Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун II Бүткүл дүйнөлүк фестивалы өтөт

6-11-сентябрда Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун II Бүткүл дүйнөлүк фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын маданият жана маалымат министринин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль улуттук каада салттарды өнүктүрүүгө, аны сактап калууга салым кошуп жаткан адамдарды бириктирет. “Иш чара ар улуттун элдерин тынчтыкка чакырат”- деп билдирди министрликтен.

Фестивалдын алкагында этнографиялык “Кыргыз көчү” деген аталышта шаарча, Борбор Азия көл өнөрчүлөрүнүн жарманкеси, ар улуттун элдеринин салттарынын парады, илимий конференция, симпозиумдар өтөт.

Мындан тышкары, борбордук аянтта театрлашкан шоу-программа, улуттук кийимдер көрсөтүлөт.

Махабат Момуналиева, «Кабар» МА, 05.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.