Кыз узатуу салты 7 дубанда

Илгертен эле кыргыз эли кыз узатуу салтына чоң көңүл бөлүп, ал тургай бул азем 40 күнгө чейин уланган экен. Ал салттардын бир нечеси өзгөрүп, жок болуп же кошулуп отуруп биздин күнгө чейин келип жетти.

ЧҮЙ
Чүйдө көпчүлүк салттар жоюлуп, азы гана сакталган. Кызды алып кетер күнү “сөйкө салуу”, “күйөө баланы жүгүнтүү”, “эки тарап бири-биринен кызы же баласы үчүн көрүндүк алуу”, “келгендердин бирин катып коюп, аны аукцион аркылуу кайра туугандарына сатуу” деген бар. Андан тышкары күйөө бала тарап “кешиги” деп бир койдун этин бышырып, таттууларын, арак-шарабын көтөрө келишсе, кетерде кыз тарап да ушундай эле кешикти болочок кудаларына салып беришет. Ошондой эле Чүйдө “дасторкон жыяр” деп кыздын кызмат кылып жүргөн жеңелерине кудалары акча ташташат.

ТАЛАС
Алгач кыздын ата-энесине калыңдыкка берилчү малын жеткирип эки-үч адам келет. Сый иретинде мал байлап келген нокто менен кошо “нокто боо” деп үй ээлери акча карматышат. Андан кийин гана кызды алып кетүү үчүн болочок күйөө бала туугандары, достору менен келип түшөт. Күйөө баласы кыздын туугандарына 3 ирет жүгүнүп кирмейи бар. Ага кыздын жеңелери көрүндүк беришет. Дасторкон четинде күйөө бала тарап кыздын ата-энесине алгач “ачуу басары” деп акча беришет. Таласта да “жезденин чөнтөгүн аңтармай” ырымы бар. Мында эки балдызы, бири жездесинин, бири анын жолдош баласынын чөнтөгүнөн акча жана белектерди алышат. Кызды алып кетерде кайындарына көрсөтүп, жүгүнтүп, жеңеси көрүндүк жыйнайт. Көп учурда кызды өзүнүн агасы көтөрүп барып машинага салып берет. Кээ бир аймактарда алигиче кыздын чоң энеси кошок айтуу менен узатуу салты сакталган.

НАРЫН
Нарындан келин алган Ильяз Абдыразаковдун апасы Уулкан эжени кепке тарттык.
– Биз алгач кызды алып кетүү үчүн кудаларыбыздын үйүнө барганыбызда, салт деп Ильязды киргизбей, өкүл атасы менен өкүл апасы сыртта ката туруусу керек экендигин уктук. Анан бир топтон кийин гана алып келип, кыз тараптагылардан көрүндүк алышты. Кызды да бизге көрсөтпөй катып, акырында жеңелери апкелип көрүндүгүн алышты. Мен ошол жерден ага жоолук салдым. А бизде, Ошто келинди кыздын үйүнөн көрсөтчү эмес. Сыртка чыкканда да көшөгө менен курчап чыгышат. Кийит кийгизишти эле, биз ага ырымы деп акча карматтык. Кетерде күйөө баланы катып, биз балабызды сатып алдык. Айтор, бир топ өзгөчө салттары бар экен. Мен бир канча жылдан бери шаарда жашап, салт дегенди унутуп бараткан экенмин.

ЖАЛАЛ-АБАД
Жалал-Абаддагы кыз узатуунун салттары туурасында Исакова Мөөркан, Бакыбаева Таалайкан апалар төмөнкүлөрдү айтып беришти.
– Бизде кыз узатууда күйөө бала тарап кыздын үйүнө тойлугун алып келишет. Буга отун-суусунан баштап союшу, күрүч, сабиз, май, таттуулары жана жер жемиштерине чейин кирет. Андан тышкары “күйөө куржун” деген бар, кээ бир жерлеринде муну “жан баштык” деп аташат. Бул куржунду жигиттин жеңеси даярдап келип, ичине айымдарга арналган буюмдар салынат. Баса, “балдыздары жездесинин чөнтөгүн аңтармай” салты да бар. Эң кызыктуусу, бул дубандын көпчүлүк жеринде кыздын үйүндө жаштарга нике кыйылып, жоолук салышып, кайындарынын алдында биринчи ирет келин жүгүнөт (кээ бир аймактарында “кыз өз үйүндө жүгүнбөйт” деп жүгүнтүшпөйт). Тогуз-Торо районунда кийиттин ордуна белек катары кудагыйларына алтын тагышат. Кудаларды тай союп тосууга аракет кылышат. Кызды жер бастырбай, агасы көтөрүп машинага салат. Үйдөн чыгар маалда күйөө баланын жана анын жолдошторунун бут кийимдерин кыздын жеңелери катып, алардан акча өндүрүп калышмайы да бар. Кыздын артынан жеңелери менен кошо өз апасы да барат.

БАТКЕН
– Баткенде көпчүлүк учурда кыздын калыңын төлөп, себи менен кошо алып кетишет. Күйөө бала тарап тууган-уругу, достору менен келип, кыздын үйүндө конокто болушат. Болочок күйөө бала менен анын досторуна атайын дасторкон даярдалат. Ал тасмалга коюлган түрдүү даам-татымдар “Тогуз табак” деп аталып, аны жолдош балдар (адатта, 30-40 жигитке чейин бара беришет) кыздын жеңелеринен акчага сатып алышат да, же жеп түгөтөт, же толугу менен үйлөрүнө салып кетишет. Дагы бир өзгөчөлүгү, уул тарап кыздын кийимин өздөрү алып келип кийиндирет. Бирок кызды үйүнөн болочок кайындары көрө алышпайт. Алдын ала сүйлөшүүлөргө карата кийиттери болот. Баткенде муну “сарпай кийгизүү” деп коюшат. Кызды үйдөн алып чыгар алдында жеңелери жашырышат. Шарт боюнча, баланын жолдоштору аны кайра сатып алышы керек. Адатта, бул 500 сомдон 1000 сомго чейинки суммага бааланат,- дейт баткендик Анара Курманбекова эже.

ОШ
Оштун ар районунун салты ар башка. Замандын талабы менен атаандашуу күчөп отуруп, каада-салт да татаалдаша баштады. Мисал катары Өзгөн районунун тургуну Осмонова Шарапат апа буларды айтып берди:
– Алгач күйөө баланы көрсөтпөй бир убара кылышат жеңелери, көрүндүк сурап. Күйөө баланы кыздын жеңелери жүгүнтүп, алдына килемден баяндоос төшөп, анан үйгө киргизишет. Үйгө киргенде күйөө балага деп атайылап жасалган төшөк салынат. Балдызы келип кулагын чоюп, акча өндүрөт. Бир убакта жеңелери келишет, ысырык салып. Аластаганга да акча беришет куда, күйөө балдар.
Кызыгы, күйөө балдар кыздын жеңелерин “чайыңыз чыкпайт го” деп чайнектин оозуна нан салып коюп сынап, шарап-таттууларды өндүрүшөт. Садага чабуу деген бар. Күйөө балдарга атап улак союлуп, анын өпкөсүн кыз менен жигиттин жеңелери алып келип кыз-күйөөгө чабыш (тийгизиш) керек (сыртынан белдемчи ороп, жоолук жабышат). Акырында кыздын үйүнө келген күйөө баланын бут кийимин катып, кыстырмайлардан алышат.

ЫСЫК-КӨЛ
Көлдө күйөө бала үч жолу жүгүнүп кирип келери менен “чай узатмай” деген ырымын кылат. Мында кыздын жеңеси куюп берген чайды күйөө бала конокторго сунуп отурат. Бул “кызмат кылып жатат” дегенди билдирет. Андан соң балдыздары жездесинин кулагын чоюшат. Кулагын чойгон сайын жездеси чөнтөгүнө камдап келген белек-бечкектерин берет.
Кезек кызга жетип, кайындарына көрсөтүп, жеңеси көрүндүк чогултат. Кыз узаар маалда жеңелери коноктордун бир-экөөнү алдап жетелеп барып, туугандарынан катып коюшат. Калгандары аларды кайра акчага сатып алышат. Мындан тышкары “жан баштык” деген салт көлдүк туугандарда да бар. Бирок алар кыз тарапка апкелип эле бере салбастан, кадимкидей соодалашып сатышат. Акырында кызды салып кетип баратканда анын апасынын этегине таш бастырып, үйгө отургузуп коюшат. Бул «кеткен кыз барган жеринен козголбой, бакыт тапсын» деген маанини билдирет.

Чолпон Сүйүнбаева, «Супер-инфо», №460 26-август – 1-сентябрь, 2011-жыл

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.