Жамал Сейдакматова: “Жан дүйнөмдү эзген ойлорумду көркөм тасмага түшүрдүм”

Кыргызстанда “Тагдырдын өгөй балдары” аттуу жаңы көркөм тасма тартылып бүттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине тасманын жаратуучусу, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова билдирди.

“Бүгүнкү күндөгү өспүрүм, жаштардын татаал тагдырларын көрүп-билип жүрүп, түтпөй кеткенде көркөм тасмага түшүрдүм”,-дейт актриса. Ал өзү тарбиялап жаткан балдардын өмүр таржымалын угуп көрүп, акырында ыйлагандыгын, ушундан кийин кино тартууга белсенгендигин айтты.

“Бул фильмди тартуу менен акча табайын, же атагымды чыгарайын дегеним жок. Өзүм 92 жаштагы кемпирдин ролун аткардым. Ошол образ менен жаштарга өмүр бою топтогон тажрыйбамдан насаат кылып айткым келди”,-дейт Жамал Сейдакматова.

Мындан сырткары таланттуу актриса кино тасма куралып, үндөрү жазылып бүткөндүгүн, жакында чоң экранга алып чыгууга ниеттенип тургандыгын айтып: “Бул көркөм тасма союз учурундагы “кыргыз керемети” делип даңкталган фильмдерге жакын болуп кетет. Азыркыдай атышкан, чабышкан кинолордой эмес, тескерисинче адеп-ахлак маселесин козгоп, жаштарды абийирге чакырат”,-деп кошумчалады Ж. Сейдакматова.

Жолдош Жусупов, «Кабар», 23.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.