Биз силерди сагындык!

Адамдын табияты ушундай болот турбайбы, ар ким өзүнүн жаш мезгилинин маданиятын сагынат экен. Азыркы улуу муундун өкүлдөрү да өз мезгилинин музыкасын, ырын, ырчыларын сагынат. Классикага айланып калган ырларды, шедевр чыгармаларды, булбул үндүү ырчыларды, мукам ырды жараткан композиторлорду азыр да сахнадан издеп келишет. Эл сагынган таланттар Аксуубай Атабаев, Калыйбек Тагаев, Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушева, Гүлсүн Мамашева, Эрмек Мойдунов, Токон Эшпаев ж.б. ооздорунан түшүрүшпөйт. Эмесе, улуу муун сагынган ал өнөрпоздор азыр эмне менен алектенээри туурасында азыноолак маалымат бере кетели.

Гүлмайрам Момушева
“Күн чыгышым” деп ырдап, күн чыккандай көрөрман, угармандарды кубантып келген Гүлмайрам Момушева азыркы күндө Сокулук районунда айыл жеринде жашап келет. Көпчүлүк алгандай эле пенсиясы бар. Гүлмайрам эжеге жолуккандар “Бири кем дүйнө” деп анын азыркы татаал тагдырына кейип келишет. Ошентсе да, анын талантын кастарлагандар азыр деле аны жетелеп келип, сахнага чыгарып койсо, баягыдай эле ырдап чыгаары бышык деп айтышат.

Эрмек Мойдунов
Коңур үндүү Эрмек Мойдунов агабыз Филармонияда 40 жылга жакын, Улуттук консерваторияда 10 жылдай иштеп, азыр алтымыштын алтысына чыгып, үйдө эс алып жүргөн чагы. Балдар үйүндө тарбияланган классик ырчы алгач курсташы Аксуубай Атабаевдин “Эне жөнүндө баллада” аттуу ыры менен кеңири таанылган.
Мындан 3-4 жыл илгери “Жүрөктө калган ырлар” деген аталыш менен, мурдагы чыгаан ырчыларды чогултуп, Кыргызстандын аймагын кыдырып, концерт уюштуруп келишкен. Өзү тең курдуу ырчылар чогулган “Биз силерди сагындык” аттуу концерттерге да катышып турат. “Мен өмүр бою бир эле аялым менен жашап келем” деп өмүрлүк жары, КР Эмгек сиңирген артисти Жаркын Балыкбаева менен уул-неберелерин жетелеп, карылыктын бактылуу күндөрүн өткөрүп келет.

Зейнеп Шакеева
Зейнеп Шакеева эжекебиз журналисттерге абдан ачык. Жашоосу, өнөр жолу тууралуу кызык-кызык аңгеме куруп берип, окурмандарды кубантып келет. Аксуубай Атабаевдин айтылуу “18 жаш” аттуу ырын ырдап, 18 жашында турмуш куруп, бактылуу болду. Эсептесе, кырк жылдан ашуун мезгилди сахнага калтырыптыр. Азыр неберелерин жетелеп, эс алууда жүргөнү менен, “Биз силерди сагындык” аттуу концерттерде жана башка иш-чараларда фонограммасыз ырдап калмайы да бар. Азыр да сыны кетпей жаш кездин бир элесин ала жүрөт. Министр айтылуу Кондучалова эжекебиз ал кездеги артисттерге толуп кетпегиле деп эскертип турганы азыр да эсинде калыптыр.
Өзү жашаган Бишкек шаарынын Ленин району ага “Райондун ардактуу атуулу” деген наам берди.

Аксуубай Атабаев
Обончу, аткаруучу, мукам обондору менен кыргыздын музыкалык өнөрүн байыткан Аксуубай агабыз профессиялык-техникалык окуу жайлардын Маданият үйүн көп жылдары жетектеп келип, эми ардактуу эс алууга чыккан убагы. Аталган Маданият үйүнө жакында анын ысымы берилди.
Өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл областынын жетекчилери ага областтын “ардактуу атуулу” деген наам ыйгарды. Өткөн жазда Аксуубай ага элге чыгармачылык концертин тартуулады. Чыгармачылык жаш-карыга карабайт дегендей, эми да чыгармачылык эргүү менен күн өткөрүп жатат. Ал эргүү да бир күнү обон болуп, ыр болуп атылып чыгаары алдыдадыр.

Калыйбек Тагаев
Кичинесинде учкуч болсом деп тилек кылып келген Калыйбек агабыз ырдын учкучу боло алды. Калыйбек аганын “Долон” деген ыры эле эмнеге татыйт, баа жеткис.
Калыйбек агабыз дале күүлүү-күчтүү, “артымда уул калып, ал менин өнөрүмдү улантса” деп жүрүп, төшөк жаңыртып алган.

Токон Эшпаев
Керме-Тоодо жашаган, азыр Ош шаарындагы Рысбай Абдыкадыров атындагы филармониянын “Санат ордо” тобунун солисти Токон Эшпаев агайыбыз Эгемендиктин 20 жылдыгынын урматына “Кыргыз эл артисти” деген ардактуу наамга ээ болуп, кубанып турган чагы. Кечирээк болсо да эмгеги бааланып, урмат-сыйга бөлөнгөнүнө жетине албай, өнөрлүү кыздары Акмаанай менен Акзыйнатты кошуп алып, күзүндө эл аралап, чыгармачылык отчет бергенге камынууда.

Сүйдүм Төлөкова
85 жашка келгенде КР Эмгек сиңирген артисти деген наам алган темир комузчу Сүйдүм Төлөк эжекебизди жакында Якутияга темир комузчулардын бүт дүйнөлүк конкурсуна чакырышыптыр. Самолетто жүрүү бул куракта кыйын болоор деп, Сүйдүм эже ал концертке шакирти Айгүл Абышеваны жиберсе, шакирти “виртуоз” делинип, биринчи орунду алып келгенине жетине албай турат.

Гүлсүн Мамашева
Берки курбуларынан айырмаланып, Гүлсүн Мамашева азыр деле сахнага арбын ырдап чыгып, өз көрөрмандарын кубантып келет. “Искусство чоң саз, андан чыккандар чыгып, чыкпагандар батып кетет” дегенге кошулуп, активдүү чыгармачылыгын калтырбай, мемуар китебин да чыгарды. Апасын кубантып, уулу Марат Ибраев да капыстан чоң сахнада ырдай баштады.

Даярдаган Айгүл Бакеева, «Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 06.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.