Датка эненин өз түспөлү кайда?

Бул саптардын жазылышына экономика илимдеринин кандидаты Жээналы Парманасов мырзанын “Кыргыз Туусу” гезитинин 31-майдагы санына жарыяланган “Жүйөлүү сөз жүлүнгө тиет” аттуу рубриканын астында жарыяланган “Датка энебиздин датын ким угат?” деген жүйөлүү макаласы түрткү болду.

Азыр бизде эмне көп, фонд көп. Биз бул макалада алардын ар бирине токтолбой эле Ж.Парманасов мырзанын жогоруда мен айткан макаласына кайрылалы. Анда мындай деп айтылат. “Курманжан датка” фондусу болуп алып, Өкмөттүн, мекемелердин жана элдин эшигин каккылап, “канышага эстелик тургузабыз”, – деп алааран алып, эми минтип энебиздин аброюна шек келтирип, сейил бакка коюлуучу, бүгүнкү күндөгү жаш аялдын сөлөкөтүн Бишкек шаарынын ортосуна орнотуп, бетине “Курманжан датка” деп жазып, эстелигин тургузду. Эстелик деген, маданиятты сактап, аны улантуу, улуу инсандардын өз элесин түбөлүккө калтыруу болуп саналат. Ал эми фондунун максатын, ниетин мен таптакыр түшүнбөй турам, эмне, Курманжан энебизге окшобогон таш сөлөкөттү түбөлүккө сактап калуубу, келечекте нагыз Курманжандын элесин жоготуубу?! Фондунун жетекчилери, эмне, энебиздин сүрөтүнөн кабары жокпу? Тигил таш аялдын Курманжан энебиздин келбети-турпатына бир дагы окшоштугу жок. Аны койдурган кишилер: атын жазып койсок эле аталган адам өзү чыга келет деп ойлошсо керек.

Ушул окуянын уландысы болуп, көз ачып-жумгуча эле кинотасма пайда болду деп жүрүшөт (аны көргөндө да өз оюбузду айтаарбыз). Курманжан датка үчүн десе эле Өкмөт да, жалпы коомчулук да каражатты аябай берерине фондунун жетекчилери ишенип алышып, акча эле чогултмайга өтүштү. Бирок, тилекке каршы, чогултулган каражат түздөн-түз  Курманжанга тиешелүү изилдөө иштерине жумшалдыбы, же жокпу, аны көзөмөлгө алган эч ким жок, отчет да беришпейт!»

Баса десең, даткага арналган эмен багына жакын жердеги таш эстеликтин астындагы жазууну алып койсо, аны кыргыздын келбеттүү аялдарынын бири деп айтса болот. Бирок, ал Курманжан энебиздин биз көрүп жүргөн сүрөттөрүнөн айлансын. Сүрөттү фин президенти Маннергейм 1905-жылы биринчи тартып алган экен. Ошондон 1964-жылдарга чейин эч ким ал сүрөт жөнүндө билген эмес. Сүрөт тартылган кезде Датка энебиз 95 жашта экен. Кийин биздин басма сөздөргө анын бир уулу жана кызматкер жигит менен бирге түшкөн сүрөтү, ат минип бараткандагы сүрөттөрү чыга баштады. Ошондон тарта биз Датка энебиздин отургучка да, ээрге да омоктуу отурганын көрүп, анын карылыкка моюн бербей кайраттуу, эң салабаттуу экенин таанып биле баштадык. Бизге ал сүрөттөр ошонусу менен кымбат. Ал жогоруда биз айткан кайдагы бир таш катындан асман-жердей алыс. Курманжан датка – бул тарыхый инсан. Ал тарыхта ошол кайталангыс сүрөттөрү менен да калды. Ал көркөм, жасалма образ эмес. Ага Кыргыз Республикасынын элүү сомдугундагы анын өзүнө гана таандык ажайып кебете, келбети да күбө. Аны жогорудагы фондунун жетекчилери тааныгысы келбейби? Аларда элди ушинтип эле кооздук менен алдап койсо болот деген ишеним чоң болсо керек!

Учурунда Токтогулдун эстелигин тургузардан мурда Сүрөтчүлөр союзунун имаратынын залына акындын болочок эстелигинин бир далай айкелдери коюлуп, элдин кеңири  талкуусунда болгон. Ошондо пикирлер жазылуучу китепчени журналист катары атайын жайынча окуп чыкканым бар. Анда элдин негизги бөлүгү Гапар Айтиев жасаган Токтогулдун азыр опера жана балет театрынын оң капталына коюлган айкелин жактырышкан эле. Анткени, ал акындын эл көрө жүргөн өз түспөлүн чагылдырган. Анда да Токтогулду керилте кийиндирген, бирок өң-түспөлү бөлөк-бөтөн айкелдер болгон. Алар кооздук үчүн эле. Алар ошол ой-пикирлер аркылуу четке кагылган.

Эл сөзүн эске албагандыктын дагы бир кесепети борбордук аянтка коюлган “Эркиндик” аттуу эстеликтин жакында алынып салышы болду. Ооба, кыргыз баласы алты канат ак өргөнүн түндүгүн эч качан кыз балага көтөрткөн эмес. Андай түндүктү эки жигит бакыбат бакан менен чымыркана көтөрүүчү. Алты канат ак өргө эмес, кадыресе эле боз үйдүн түндүгүн да эркектер гана көтөрүп келген. Анын ырым-жырымдык да, салттык да жөрөлгөлөрү болгон. Аны эстеликти жасагандар билбесе да керек. Балээнин баары ошол ата-тегибиздин байыртан келе жаткан салт-санаасын унутуп же ага жеткире маани-маңыз бере албай калгандыгында болуп жатат. Аны учурунда элдин талкуусуна койсо мындай болбойт эле.

Бул жерде айталы дегенибиз “Курманжан датка” делген жогоруда биз кеп кылган таш эстеликтин ордуна Датка энебиздин өз элечеги, жакалуу чапаны, өз өң-түспөлү менен эле кайра калыбына келтирилген бакыбат айкелин тургузуу жөнүндө болуп жатат. Антпесе, болгондо Датка энебиздин кылым карытып келаткан сүрөттөрүн таанып, республикабыздын элүү сомдугундагы ажайып келбетин фонддун жетекчилери орното салган таш эстеликтеги башка аялдын турпатына карама-каршы койгон болобуз. Буга коомчулук да, тарых да жол бербесе керек деп ойлойбуз.

Эми Жээнбай мырзанын макаласындагы: “…Датка энебиздин тууган- туушкандарын көптөн бери ойлондуруп жүргөн ой-пикирлерге кайрылууну туура көрдүм”,– деген ой учугуна учкай кайрылып көрөлү. Анда мындай саптар бар: “…Курманжандын экинчи уулу Махмудбек орус изил­дөөчүсү Н.П.Ювачевге “апам Гүлчөдө төрөлгөн”, – деп жооп берген. (“Исторический вестник” 1907-ж.) А биз болсо Курманжан Ошко жакынкы Жапалак деген айылда туулган экен, деп окуп билип келатабыз. Ушул эле макалада Жээнбай мырза: “Гүлчө айылында негизинен баргы уруусу жашайт. Бул айылдын батыш тарабында Асанбийден Алымбек туулган. Анын чыгыш тарабында Маматбайдан Курманжан туулган” деп дааналап, айтып жатпайбы. Анан кайдагы Жапалак айылы жабыштырылып жүрөт. Ырас эле мындай тактоону талап кылган маалыматтар кайдагы бир орус окумуштуулары (анын ичинде биздин арабыздагы тарыхчы дегендери да бар)  чүргөй саалгандыктан пайда болгону шексиз. Жээнбай мырзанын макаласында дагы бир кызыктуу маалымат жүрөт. Анда: “1983-жылы Өзбекстандан келген орус айымынын Алымбек, Курманжан жана алардын балдары жөнүндө романы басылып чыккан. Анда Курманжан Алымбектин жана Кокон хандыгынын архивин сактап жүргөнү келтирилет. Аны да Самаркандагы Улукбектин обсерваториясынын изилдөөчүлөрү келип, архив менен таанышып, өздөрү менен ал архивди алып кетишкен. Ал турсун Курманжандын баласы Камчыбектин кызы, энебиздин небереси Бүжай Абу-Саид Мазгум деген өзбекке турмушка чыкканы айтылат… Орус айымынын бул китебин кыргыз тилине которуп, элге, Курманжандын мааракесине тартуу кылынса, кыргыз эли үчүн эң бир баалуу табылга болот!” деп айтылат. Ырас эле бул китепте далай маалыматтар бар болсо керек. Аны которуу фонддун иши болуш керек эле.

Азыр фонд Ысык-Көлдөн жер бөлдүрүп алып, ага датка эненин атынан ээлик кылып калууга жандалбас уруп жаткандай түрү бар. Ага деле мейли. Ал комплекс Алымбек датка менен Курманжан датканын атуулдук иштерине кызмат кылып кетсе кана! Анткени, бул эки инсандын бири-биринен бөлүп кароого болбой турганы жогоруда сөз болгон архив баянында айтылып турат. Кеп, анын артынан түшүп таап келүүдө, аны, Ысык-Көлдөгү комплекстин музей-залына жайгаштырууда турат. Ага фонд дегендин чама-чаркы жетер бекен же өздөрүнүн көр пенделик чөйрөсүнөн алыстай албай, ара жолдо калтырар бекен! Аны убакыт көрсөтөр, күтө туралы.

Ажымукан ТҮРКМӨНОВ, КР маданиятына  эмгек сиңирген ишмер,
ардагер журналист
, “Кыргыз Туусу”, 12.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.