“Окумуштууларыбыз Орусия, Япония, АКШга иштеп атат”

Бир кезде адам баласынын жашоосун телевизор, радиосуз элестетүү мүмкүн болбой калса, азыр интернет, компьютерсиз элестетүү болбой баратат. Албетте заманбап компьютер менен иштөөгө, дүйнөнүн булуң-бурчундагылар менен интернет түйүнү аркылуу байланышууга не жетсин. Анан да кыргыз тилинде иштеген компьютер болсо улуу-кичүү дебей компьютерде иштей билип, маалымат алып турса жаманбы? Бул боюнча белгилүү программист Эмил Асановдун командасында жүргөн, кесиби гидромелиорация инженери, учурда компьютерди чаккан Аблас Расулдин буларды айтып берди.

Кыргызмын дейсиң мага…
Мен он беш жыл илгери кыргыз окумуштуулары тарабынан жасалып чыккан TamgaKIT компьютердик программасы ушуга чейин эл арасына таркап, кардарлардын пайдасына иштей албаганына кейийм. Негизи программа OS Windows, OS Linx деген операция системаларынын (ОС) бир бурчуна отуруп алып кыргыз тилинин грамматикасын көргөзүп, катасын текшерип берет. Мындай программаны биздин окумуштуулар менен удаалаш үч Прибалтика өлкөлөрү, Украинанын окумуштуулары да түзүп чыгышкан. Мындан жети жыл мурун беларустар, төрт жыл мурун казактар KazKeu, эки жыл мурун азербайжандар AzSpel программаларын чыгарып өздөрүнүн тилдерин компьютерге сала алышты. Казактар биздин TamgaKITди эле көчүрүп KazKeuну жасашты. Эми якуттар келип Эмил Асановго кайрылышып, бирок Москва-Кремлден жазганып жатышат. Чынында азыр өзбек, тажик, түркмөн, грузин, армян, молдован жана башка элдер өз тилдерин компьютерге салыша элек. Бул жагынан кыргыздар мактанып, сыймыктансак болот. Окумуштуулардын көпчүлүгү армяндар, бирок армян тилин компьютерге сала албай жатышат.

Азыр KazKeu Казакстанда ар бир компьютерде иштеп жатат. Бизде болсо колдо бар алтындын баркы жок. Жада калса компьютерлерде “ө”, “ү”, “ң” шрифттери жок. Акаевден баштап андан берки кыргыз тыңчыкмалары кыргыз эле кыргыз, кокуй эле кокуй деп жер жаңырта төшүн койгулашып, өздөрүн Манастан ашкан баатыр кыла көргөзүшүп, той-топур, майрам-мааракелерди өткөзүшөт. Ошол акчалардын бир эле тамчысын мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө таштап койсо, анда биздин окумуштуулар Эмил Асанов баштаган команда Американын Microsoft фирмасы менен атаандашат элек. Азыркы тыңчыкмалар үй-бүлөсү менен орус тилинде гана иштегенге көнүп калган киргиз-миргиздер. Алар компьютер жана мамлекеттик иш-кагаздар кыргыз тилинде сүйлөп туруусун жактырышпайт. Аны 20 жылдан бери көрүп келатабыз. Андан мурунку 70 жылдык тарыхыбызда да белгилүү.

Акылга салбай, акчабыз кетип атат
Мындан үч жыл мурун Эмил Асанов OS Negiz программасын түзүп чыккан, ал Американын Microsoft фирмасынын OS Windows программасы менен атаандаш жана ошондой эле башка дүйнөлүк Linx, Java, Symbian, Palm ОСуларынан кем калышпай иштеп берет. Бирок дүйнөлүк компьютерлердин көпчүлүгүн OS Windows басып алган, аз-маз OS Linx ээлеген. А OS Negiz болсо кыргыз, англис, орус тилдеринде сүйлөйт. Кааласаң кыргызча версиясын компьютерге отургузуп алып иштей бер. Баарыбызга белгилүү OS Windowsдун орусча версиясында аз-маз орусча сүйлөп келип эле англисче сүйлөп кирет. Туура эмес иштеп буйрук берсең эскертүүчү терезече ачылып, сенден баланча-түкүнчө системалык файлды өлтүрөйүнбү деп англисче сурайт. Биз ага түшүнбөй эле Ok деген нукурун (кнопка) басып коёбуз. Бүттү ошону менен компьютерибиз бузула баштайт, анан 500-1000 сом төлөп жаңы OS Windows отургузууга туура келет.

Кыргыз кибернетиктерин Япония, Америка баалайт
Азыр TamgaKIT компьютердик программасы менен бирге тил боюнча мамлекеттик комиссиясынан бекер эле StarDistти (Кыргызча-орусча сөздүк 40000 сөздөн ашык, Юдахин), 9 миң сөздөн ашык терминологиялык сөздүктү, кыргыз тилин окутуу программасын көчүрүп алса болот. А башка кыргызча программалар коммерциялык баада сатылып жатат. Кызыгы, жогорудагы программалардын бар экенин билбеген кишилер көп. Жадагалса университеттердеги информатика факультеттеринин студенттеринин бул тууралуу кабарлары жок. Айтсаң угуп алып компьютерди да кыргызча сүйлөтсө болобу деп таңданышат. Чынында биз кыргыздар өзүбүздүн интеллектуалдарды байкабай, баалабай жатабыз. Чет өлкөлүктөр, Америка, Россия, Япониядагылар кыргыз кибернетиктерине заказ беришип көптөгөн компьютердик программаларды жасатып алышат. Мамлекет жана эл тарабынан колдоого алынса, ал кибернетика тармагы да биздин текстиль тармагындай жакшы өнүгүп кете бермек.

Акылдууларыбыз жакыр, акмактарыбыз төбөл
Баарыбызга белгилүү болгондой кинотеатрды, радиону телевизор жутса, телевизор, китепкана, гезит-журнал жана башкаларды компьютер жутуп баратат. Дагы кайсы бир убакта мектеп, университетти да жутат. Эл билимди компьютерден алып калат. Дегеле, кыргыз эли шыктуу келет, ар нерсени тез эле өздөштүрөт. Бир гана жетекчи төбөлдөрүбүздү тандап шайлоону, анан аны кантип иштетишти өздөштүрө албай жатабыз. Кыжаалат болгон эл улам бир президентин көмөлөтө түртүп, айласын таппай кыйналып-чайналып жатат. Ал ортодо окумуштуулар апенди кейпин кийип, бааланбай калды. Анан кантип өнүгөбүз, айткылачы?

Мелис СОВЕТ уулу 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.