Пил, бегемот жана түлкү

(жомок)

Илгери-илгери өтө амалкөй түлкү жашаптыр. Бир күнү ал “кичинекей болсом да эң күчтүү жаныбарларды, пил менен бегемотту жыга алам” дейт да, оюн ишке ашырууну ойлой баштайт. Акыры бегемотко келет да:
– Бегемот, сен эң күчтүүсүң. Мага окшогон алсыздарга жардамдашып койчу, сураныч? Жалгыз уюм анча алыс эмес жердеги сазга тыгылып калыптыр. Канчалык аракет кылсак да чыгара алган жокпуз.Жардамдашпасаң болбой калды. Бөөдө уюм өлүп калбасын,- дейт ыйламсырап.


– Болуптур. Узун аркан таап, анын бир учун уюңдун мүйүзүнө байла. Ал эми экинчи учун ушул жерге алып келип, менин колума кармат. Уюңду саздан оңой эле чыгарып алам.

Түлкү үйүнө барып узун аркан алат да, анын бир учун бегемотко карматып:
– Аркандын бир учун уюмдун мүйүзүнө байладым. Эми бир аз күтө тур. “Тарт!” деп кыйкырганымды угарың менен дароо тарта башта,- деген түлкү чуркаган бойдон жакын жерде жүргөн пилге келет.

– Пил, мага сен гана жардам бере аласың. Уюм сазга тыгылып калды. Аны эч ким чыгара албай койду,- деп калп эле муңканымыш болот.

Түлкүнүн айтканын уккан пил:
– Кантип макул болбоюн? Кайсы сазга тыгылды эле? Барып аркандын бир учун мүйүзүнө байлап, экинчи учун мага алып келип бер. Бат эле чыгарып берем.
– Жарайт, пил! Менин “тарт!” деп кыйкырганымды угарың менен тарта башта. Макулбу?
– Макул. Бара бер.

Түлкү шашкан бойдон жүгүрүп кетет. Ошентип, бегемот кармап турган аркандын экинчи учун пилге карматат да, “тарт!” деп кыйкырат. Бир эле арканды эки учунан тартып жатышканын пил да, бегемот да билбейт. Пил күчүнүн болушунча тартат. Бегемот да ошентет. Экөө тең жан талашып, улам-улам тарта беришет. Чарчаган пил “бул эмне деген уй эле? Аябай чоң го, кыязы” деп ойлонсо, бегемот “оңбогон бул уй жөнөкөй эмес го” деп өзүнчө ачууланат. Бир маалда аркан ортосунан үзүлүп кетип, пил менен бегемот эки жакка “күп” этип кулап түшөт.

Ошентип, түлкү “эки зор жаныбарды амал менен тоголоттум” деп эстеген сайын күлүп жүрөт экен.

“Супер-инфо”

Соц тармактар:

One thought on “Пил, бегемот жана түлкү

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.