Гимн менен желек өзгөртүлөт

Өлкөбүз эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгын белгилээрдин алдында коомчулук жана айрым саясатчылар  мамлекеттик атрибуттарды кайрадан жаңылоо керектигин айтып чыгышкан эле. Өзгөчө гимн менен желектин маселеси катуу көтөрүлгөн. Көпчүлүк муну менен макул болуп, желектин түсүн өзгөртүү керек дешсе, тилчилер гимдин сөздөрүн алмаштыруунун кажети деле жок деп чыгышкан. Кээ бир саясатчылар атрибуттарды алмаштырууну саясий оюн катары көрүшүп, азырынча саясатта бул теманы көтөрбөй туралы деген ойлорун айтышкан.

Бирок, өлкөбүздүн  20 жылдык эгемендүүлүгү  белгиленээри менен маселе кайрадан козголуп, гимндин сөздөрүн алмаштыруу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия анын текстин өзгөртүү керек деген чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Абдырахман Маматалиев билдирди. Маалыматка ылайык,  комиссия маселени кылдат карап чыгып, гимндеги 5-6 сөз эки ача маани берип тургандыктан, аларды башка сөздөргө алмаштыруу керек деген жыйынтык чыгарышып, аны менен гимндин авторлору да макул болушуптур. Андыктан, бул маселе ушул ай ичи Жогорку Кеңештин сессиясында каралмай болду. Ага кошумча, желектин түсүн өзгөртүүгө да бел байланууда. Депутаттык комиссия азырынча желектин 9 үлгүсүн коомчулукка алып чыгалы деп турушат. Массалык маалымат каражаттары аркылуу элге желектин түркүн варианттары сунушталып, кайсынысы жакса, ошол тандалып алынат. Бул маселе боюнча да сөзсүз жыйын болот.

Ал эми эгер биз жакын арада атрибуттарыбызды алмаштыра турган болсок, анда ага бир топ каражат талап кылынат деген пикирлерге азырынча жооп жок. Гимн менен желекти алмаштыруудан кийинки иштер кандайча жүрөөрү кийин чечилет. Бирок, жакында эле биз борбордук аянттагы “Эркиндик” эстелиги аз убакыттын ичинде алынып, анын ордуна Манастын айкелинин тургузулушуна күбө болдук. Бул да биздин материалдык бир баалуулугубузду алмаштырууда чоң кадам болду десек болот. Анткен менен  мамлекеттик атрибуттарды алмаштырып коюу эстеликти алгандай оңойго турбас. Али бул маселе боюнча түркүн ойлор, кайчы пикирлер чыгаарында шек  жок. Айрыкча  20 жыл бою дүйнөлүк аренада белгилүү болуп келген желегибизди алмаштыруу бир топ аракетти талап кылаары күмөнсүз.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА, “Эркин Тоо”, 06.09, 2011 ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.