“Кабыландын” балдары

Эгемендүүлүктүн шарданы менен улуттук ат оюндардын бири “Көк бөрү” боюнча таймаш болду. Башта 13 команда оюнду баштаса жарым финалда төрт команда ойноду. Төртөө тең мен-мен деген күчтүү командалар болгондуктан келген сүрөөнчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Айрыкча биз сөз кыла турган көлдүн “Кабылан” командасы мыкты оюн көргөздү. Топтун ичинен мыкты оюнчу аталып байгеге ээ болгондор да болду. Тай казанга төрт улак салып, мыкты оюнчу болгон балбан билек жигиттердин бири Элдиярды кепке тарттык.

Элдияр Тургунбеков, “Кабылан” командасынын чабуулчусу: “Чыныгы эркектер Көк бөрү ойношот”
Командадан канча оюнчу оюн талаасына чыгат?
– Оюн талаасына 12 бала чыгат

– Командада чабуулчу, коргоочу дегендер барбы?
– Албетте, коргоочу, чабуулчу, улак илчү болот.

– Командаңарда улакты ким илет?
– Ордого командадан улакты илүүгө Урмат Мусаев БТР деген аты менен чыгат. Командабызда Урмат чабуулчу дагы.

– Оюндун жүрүшүндө атты жакын жолотпой жалтактаткан аттарды көрдүм.
– Ооба, алар атайын үйрөтүлгөн аттар. Сиз айткандай ар бир эле ат жанына жолотпой жалтаңдата албайт.

– Улакчыга эмне керек?
– Улакчыга ык, күч, ат керек.

– Баш байгени алабыз деп айта аласыңарбы?
– Биз менен беттеше турган командалар да утулабыз деп келишкен эмес. Андыктан бардыгы кудайдын буйругунан болот.

– Экипировка тууралуу айтсаң?
– Оюнга чыгуу үчүн жакшы тигилген өтүк керек, защитник керек. Өтүк аттар менен кагышканда буттун этин оорутпайт.

– Улак тартышка канча жашыңан келгенсиң?
– Кабылан командасы түзүлгөндө эле, 15-16-жашыман келгем. Азыр 20 жаштамын.

– Чыныгы эркектер хоккей ойношот дешет. Көк бөрүнү кимдер ойношот?
– Хоккей жөн эле оюн го. Өзүңүз көрүп атасыз “Көк бөрү” кандай оюн экенин. Хоккей оюнунда киши менен киши коюшат, а Көк бөрүдө киши менен ат менен коюшуп атышат. Чыныгы эркектер Көк бөрү ойношот.

Тилек Урманбетов, “Кабылан” командасынын капитаны: “Казактар чакырып атат”
Бул спортто жүргөнүңүзгө канча болду?
– 10 жылдын жүзү болуп калды. “Кабылан” командасынын капитаны, коргоочусу, чабуулчусу дагымын.

– Финалга даярдык кандай?
– Даярдыгыбыз жакшы эле, оюн көрсөтөт. Күчтүүсү жеңет. “Суусамыр” командасында да күчтүү жигиттер бар.

– Эң эсиңизде калган оюнду эстесеңиз?
– 2000-жылы 20 жашымда ушул жерге оюнга келгем. Кончу узун, санга чейин өтүгүм бар эле оюндун жүрүшүндө атка сүйрөлүп калгам. Баары буту жулунуп кетти деп коркушуптур. Ошол оюн эсимде калыптыр.

– Формаңарды ким каржылайт?
– Өзүбүздү-өзүбүз эле каржылайбыз. Оюндан тапкан акчаны сарптайбыз. Андан бөлөк да иш кылабыз. Өзүм Саруу айылдык кеңешинин төрагасы болом. Дыйканчылык менен алектенем.

– Аттарга кандай кам көрөсүздөр?
– Ат адамдын канаты делет эмеспи. Аттарды деле адамдай даярдыктан өткөрөбүз. Азыр көбүнчө таза кандуу аттар ойноп атат. Мурда кыргыз жылкылар ойночу, азыр кыргыз жылкылары менен аргындаштырып атабыз. Аттарды атайы ветеринардын көзөмөлүнөн өткөзүп турабыз. Аттарды көздүн карегиндей сактайбыз.

– Башка командалардан сунуш түшкөнбү?
– Ооба, түшкөн. Мурун башка командаларда деле ойногом. “Кожомкулда” дагы 1-2-командада ойнодум. Башынан эле капитан болуп келем. Утуп да, утулуп да келгенбиз. Ушул жерде 10 команда ойносо 10-орунду алган учурубуз болгон. Көк беттенип жүрүп ийгиликке жетишип атабыз.

– Улакчыны кесип деп айтууга болобу?
– Албеттe кесип, хобби да десек болот. Азыр балдар контракт менен иштешет. Көк бөрүнү мен деген эр азамат, эр жүрөк жигиттер ойнойт.

– Командага оюнчуларды сынак менен кабыл аласыздарбы?
– Албетте, бул жерде ар бир бала эле ойной бербейт. Элдин аурасы болот, 2-3 миң киши келип карап отурат. Боевой дух, жүрөк керек. Жалпылап айтканда бардык жактан төп келиш керек.

– Алдыда кандай пландарыңар бар?
– Кудай буюрса казак боордоштор чакырып атат ошол жакка даярданып жатабыз.

– Эркин микрафон.
– Эгемендүүлүк алганыбызга 20 жыл болуп отурат. Элибизге бейкутчулук, тынчтык каалайм. Келе жаткан шайлоодо жакшы, татыктуу президент шайлап алсак дейм. Элибизде токчулук, ынтымак болсун.

Тынчтык САДЫРБЕК уулу, «Асман пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 01.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.