбөйбү. Канча деген жарандарыбыз ден соолугунан ажырап, жардам сурап жалдырап отурбайбы. Биздин капчыктуулар аларды неге көрбөйт?.. Башкасы го мейли эле, Кудай сүйгөн Куйручук атабыздын мааракесинде арактын суудай акканын угуп аябай нааразы болдум. Арактын суудай агып, Соң-Көлдүн таштандыга толгонун көрсө, Куйручук атабыз деле нааразы болмок.

Эгемендүүлүк күнүнө карата Ала-Тоо аянтына орнотула турган Манас атабыздын эстелигинин эскизи сиздин купулга толдубу?
Биздин жетекчилер бир нерсени жасаганда дайыма шашылыш чечим кабыл алышат дагы, бир канча жылдан кийин бармактарын тиштеп, “Ой, бул болбой калды, алмаштыруу керек”- деп чуу салып чыгышат. Манас атабыздын эстелигин тургузулушу жакшы, бирок азыркы “Эркиндик” эстелигиндей болуп 15-20 жылдан кийин урап түшүп, ошондо бүтүндөй дүйнөгө уят болбосок эле болду да. Ал бир-эки айдын ичинде эптеп-септеп чампалай кое турган нерсе эмес да. Ага деген көп убакыт, сапаттуу эмгек талап кылынышы зарыл эле. Эми кандай болот, билбейм. Эскизин көрдүм. Укмуш деп айтууга азыр эртелик кылат. Негизи буга ачык эле конкурс жарыяланып, мыктынын мыктысы, чебердин чебери, устанын устасы жасаса болмок. Эртең эптеген бир нерсени алып келип орнотуп коюп, анысы элдин купулуна толбой, дагы бир канча жылдан кийин кайра алмаштырып отурбасак эле болду.

Ыр дүйнөсүнө келген артисттердин артынан ушак-айың көп ээрчийт эмеспи. Ушул кезге чейин атыңызы кантип таза сактап келе жатасыз?
– 18 жашымда эле турмушка чыгып кеттим. Кээ бир артисттер сыяктуу койкоңдогонго деле убакыт болгон жок. Негизи эле табиятымдан өзүмдү көрсөтүп, алдыга жулуна турган сапатка ээ эмесмин. Эрте турмуш курганыма эч качан өкүнгөн жокмун. Тескерисинче, кубандым. Жакшы жерге келин, кыргыздын чыгаан, белгилүү мырзасынын колуктусу болдум. Кудайга шүгүр, аялзаттык бакыттан өксүгөн жокмун.

А сиздердин үй-бүлөнүн урабай сакталышынын сыры эмнеде?
Бири-бирибизге болгон урмат-сый жана ишенимде. Учурунда биздин куттуу очогубуздун отун өчүргүсү келген адамдар да болгон. Бирок Кудайдын буйругу бардыгыбыздын каалообуздан, тилегибизден бийик турат экен. Кудайдын буйругу менен биздин коломтонун оту өчпөй, курган чебибиз урабай сакталып калды. Бул үчүн Жаратканга миң мертебе ыраазымын.

Жаркынай Кадыркулова, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.